Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:18

“Алиби” гезити бүгүнкү санын гезиттин башкы редактору Бабырбек Жээнбековдун “Өз көрүн өзү казгандар” деген макаласы менен ачты.

“Кыргыз туусу” гезити “Ар бир казактын канында кыргыздын, ар бир кыргызда казактын каны бар” деп айткан сөзүн баштема кылуу менен президент Алмазбек Атамбаевдин казак президенти Нурсултан Назарбаевдин чакыруусу менен барган мамлекеттик иш сапарын баяндаган журналист Азимжан Ибраимовдун макаласын тартуулады.

Гезиттин андан аркы беттери жалаң мааракелерге арналган макалалардан турат. Ошентип өткөн жумада көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиевдин 95 жылдыгы, айтылуу Шабдан баатырдын 175 жылдыгы, “Кыргыз туусу” гезитинин 90 жылдыгы белгиленди. Мааракеге президент баш болгон жетекчилердин куттуктоосу басылды. Муну менен бирге эле “Тойдон кийинки ой” деген рубриканын алдында “Депутаттын ыр кечеси, “Кыргыз туусунун” 90 жылдыгы: кайсынысы маанилүү?” деген макала жарыяланды. Анда гезиттин 90 жылдыгын өткөрүү боюнча түзүлгөн өкмөттүк уюштуруу комитетинин төрайымы Э. Сариева баш болгон мүчөлөрү, Билим, илим жана маданият, спорт боюнча комитеттин төрагасы Каныбек Осмоналиев төш болгон уюштуруу комитети куттуктамак турсун бири да юбилейге басып келип койбогонун, сыйлап чакырган депутаттар менен фракция лидерлери да келбегенин аталган гезит өкүнүү менен кеп кылды.

“Фабула” гезитине берген маегин өкмөт башчысы Жоомарт Оторбаев “Текебаев менен мамилем жакшы, бирок мен бир фракцияны укпайм” деп атап, чек ара маселеси, кышка даярдык, Кумтөр кени, кадр маселеси тууралуу суроолорго жооп берди. Казакстан электр энергиясын Кыргызстанга 5 сом 50 тыйындан сатканын, ал жакта электр энергиясына төлөмдөр биздин сом менен айлантканда төрт-беш сом экенин, эми сатып келген энергиянын баасын элге 2 сом 14 тыйындан берели деп чечкенин, калган чыгымын өкмөт жапмай болгонун, кыскасы бардык үйдө жарык болорун айтты.

Белгилүү кинорежиссер Темир Бирназаров “Кыргызфильмдеги” шылуундар, акча жемейлер, коррупция жана кино жаатындагы жагдай тууралуу кенен маек курду.

Театр маселесин андан ары Токтоболот Абдумомунов атындагы Академиялык драмтеатрдын мурдагы директору Марат Алышпаев улап: “Сманбеков театрда өз билгенин кылып, менин эмгегимди тебелеп жатат” деп интервью берди.

Буга улай эле таланттуу ырчы Айбек Саралаевдин “Тоюна чакырганда тоону томкором дейт, иш жүзүндө эч нерсе жок” деген интервьюсун окуйсуздар.

“Алиби” гезити бүгүнкү санын гезиттин башкы редактору Бабырбек Жээнбековдун “Өз көрүн өзү казгандар” деген макаласы менен ачты. Макалада өткөн 7-ноябрь, жума күнү чыга турган “Алибинин” жаңы саны чыкпай калганын, анткени 6-ноябрдын түнүндөбү же таңындабы, Токтогул менен Манас көчөлөрүнүн кесилишиндеги редакциянын кеңсесин талкалап, белгисиз бирөөлөр кирип тинтип кетишкенин, жумушка келген кызматкерлер тушкелди чачылган кагаздарды, чалкасынан жаткан сейфти көрүп, башкы редакторго кабарлашканын, анан ал эч нерсеге тийбей туруп Бишкектин Биринчи май райондук милиция башкармалыгына жана массалык маалымат каражаттарына кабарлаганын маалымдап, “Алибинин” кеңсесине көчөдөгү уурулар кирбегенине бөркүндөй ишенерин, анткени редакцияда ууру ала турган эч нерсе жоктугун, ууру кирсе ача албай койгон сейфти ары-бери тоголотпой эле 20 миң сомдук телевизорду, үстөлдө турган компьютерлерди алып баса бермегин, демек анын ою боюнча бул таңкы каракчылар атайын эле бийликтин тапшырмасы менен келгендер экендигин, кезинде Акаев менен Бакиевдердин көрүн өзүлөрүнөн мурда аларга жакшы көрүнгүсү келген жардамчылары казганын, азыркы бийликтин алаңгазар аткошчулары да ушинтип казып жатканын баяндады.

Өлкөнүн баш прокурору Аида Саляновага жана Коопсуздук комитетинин алдындагы Коррупцияга каршы кызматынын төрагасы Б. Казаковго жазылган кайрылуу кат “Ысык-Көлдөгү “жер мафиясын” жер менен жексен кылчу күч барбы?” деген ат менен жарык көрдү.

Депутат Урмат Аманбаева “Салянованын өзүнүн кимдигин ашкерелеп бергенге менде маалыматтар жетиштүү” деп интервью берди.

XS
SM
MD
LG