Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:53

“Мекен инфо” гезити жаштар маселесине окурмандардын көңүлүн бурду.

“Мекен инфо” гезити бүтүрүүчүлөрдүн дээрлик баары чет өлкөгө барып иштеп келүүнү, жакшы акча таап, жакшы жашоону каалашарын, бирок чет өлкөгө баргандын баары эле жыргап кетпей тургандыгын белгилөө менен ушул маселенин айланасында ой жүгүрткөн пикирлерге орун берди. Кыргызстанда диплому жокторду мындай кой, дипломдуу жаштар иш таппай жүрөт. Болжол менен 1 миллиондой кыргызстандык чет өлкөгө чыгып кеткен. Ошол эле учурда кытайлыктар келип базарларда, заводдордо иштеп жатса, Тажикстандан келген кыргыздар талаада тер төгүп, үй-бүлөсүн алданемедей багып жатат. Эмне үчүн кыргыз жаштары өз жеринде тың жашай албай келет?

Германияда иштеген Марат Кожомкулов аттуу мекендешибиз күнөөнүн баары жаштардын өзүндө экенин, кыргыз жаштары аябай жалкоо болорун, бири да чындап кыйналып иштеп, мээнет кылып акча табайын деп ойлобостугун, башкаларды карап арданып, намыстанбастыгын айтуу менен Кыргызстандагы күрддөр менен дунгандарды мисалга тартат.

“Алар мал кармап сатып, талаада экпегенди эгип, кайнаган ысыкка карабай иштеп, минбегенди минип, кийбегенди кийип жашап келатат. Биздин кыргыз жаштар эки-экиден ээрчишип, көчө таптап, парктарда жүрүшөт же саясаттагы улуу муундардын жаман жоруктарын туурап өкмөттү жамандап жүрүшөт” дейт Кожомкулов.

Азыр аты экономфак, юрфак деп дүңкүлдөгөнү менен заты жок жогорку окуу жайларына караганда кесиптик-техникалык окуу жайлардын кадыры да, салмагы да алда канча жогору турарын барган сайын турмуш өзү далилдеп жатат. Кесиптик-техникалык окуу жайын бүтүргөн жаштардын 75-78 проценти жумушка орношот. Маселен Бишкектеги сантехник айына 40-50 миң сом айлык алат. Тигүүчү машиналарды оңдогон усталар да ушундай эле айлык алат. Темир уста, ашпозчу, ширетүүчү, чачтарач өңдүү кесиби бар жаштар чет өлкөлөрдө да жерде калбай, ишти оңой табышары баарыга белгилүү.

Жаштардын бул көйгөйү боюнча маек курган жаш саясатчы Мавлян Аскарбеков мындай дейт: -22 жылдан бери бийлик башында келаткан адамдар мамлекеттин бардык тармактарын талкалап, билимди да бизнеске айлантып тынды. Контракттык окуу деп атып ата-энелердин акчасын соргон жогорку окуу жайларында студенттердин дээрлик баары бааны акчага сатып алат. Баа сатылган жерде эч качан билим болбойт. Байдын да, кедейдин да баласынын билими бирдей. Бирдей дегенибиз экөөнүн тең билими жок. Бирок байдын балдары билими жок туруп эле ата-энесинин, өлкөдөгү коррупциянын күчү менен каалаган ишине орношуп алып иштеп кетет. Мекемелерде сагыз чайнап, компьютер ойноп олтурган жаштардын көбү өң-тааныш менен ишке алынгандар. 22 жылдан бери мамлекеттик кызматта жүрүп байыган адамдар жаштарга мамлекеттик кызматта туруп кантип уурдап, кантип пара алып, кызматты кантип сатып, кантип арамдык жол менен байлык күтүш керектигин үйрөтүүдө. Каякка барба, МАИ, тергөөчү, прокурор, сот, депутат, министр, деректир... Баары пара алмайынча ишке албасын жаштар көрүп, билип турат. 20-25 жылдан бери кыргыз жаштарына өз жеринде иштеп, бала өстүрүп, бактылуу жашаганга шарт түзө албаган мамлекет башчыларын мындай ишин өз элине жасап келаткан чыккынчылык катары бааласа туура болот,-деп айтты Мавлянов.

“Саясат KG” сайты “Коррупцияны жойбой туруп светти кымбаттатканга болбойт” деген макаласын жарыялады. Министр Осмонбек Артыкбаевдин айтымында электр энергиясынын тарифин көтөрүү калкты талап-тоноо эмес, тетиктеринин эскилиги 54 процентке чейин жеткен энергетика тармагын жаңы тетиктер менен жабдып, элди жарыксыз калтырбоо үчүн жасап жаткан аракет. Анын үстүнө энергияны пайдалануу жылына 5тен 7 процентке чейин өсүүдө. Министрликтин киргизген сунушу боюнча айына 300 кВт, кышкысын 600 кВт энергия жаккандар азыркы 70 тыйындын ордуна 1 сом 20 тыйындан төлөй баштайт. Баа акырындап олтуруп 2017-жылга чейин көтөрүлөт. Азыркы норма 300 кВт/саат. Мындан ашыра жаккандар 2017-жылы 1 сом 44 тыйындан, ашпагандар 86 тыйындан төлөшү керек. Жылуулукка да баа жогорулайт. Аны колдонгондор 70 тыйындын ордуна 2 сом 20 тыйындан төлөп калат. Бирок өкмөттүн бул сунушун Жогорку Кеңеш колдоого алабы? Кеп ушунда. Эгер депутаттар бул сунушту колдоп берсе эл нааразы болору турган иш. Айрыкча оппозиция баалардын көтөрүлүшүнө караманча каршы. Анын оюнча бүгүнкү бийлик энергетика тармагында Ширшовдун коррупциялык схемасынын тамырын кырка албай келет. Мисалы тармактын байкоочулар кеңешинин төрайымы Нурзат Абдрасулованын айтымында бул тармактагы коррупциялык схеманы жоймоюнча тарифти көтөрүү эч кандай оң жыйынтыкка алып келбейт.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG