Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:41

УКМКнын илгерки жана азыркы кадыры


Гезиттер адаттагы “Жыл мыктыларын” атай баштады. 18-декабрдагы санында “Асман плюс” гезити “Жыл мыктыларын” атады.

“Асман плюс” гезити “Жылдын адамы” деп Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевди атады. Мындан башка дагы гезит мыкты деп тапкан 35 адам бар. Алардын бири - депутат Жылдызкан Жолдошева. Ушул куш кабардын алдына “Курманжан датка” тасмасын жаратуу биз үчүн оңойго турган жок” деген ат менен Жылдыз айымдын маеги жарыяланып, ал датканын атындагы фонд кантип уюшулганын, анан ал жөнүндө кино тартуу идеясы кантип пайда болгонун, алгач кимдер тартмакчы болгонун, фильмге акчаны президент Атамбаев бөлдүрүп бергенин, акырында Садык Шернияз тартып, азыр “Оскар” сыйлыгын алам деп турганын кенен кеп кылды.

Экс-прокурордун каты

“Азия ньюс” гезитинде “Бийлик коррупционерлерден куралганбы?”, “Атамбаев жана түштүк тыңчыкмалары”, “Легендарлуу прокурор”, “Бабановдун партиясынын ресурстары абдан күчтүү” деген аталыштагы макалалар бар. Буга улай эле белгилүү саясатчы Кубатбек Байболовдун “Атайын кызматты милициянын деңгээлине түшүрүштү” деген көлөмдүү интервьюсу басылып чыкты. Байболов тээ бир кезде НКВД, кийин 70 жылдай КГБ деп аталып, дүйнө жүзүнө “канжарчан кара плащ” деген каймана аты менен таанылган, ааламга айбатын да, сүрүн да көрсөтүп турган КГБ СССР менен кош ураганын, Кыргызстан өз алдынча өлкө болуп, атайын кызмат да жамандыр-жакшыдыр арабасын тартып келатканын, эки күндөн кийин чекисттердин кесиптик майрам болорун эске алуу менен КГБнын өткөнүнө, андан кийинкисине жана азыркысына кенен токтолду.

Өткөндө талантуу ырчы, Кыргыз эл артисти Гүлнур Сатылганова тууралуу ушул эле “Азия ньюстун” 11-декабрдагы санына “Гүлнур айым Элмурзаны сызга олтургузуп кеттиби?” деген маалымат басылган болчу. “Азия ньюс” бүгүнкү санына Элмурза Сатыбалдиевдин катын басты. Анда “Эч кимге мен аркылуу же менин атымды пайдалануу менен Гүлнурдун талантына же инсандык абийирине шек келтирүүгө жол бербейм. Экинчиден, Гүлнур эч качан менин же башка бирөөнүн жардамына муктаж болгон эмес. Анын көп жылдык эмгеги, эл баалаган зор өнөрү, маңдай тери менен тапкан дүнүйөсү өзүнө жетерлик. Анын эң башкы байлыгы – жалпы кыргыз журтунун ага болгон урмат-сыйы” деп жазылган.

Аталган гезиттин бул санына “Тогуз коргоолчулар мамлекет тарабынан колдоого алынбай жатат” деген ат менен Казакстандын улуттук курама командасынын машыктыруучусу Айнур Жакапбаеванын маеги тартууланды. Кабарчынын: “Кыргыз тогуз коргоолчуларына эмне жетишпей турат?” деген суроосуна ал, Казакстандын тогуз коргоолчулары мамлекет тарабынан бардык жагынан колдоого алынып, ал тургай стипендия берилип турарын, Кыргызстанда мына ушул жагы начар экендигин, мыкты ойногон оюнчулар колдоонун жоктугунан мелдешке катыша албай калганын байкаганын айтып берди.

Кадырды саясат кетиреби?

“Айат” гезити “Карганбектин кадырын кетиребиз дейби?” деген редакциялык макаласын басып, Карганбек Самаков эчкимге деле залалы тийбеген дипломат саясатчы экендигин, эл тарабынан шайланган депутат болорун, чуркап жүрүп ЮНЕСКОГО “Манасты” каттатканын, эми кечээ жакында эле боз үйдү каттатканын, жамандагандан көрө Карганбек Самаковго жөлөк-таяк болуп, эл үчүн иштеп жатканын колдоп, чогуу чуркап иш бүтүргөндө сонун болмогун жазды.

Буга улай эле ЮНЕСКОнун иштери боюнча Улуттук комиссиянын эксперти Динара Чочунбаеванын “ЮНЕСКОго бир жылдык мүчөлүк акы 66 долларды төлөй албай жүргөндө тың сынчылар кайда жүрдү эле?” деген аталыш менен маеги жарык көрүп, Динара Кытай тарабынан катталып калган “Манасты” Кыргызстанга каттатууда акча маселесин Карганбек чечкенин, акыркы кездери Самаковдун жасаган иштерин саясатташтырып ийгендер чыгып атканын, Баку шаарына жети манасчыны журналисттер менен Самаков алып барганын, келерки жылы буюрса “Көк бөрүнү” каттаталы деп турганын кеп кылып берди.

“Айат” гезити “Гүлнур Сатылганова эл сыйлаган чыныгы талант” деген ат менен айрым маданият жаатында иштеген адамдардын ой-пикирлерин окурмандарга тартуулады. Пикирлерин билдирген алып баруучулар Элмара Турсуналиева, Нуркыз Караева, журналист Кудрет Тайчабаров, актриса Ширин Сарыгулова, Кыргыз эл артисти Бакыт Тилегенов, ырчылар Айбек Саралаев, Жанета Бобковалардын баары бир ооздон Гүлнурдун талантын ар кандай ушак менен эч ким өчүрө албастыгын, аны оозуна алы жетпеген жалганчылар эмес, жалпы кыргыз эли сыйлап, урматтай турганын айтышты.

XS
SM
MD
LG