Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:54

“Кыргыз Туусу” гезити 22-апрелде чыккан санында президент Алмазбек Атамбаевдин “Биз иштешибиз керек, башка жол жок!” деп айтканын баштема кылып президенттин апрелдин он жетисиндеги Таластагы жолугушууда сүйлөгөн сөзүн жарыялады.

“Санжыра” борборунун директору, жазуучу Асыкбек Оморов “Идеологиябыздын бир багыты” аттуу макаласында 40 томдон турган кыргыз санжырасын жазуу үчүн ушу тапта кандай иштер жүрүп жатканын кеп кылды.

Чаектик ардагер Сабырбек Акматовдун “Улуу устат комузчу Кулмамбет” деген баяны, журналист Бактыгүл Чотурованын “Композиторлордун корифейи - Калый Молдобасанов” аттуу макаласы да “Кыргыз туусу” гезитинин жаңы санында.

Баратбай Аракеевдин бул жолку макаласы “Кезектеги парламент таза болор дейли” деген ат менен “Фабуланын” жаңы санына жарык көрдү. Автор азыр Юстиция министрлигинен каттоодон өткөн 148 партия барын, көбү кагаз жүзүндө экенин, он чактысы эмдиги парламенттен орун алабыз деп колдорун ушалап турганын белгилеп, азыркы парламентте олтурган партиялардын бир даары шайлана албай калышы мүмкүндүгүн белгилеп, “Ата Мекен” партиясынын айрым мүчөлөрүнө мародерлук боюнча кара көө төгүлгөнүн, ал эми “Ата-Журттун” Камчыбек Ташиев баш болгон депутаттары соттолуп чыкканын, “Ар-намыстын” башчысы Феликс Куловдун да бир топ иштери турганын, “Республиканын” депутаттарынын коррупцияга аралашканы бар экенин, КСДПда колунан эч нерсе келбегендер арбындыгын эске салып, эми кийинки келе тургандары кандай болор экен, деги тазараак болсо экен деп ой калчады.

Ушул эле гезитке мурдагы вице-премьер-министр Токон Мамытовдун “Кыргызстандын 135 миң гектар жери Тажикстанга өтүп кеткен” деген ат менен маеги жарык көрдү.

Мистикалык реализмдин атасы аталган дүйнөлүк улуу жазуучу Габриэл Маркестин дүйнөдөн кайтканы тууралуу чакан макаланы жазуучу Меңдибек Асылбеков жазып берди.

Баратбай Аракеев кийинки макаласында кыргыздарда да илгерки бай-манаптарын даңазаламай кызуу жүрүп келатканына, илгери аларды кедей-кембагалдардын жонунан кайыш тилген эзүүчү тап катары окусак, бүгүн баары эле эл баатырлары, кыргыздын тагдырын ойлогон патриоттор болуп чыга келгенин, маселен, Алайда бир-эки коктуну башкарган жана орустардан “датка” наамын алган чоң энебиз Курманжан “Манастагы” Каныкейден да өтө жаздаганын, муну менен катар эле акылы ашкере жаралган Мойт аке, Сарт аке, Тилекмат аке сыяктуулар тууралуу жазылгандар да арбын экенин, албетте, акылмандарыбыздын айткан акылына дайыма муктаж болорубузду айтып, “бирок дал ушундай “акелердин” катарынан орун алгысы келген Ташкул Керексизовдун кайсы акылын үйрөнөбүз?” деген суроону койду. Аракеев андан ары "бир кезде Таластын губернатору болуп, анан бүтүндөй бир облусту Чүйгө жатып алып телефон менен башкарып турганын, же Аскар Акаев менен анын аялы Майрамдын “кошелегу” болгонун үйрөнөбүзбү? Демек, Керексизовго окшогон жасалама “акелердин” бүгүн кереги жок” деп жазды.

“Алиби” гезити Монополияга каршы күрөшүү агенттигинин жетекчиси Бабырбек Жээнбеков менен маектешип бир катар суроолорго жооп алды.
Ал “Билайн” уюлдук компаниясынын бирдик жүктөө баасын кымбаттатып ийгенине токтолуп, азыр ал 9-10 сом эмес, баштапкы баасы болгон 5 сомго, ал эми айрым жерлерде 3 сомго чейин түшүрүлгөнүн, эки тараптын макулдашуусу менен жумушчу тобу түзүлгөнүн, эгер жумушчу топ туура эмес деп жыйынтык чыгарса, Монополияны жөнгө салуу органы чечим кабыл алуу менен бирдикти жүктөө кызматы үчүн алып жаткан 5 сомду токтотууга буйрук берерин билдирди.

Депутат Улукбек Кочкоров ушул эле “Алиби” гезитиндеги чакан маегинде чек ара маселеси бийликтин аброюн түшүрүп келатканын, жумушсуздуктан, жашоо-шартынын начардыгынан, күнүмдүк чыр-чатактан тажаган эл туулуп-өскөн жерлерин таштап, алды Казакстан менен Орусияга, арты Чүй өрөөнүнө иш издеп кетишкенин, ушинтип миграция токтобосо, жергиликтүү чек арадагы элге шарт түзүлбөсө 5-10 жылдан кийин жерлерибиз толугу менен коңшулардын карамагына өтүп кетерин белгиледи.

“Алиби” гезити ошондой эле журналист Дайырбек Меймановдун бүгүнкү күндөгү орус саясатына болгон байкоолорун ортого салды.
XS
SM
MD
LG