Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:03

Биримдикти сактап калуу парзыбыз


Бишкек. 23-июль, 2013-жыл.
Бишкек. 23-июль, 2013-жыл.

Гезиттер улуу Токтогулдун 150 жылдыгына арналган салттуу музыка өнөрү тууралуу жазып чыгышты.

«Де-факто” гезити белгилүү коомдук ишмер Медеткан Шеримкуловдун интервьюсуна окурман көңүлүн бурду. Башынан көптү өткөргөн тажрыйбалуу саясатчы Кыргызстандын ар бир жараны президенттен тартып катардагы кишиге чейин, бийлиги болобу, оппозициясы болобу, кимиси болсо дагы Кыргызстандын биримдигин сактап калуу зарылдыгына, кыргыз деген титулдук улут экенибизди айткандан эч качан коркпошубуз керектигине токтолду. Көп партиялуулук тууралуу сөзүндө Шеримкулов партиялардын кызматтарды бөлүп алганы туура эместигин, Кыргызстанга сырттан келген кредиттин көлөмү үч жарым миллиард доллардан ашуун болгонун, мына ушунун баарын бийлик башына келгендер, аткаминерлер, алардын жакындары жеп-жутуп салбаганда Кыргызстан небак өнүгүп кетмегин белгиледи. Шеримкулов өзү жөнүндө суроого жооп берип жатып, жакында бир партияга кирип туруп алдыдагы шайлоого толук катышары мүмкүндүгүн, саясатка аралашып, билимин эл үчүн жумшаганга али күчү жетерин билдирди.

“Де-факто” гезитинин бүгүнкү санынан “Ислам Каримовду 1-катчылыкка апкелген кыргыз” деген макаланы, жазуучу Нуралы Капаровдун Салижан Жигитов жөнүндө жазгандарынын уландысын, депутат Кожобек Рыспаевдин жаңы өкмөт, фракциялар жана кен байлыктары тууралуу курган маегин, Боршайкомдун мурдагы төрагасы Акылбек Сариевдин шайлоо тууралуу айткандарын окууга болот.

“Фабула” гезити СССРдин эл артиси, атактуу комузчу Самара Токтакунованын “Музыкалык мектеп салууга 5 жылдан бери жер тилкесин сурап жүрөм” деген маегин тартуулады. Самара эжебиз 5 жылдан бери өзүнүн комузчуларды окутуп чыгара турган мектебин ачайын деп 5 жылдан бери жерге жете албай чуркап жүргөнүн, өкмөт болсо көңүл бурмак тургай угуп да койбогонун айтып кейиди.

“Фабуланын” ушул эле санына таланттуу акын Тургунбек Бекболотовдун жаңы ырлары басылып чыкты.

“Алиби” гезитине “23 жылдан бери мындай доо арыз болгон эмес” деген макала жарык көрдү. Макалада 1 миллион АКШ доллары көлөмүндө айып салынып, иши сотто каралып жаткан “Деньги и власть” гезити туурасында кеп болот. Гезиттин башкы редактору Турат Акимов мындан эки күн мурда сот болуп, эми аны 20-майга жылдырып койгонун, бирок баары бир сот акыйкаттыгына ишенбей тургандыгын, соттор эки жылдан бери бийликтин буйрутмасы менен аталган басылмадан 1 миллион долларды төлөтө албай келатканын, Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын мурдагы башчысы Григорий Бубель Гюнтер фон Хагенске мумия кылганга деп Кыргызстандан 200 өлүктү сатып жибергенин, гезитке ошол тууралуу жазылган китептен үзүндү жарыялагандыгы үчүн соттолуп жатканын, анан 200-300 кишинин өлүгүн саткан адамдын аброюн ушинтип 1 млн. долларга баалап, гезитти соттон сотко сүйрөп жүрүшкөнүн, дүйнөдө өлүктү эч ким сатпаганын айтып интервью берди.

“Жаңы агым” гезити эстрада ырчысы Мерген Турган менен маектешти. Анара Дүйшөналиеванын макаласы салттуу музыка жумалыгына арналды.

Журналист Тынчтык Алтымышев “Базардан баар тапкандар неге заар чачышты?” деген макаласында “Кудайберген” базарындагы маселелердин тамырын тартып көрдү.

Назгүл Калмамбетова макаласын “Байыйм десең тоок бак” деп атаса, Зайырбек Ажыматов макаласында “Аксыда быйыл төө буурчак мол болот” деп кубанды.

"Кыргыз туусу" гезити кыргыз ойчулу Чоюн алп Өмүралиевдин “Кыргыз мамлекеттүүлүгү: кечээ, бүгүн, эртең...” деп аталган, уландысы дагы канча санга жарыяланары белгисиз эмгегин жарыялай баштады. Ал гезиттин бүгүнкү санынын толук тогуз бетине басылып чыкты.

Президент Алмазбек Атамбаевдин 2014-жылды Мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылы” деп чыккан жарлыгына сүйүнгөн Чоюн алп аталган макаласында: “Чыкты! Акыры чыгууга тийиш эле, чыкты - Президенттин жарлыгы! Атамбаевдин мамлекетчил чечкин кадамдары зор мааниге ээ жана ал өлкө ичиндеги “элим-мамлекетим үчүн жаным курман” деген манасчыл философияда жашаган миңдеген адамдардын башын бир уюлга уюта ала турган кудуретке ээ" деп жазды.

"Президенттин эл алдындагы, кечээги тарых-келечек муун алдындагы Элбашылык милдет-жоопкерчилигин чечкин мойнуна алып кескин чыгышы анын калк тагдыры үчүн керек болсо “канжыгадан көрүшөм” деген кашкөй саясатынан кабар берет. Атамбаевди элдик чечкин колдоо зарыл!” деп жазып чыкты Чоюн алп Өмүралиев.

“Кыргыз туусу” гезити мындан тышкары Жол чарба департаментинин башкы инженери Шабданбек Иманкуловдун “Жол-экономиканын артериясы” деген маегине да окурман көңүлүн бурду.
XS
SM
MD
LG