Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:01

“Асман плюс” гезити кыргызча суудай билген, 23 жылдан бери Бишкекте жашап, иштеп келаткан жапон күйөө балабыз Ито Хиронори менен кызыктуу маек курду.

Укук коргоочу Качкын Булатов көмүр тармагы баягыдай эле ичип-жемей, тартипсиздик менен коррупциядан арылбай, арылмак турсун күчөп жатканын бүгүн жарык көргөн “Азия ньюс” гезити аркылуу айтты.

“Оппозиция эмне үчүн мурдагы эки президенттин убагындагыдай таасирдүү боло албай калды?” деген суроого коомдук ишмер Ишенбай Кадырбеков “Оппозиция көтөрчү көйгөйлүү маселелердин баары парламенттеги талаш-тартыш аркылуу чечилип, оппозиция куржалак калууда. Парламенттик башкаруу орногон өлкөлөрдө эч качан революция болбогону тарыхта далилденген, ошондуктан азыркы оппозицонерлерге кыйын болуп жатат” деп жооп берди.

Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Райымберди Дүйшөнбиевдин маеги “Чек араны күзөтүүдө чабандардын эмгеги зор” деген ат менен жарык көрдү.

“Айат” гезити ички иштер министринин орун басары Курсан Асановдун маегин жарыялады. Түштүк аймагындагы чек ара маселесине токтолгон генерал Баткендеги чек арага жайгашкан айрым айылдар шахмат түрүндө жайгашып калганын, азыр ошолорду алмаштыруу жолу каралып атканын айтты.

Бишкек шаардык МАИ кызматынын башчысынын милдетин аткарып жаткан Эрлан Атантаевдин маеги да ушул гезитте.

“Асман плюс” гезити депутат Нарынбек Молдобаевдин “Учурунда оппозицияда төш каккандар бийликке жеткенде жаактары басылып калат” деген ат менен маек курду. Гезит кабарчысы ага: "Алайда жол бууган Акматбек Келдибековдун жактоочулары “Батукаевдин өмүрү токторуна үч күн калды” деп бошотуп ийип, ал эми экинчи ирет операция болгон Келдибековду дале кармап олтурат. Мындан улам сот системасында реформа жүрбөй жаткандай. Сиз эмне дээр элеңиз?" - деп суроо берди.

Ага депутат Молдобаев: "Соттор мурда кандай болсо азыр деле ошондой багытта бара жатат. Реформа дегени бир орундан жылган жок. Сот иштеринде мурдагыдай эле коррупциялык иштер болуп атканын угуудабыз. Ал эми Келдибековдун иши менен кенен таанышпаганым үчүн ал тууралуу эч нерсе айта албайм", - деп жооп берди.

Депутат муну менен бирге эле массалык маалымат каражаттарындагы жалган маалымат тараткандарды жазага тартуу мыйзамы кабыл алынып, президент колун койгон мыйзамды колдой турганын, биздин кыргыздарда бири-бирин чукуп, жаман жактарын издеген ит адат барын, ошондуктан ушул мыйзам жалгыз эле журналисттерге эмес, жалган жалаа жапкандардын баарына сабак болот деген ойдо экенин билдирди.

Нарынбек Молдобаев андан ары оппозиция жөнүндө сөз кылып, бир кезде “Үзөңгү-Куушту саттыңар! Каркыраны саттыңар!” деп демитип тургандардын баары бүгүн бийликте олтургандар болуп саналарын, бирок оппозиция болуп жүргөн кездеринде кыйкырып жүргөн ошолор бүгүн ошол жер саткандардын бетин ачып чыгуунун ордуна мелтейип унчукпай олтурушканын, көрсө бизде баягы ажылдап келатканда сөөк ыргыта койгондой эле кыйкырып келатканда кызмат бере койсоң жаны жай алып магдырап, үн чыгарбай калышарын, эл ошондуктан бүгүн оппозицияга да, бийликке да ишенбей калганын белгиледи.

23 жылдан бери жапон тилин кыргыз жаштарына үйрөтүп, Кыргызстанда жашап келаткан профессор Ито Хиронори маек куруп, аялы Нарындан болорун, ал жапон, орус, англис тилдерин жакшы билерин, үч уулу барын, өзү 48ге чыкканын, кадимки элдик ишкер Табылды Эгембердиевдин бир тууган бажасы экенин, кыргыз тилинин сүйлөнүшү жапон тилинин сүйлөнүшүнө окшош болгондуктан бат эле үйрөнүп алганын, комуз чертип, кыргызча ырдаарын, кыргыз эли жапон элине караганда көбүрөөк философ экенин түшүнгөнүн айтып,кызыктуу аңгеме курду бүгүн жарык көргөн “Асман плюс” гезитине.

Демейде үчүнчү күнү жарык көрүп келген “Тил жана маданият” гезити да бүгүн жарыкка чыкты.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG