Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:43

“Айат” гезити “Муктар Өмүракунов атындагы фонд” энелерди кантип сыйлаганын жазып чыкты.

“Учур” гезити өз алдынча мамлекет болдук деп дымагыбыз ай чапчыган менен ошол мамлекетти ооздугу, алтургай чылбыр, тизгини жок атка окшотуп кое берип, өлкө ичинде эмне болуп жатканын билбей, билсек да тартипке сала албай жатканыбызга жанды кейитип, мунун бир мисалы катары радикалдуу ислам күн санап күчөп, жалган сакал коюп алып төргө чыгып, төрдү тепсеп баратканын белгиледи.

Президент Алмазбек Атамбаев адегенде намазга жыгылып, анан жамандыкты сезгенден кийин сакалчандарды сестенткен катуу билдирүү жасаганын, бирок көнүмүш болуп калгандай айтылган сөз айтылган бойдон калганын, бийликтин мунусун жакшы билген исламчыл топтор тынч жатпаганын, Улуттук коопсуздук комитетинин маалымат катчысы Рахат Сулайманов жакында Сирияга барып келгенин, Кыргызстанда террорчулук жасоого камынган 25 киши кармалып, азыр абакта олтурганын, ал ошондой эле Сириядан алып келген эки кыздын бири 17, экинчиси 27 жашта экенин, бири Сирияга барары менен сойкулуктун тозогуна түшкөнүн билдиргенин кабарлады.

Угармандардын эсине сала кетели, дагы бир келин күйөөсү жана 9 жаштагы баласы менен Сирияга кетип, күйөөсү менен уулу согушта өлгөндөн кийин ал жердин сакалчандары келинди дагы бир жанкечти сакалчанга никелей салганы маалымдалган.

Ушул эле гезит депутат Өмүрбек Абдрахмановдун “Үркүн - орус империясы тарабынан кыргыз элине жасалган эң чоң трагедия” деген, энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаевдин “Элден эптеп акча чогултуу эмес, жарыксыз калтырбоонун аракетин көрүп жатабыз” деген интервьюларын, экономист Сапар Орозбаковдун “Бузуку” Батыштын дурусу жана бурушу” деген макаласын басты.

“Азия ньюс” гезити “Бишкек” эркин экономикалык аймагынын башкы директору Орозбек Нусувалиевдин маегин тартуулады. Нусувалиевди социалдык тармактарга Адил Турдукулов кабинетте олтуруп алып сындап, анын дегендерин депутат Өмүрбек Абдрахманов колдоп чыкканын, себеби Абдрахманов кезинде “Бишкек” эркин экономикалык аймагын иштетчүмүн деп эки имарат алып, кийин жанындагы дагы бир имаратты аларга кошуп сатып ийгенин, колунда далилдей турган документтери барын, Абдрахманов ошого чычалап жатканын айтты.

Нусувалиев муну менен бирге эле бүгүн иштегендерге бала бакча, жатакана салынып жатканын, мамлекетке зыян келтирген 381 ишкана жабылганын, 10 имарат жана 7 гектар жер кайра кайтарылганын, Майрам Акаеванын айылдашы Кошоев деген адамдын тамеки цехин кармап алганын, аны жок кылгысы келген адамдар “Дело №...” гезитине 17 миң сом берип жамандатып жаздырганын, ушу кезде “Дело №” жана “Вечерний Бишкек” гезиттери менен соттошуп жатканын, алар кечирим сурай турган абалга келишкенин билдирди.

“Мекен инфо” гезити “Кыргыз концепт” ишканасынын директору Эмил Үмөталиевдин “Туристтер пикет-митингдерден эмес, мыйзам бузуулардан коркушат” деген интервьюсуна окурмандардын көңүлүн бурду. Белгилүү ишкер Бажы уюмуна кирсек саясаттан да, соодадан да аксарыбызды, ансыз да ишсиз олтурган элетте жумушсуздук дагы күчөрүн, Бажы уюму үч мамлекеттин үстөмдүгүн сактап калуу жана изоляциялык саясатты жүргүзүү үчүн түзүлгөнүн, бизге ал үч өлкөнүн жанында кичинекей көз каранды мамлекет болуп көздөрүн карап жашагандан көрө башка 180 өлкө менен байланыш түзүп, эркин соода кылып турганыбыз алда канча жакшы болмогун түшүндүрдү. "Азыркы бийлик сизди канааттандырабы?" деген суроого Эмил Үмөталиев: "Бийликке эч качан сыйынбаш керек" деп жооп берди.

Бажы биримдигине кирүү боюнча депутаттардын ой-пикирин бүгүн жарык көргөн “Айат” гезити да жарыялады. Абдыжапар Бекматов: - Колдойм,- деп, Ташполот Балтабаев: - Колдойм же колдобойм деп айталбайм,- деп, Бакыт Жетигенов: - Алгач кыйналабыз, анан жакшы болот, - деп, Азамат Арапбаев: - Кирсек чек ара маселеси чечилип, Орусия менен Казакстанга оңой каттап калабыз, ишке орношуу жакшырат, - деп, Турсунбай Бакир уулу: - Коркунуч бар. Эгер Орусия, Белоруссия, Казакстан бизге жеңилдик берсе кирсек болот, бербесе кирүүнүн зарылдыгы жок, - деп, Назарали Арипов: - Эгер элге пайдасы тийсе кириш керек, тийбесе кирбеш керек, - деп, Анвар Артыков: - Колдойм, - деп жооп беришти.

“Айат” гезитине “Муктар Өмүракунов атындагы фонд” ак элечек апалардын ак батасын алды” деген макаланы жарыялады. Анда аталган фонд менен “Замандаш-Современник” партиясы “Энелер - эл куту” деген майрам уюштуруп, өлкөнүн жети дубанынан тандалып алынган кадырман апаларга сый-урмат көрсөткөнүн баяндады.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG