Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:08

2-майда чыккан кыргыз гезиттерине баяндама.

“Фабула” гезитиндеги “Берчи мага жарым кашык жакшылык” деп аталган макаласында Баратбай Аракеев элди эмнелер бузуп, баарынын кыгы-жини кантип аралашып жатканына жаны кашайды.

Генерал-майор Өмүрбек Кутуев Апрель соту тууралуу сөз кылып, прокурор Нурлан Турсункуловду 15 жылга эркинен ажыратуу чечими туура эместигин, ага адамдарды атууга буйрук берген деген күнөө коюлуп жатканын, прокурор деген эч качан антип буйрук бере албастыгын, укугу да жоктугун, буйрук берсе да прокурордун буйругун милийсалар аткарбастыгын, “аткыла” деп рация менен Жаныш Бакиев буйрук берип жаткан соң ошол күнөөлүү экенин, Жаныштын айтканын кайталап кошо буйрук берген Данияр Дунганов күнөөлүү экенин, Дунгановдун буйругун аткарган командирлер күнөөлүү экенин айтты.

Жанкороз Эсенгелдиевдин “Ак-Түздөгү афера же израилдик “инвестор” деген макаласы, “Гео Резерв” коллективинин президент Атамбаев менен Жогорку Соттун башчысы Жамашевага жазган кайрылуусу да “Фабуланын” ушул санында.

“Де-факто” гезити бүгүнкү санын Каныбек Кадыралиевдин “Ара төрөлгөн” акыйкатчы же “мини кошелек” деген макаласы менен ачты.

Депутат Карганбек Самаков “Кудай буюрса, быйыл боз үйүбүз кыргыздын тарыхый мурасы катары ЮНЕСКОго катталганы турат” деп интервью берип, кийинки шайлоого ал өзүнүн “Биримдик” деген партиясы менен барарын билдирди. Карганбек Самаков өткөн жылы саламаттыкты сактоо тармагына Жапониядан оорулууларга аба менен суудай керек болуп аткан гемодиализ аппаратын алганга макулдашып келсе эми ошону орнотконго Кыргызстандан орун табылбай жатканын, министр Сагымбаевага “орун таап бергилечи?” деп кат жаза берип тажаганын, жок дегенде “кереги жок” деп үн катып да койбогонун, айласы кеткенде сессияда “Ушундай министрдин барынан жогу” деп отставкасын талап кылганын, эгер ушул аппарат орнотулуп калганда бөйрөгү ооруган 60тай адамдын өмүрүн сактап калмагын кан какшап баяндады.

“Де-фактонун” бүгүнкү санына таланттуу жазуучу Нуралы Капаровдун “Карл Маркс Касым Кушубаковго капа болгондо” аттуу болгон окуядан алып жазган документалдуу аңгемеси жарык көрдү.

“Алиби” гезитине маек курган экономист Айылчы Сарыбаев Бажы биримдигине кирсек эптештирип жашап аткан элге чоң сокку болгон менен чоң бизнесмендерге пайда түшөрүн кеп кылып энергетика маселесине токтолду. Ал электр энергиясын кымбаттатабыз деп жаткандар өлкөдө элдин тынчтыгын бузуп, Атамбаевдин позициясын бошоторун, энергетикалык кризистен чыгуу үчүн чөнтөк менен ойлонбой баш менен ойлонуш керектигин, баягыдай эле уурдап келаткандар, керек болсо жеке кызыкчылыгы үчүн кылмышка барууга даяр тургандар бар экенин белгиледи.

“Электр энергиясынын кымбаттоосунан бийлик алмашып кетиши мүмкүн” деп саясатчы Азимбек Бекназаров да интервью берди.

“Айбат” гезити “Бир коррупционер үчүн революция жасоо туура болобу?”, “Бир болдун” катарында криминалдар барбы?”, “Эмгек ырын ырдай турган убак келди”, “Суу ичкен кудугуна түкүргөн Исмаил Исаков”, “ММК” булактары саясий оюндардын куралы болбош керек” деген макалаларды басты.

“Жаңы агым” гезити 2012-жыл президенттин жарлыгы менен май айынын үчүнчү жекшембиси “Энелер күнү” деп белгиленгенин, бул күндү татыктуу белгилөө чүнү Муктарбек Өмүракунов атындагы фонд жана КТРК “Энелер - эл куту” аттуу майрамдык иш-чараны 10-майда өткөргөнү жатканын, жети облустан тандалып келген кадырман энелерге Боорукер Эне, Кадырман Эне, Мээрман Эне деген өңдүү он түрдүү даража акчасы менен кошо ыйгарыларын кабарлады.

Аталган гезит “Түндүкэлектро” ачык акционердик коомунун директорлор кеңешинин мүчөсү Сапар Аргынбаевдин “Азыр Артыкбаевдин схемасы иштеп жатат” деген интервьюсун басып чыкты. Качан болсо калыс сөзүн айтуудан кайтпай келаткан Аргынбаев энергетика тармагы Ширшовдордун убагында кандай болсо дал ошол бойдон келатканын дагы бир жолу белгилеп өттү.

“Азия ньюс” гезитиндеги маегинде генерал Мирослав Ниязов “Бийликтеги чийки саясатчылар өлкөнү “мүлжүп жатат” деп, өлкөнү Конституция эмес, заман эмес, адам оңдоорун, 20 жылдан бери канчалаган саясатчы чыккан менен мамлекеттик бир ишмер чыкпаганын, саясатчы деген өз кызыкчылыгын мамлекеттин кызыкчылыгынан жогору койсо, мамлекеттик ишмер деген акылын, билимин бүтүндөй элге, мамлекетке жумшарын, жылына 150 млн. долларга нан сатып аларыбызды, 80 миң тонна кумшекер, 60 миң тонна өсүмдүк майын да сырттан алып келерибизди айтып, “Кыргызгазды” 40 млн. доллар банкротко учураткандарды жазалап, кустургандын ордуна шашылыш сатуунун зарылдыгы бар беле?” деп суроо койду.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG