Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:13

Атамбаевдин ачуу чындыгы


“Ачык сөз” гезити 4-сентябрда жарык көргөн санына президенттин Эгемендик күнүндө сүйлөгөн сөзүнүн төркүнүнө токтолду.

Бүгүн жарык көргөн “Азия ньюс” гезити “Ата Мекен” партиясынын лидери, көрүнүктүү саясатчы Өмүрбек Текебаевден “Замандаш” партиясы тууралуу пикирин сураганда, ал 200дөн ашуун партиянын ичинен өжөрлүгү, элге жакындыгы жагынан “Замандаш” партиясы бөтөнчө бөлүнүп турарын, партия карапайым калкка жасаган эмгектерин башкалардай болуп популисттик маанайда көрсөтө электигин, жасаса да чын пейлинен жасарын, Мухтар Өмүракуновдун көзү өткөндөн кийин ар дайым лидерге муктаж болуп келген “Замандаш” партиясына Рустам Мамановдун теңтөрага болуп келиши жакшы болгондугун, анткени Рустам Маманов өзгөчө түштүк аймагында калкка кайрымдуулугу, ишкерлиги менен таанылган жигит экенин, “Ата Мекен” партиясы өзүм эле дей бербей арттан келаткан жаңы муундун партиясын дайыма колдой берерин айтты.

Ушул эле гезитке маек курган Чүйдүн губернатору Канатбек Исаев “Биз “Көчмөндөр оюнунда” ийгилик жаратабыз” деп, Чүйдүн улакчылары бул оюнга катуу даярдык менен баратканын билдирди.

Мындан тышкары “Азия ньюс” гезити “Кыргыздын миллионер депутаттары” деген теманын алдында Жогорку Кеңештин 15 депутатынын аттарын атап, байлыгын, өткөн жылдагы тапкан кирешелерин санаган жадыбалды окурмандарга тартуулады.

“Ачык сөз” гезити күз келгенин, эгемендик күнүбүз белгиленгенин, ал майрамда президент сүйлөгөнүн, Атамбаевди быйылкы жылдын кургакчыл болушун, түштүккө коңшулардын газ бербей коюшун, Бажы биримдигине бут тосуулар, Кумтөрдүн ойноок колдой болуп кубулуп турганы, оппозициянын баш көтөрөбүз дегени ойлондурганын, президент анан өз сөзүндө элдин иши үчүн парламенттин өбөк-жөлөк боло алабаганына, өкмөттүн бечелдигине ичи чыкпаганын калайык калкка билдиргенин, кайырчыдай болуп кайсыл өлкөгө барбасын алаканын сунуп акча сурап жүргөнүн да жашырбаганына токтолду. Атамбаев бул ирет карандай чындыкты айтуудан тартынбаганын, өлкөнүн бүгүнкү абалы оор экенин, башка өлкөлөргө тизе бүгүп жүрө берип, ушундай абалга жеткенибизди өкүнүү менен айтканын, дал ушул кемчиликтерди атууга “ок” кыла коюп эптеп эле эл көзүнө бийликти алсыз, жарамсыз көрсөтүүнү максат кылган сасык саясатчылар бар экенин да жашырбаганын, албетте качан болсо эле ызы-чууну самап, чаң-тополоң кылып, алсам, жулсам деп жулунгандарга бүтүндөй бир өлкө тургай бир адамдын да жакшылыгы эч качан жакпастыгын, карапайым калк, бийлик кыш камын көрүп жаткан убакта андан кемчилик гана издегендерди калың журт колдойт дегендин өзү түркөйлүк экенин, ар бир адам кудайдан жакшылык тилеп, өз арабасын өзү кылдыратып, күз камын жакшылап көрүп, отун-суусун, чөп-чарын жетерлик камдап алса, өлкөсүнүн акыбалы кыйын кезеңде мен мамлекетиме эмне кылдым деп жашаса кор болбой жашарын, мээнеттүү күндүн артында ар дайым дөөлөттүү күн болорун жазды “Ачык сөз” гезити.

“Айат” гезитине интервью берген энергетика министри Осмонбек Артыкбаев “Көмүрдү өндүрүү көлөмүн 1 миллион тоннадан 1 жарым миллион тоннага жеткирдик” деп айтып, бүгүнкү күндө азыркы тарифтин негизинде энергетикага келип түшкөн акча 12 млрд. сомду түзгөнүн, ал эми кышка толук даярдануу үчүн 19 млрд. сом зарылдыгын, дефицит 7 млрд. сомду түзөрүн, кыштан кыйналбай чыгуу үчүн үч фазаны колдонгон үчүн акыны кымбаттаткан чечим кабыл алынганын, өлкө боюнча электр энергиясын пайдалануучулардын саны 1,2 миллионду түзсө, мунун ичинен 120 миң абонент үч фазалуу энергияны пайдаланып келатканын айтуу менен, калкка кайрылып электр энергиясын үнөмдөп колдонууга, электр тогун эле карап олтурбай, колдон келсе көмүр менен камсыз болуп алууга чакырды.

Аталган гезит Садык Шернияздын “Курманжан датка” фильминин айланасында бир катар көрүүчүлөрдүн ойлорун ортого салды. Журналист Балбак Түлөбаев:- Адамды ойлонткон, сезимди ойготкон, көздөн жаш агызып, дене бойду дүркүрөткөн эпизоддору жетишерлик мыкты тасма болуптур, - деп;

Кыргыз эл баатыры Бексултан Жакиев: - “Курманжан датка” элди биримдикке, ынтымакка үндөгөн, патриоттуулукка чакырган, кыргыз киносунун маданиятын көтөргөн тасма болуптур. Бул тасманын майда-барат нерселерине кийлигишип, терс сындарды айтып, жактырбаган жана көрө албагандар болушу мүмкүн, андайлар боло берет. Эң негизгиси жакшы тартылган,-деп;

Кинорежиссер Эрнис Абдыжапаров:- “Курманжан датка” биз күткөндөн да ашып түштү. Анткени тасмада кыргыз элинин биримдиги, мамлекеттин келечеги тууралуу эң чоң идея камтылган,-деп жооп берди.

XS
SM
MD
LG