Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:57

Ырды чануу же кыргызга кыянаттык...


“Алиби” гезити диний аксымдык кыргызды улут катары жок кылууга алып барарын айткан окумуштуу Дилбар Чокоеванын маегин жарыялады.

“Кыргыз туусу” гезити “Мугалимдер кыргыз коомунун каймагы”, “Сот реформасы улантылууда”, “Менеджерлердин деңгээлин аткарылган иш аныктайт”, “Мамлекеттүүлүк улуттар ынтымагы менен бекемделет”, “Акжолтой болсун Акмарал” деген маалыматтар менен жаңы санын ачты.

Президентке караштуу Мамлекеттик тил комиссиясы тарабынан жарыяланган республикалык деңгээлдеги “Бөбөктай” сынагы жыйынтыкталып, төраганын орунбасары Алмаз Кулматов мыкты деп табылган чыгармалардын авторлоруна сыйлык тапшырып, 1-орунду акын Жакыпбек Абдылдаев, 2-орунду акын Ысмайыл Кадыров, 3-орунду акындар Элмира Төлөкова менен Эсенгул Чопиев, 4-орунду акын Жекшенбай Курманов жеңип алганын кабарлады. Булардын бөбөктөргө арналган ыр жыйнактары эми Мамлекеттик тил комиссиясы тарабынан өзүнчө китеп болуп басылып чыкмакчы.

Журналист Мырзакат Тыналиевдин жолбаяны “Түштүк Корея таасирленткен он күн” деп аталды.

“Алиби” гезити “Куурчак” болгусу келбей жатып колдоп берген депутаттар” деген кабарында бүгүн Москвада Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүү боюнча келишимге кол коюу иш-чарасы болорун, кечээ ушуга байланыштуу келишимдин долбоорун парламентке алып келгенде, комитет төрагасы Каныбек Иманалиев “Бизди жарга такабагыла! Кыргызстан силерге куурчакпы? Президентти сыйлайбыз, бирок бул маанилүү документ болгондуктан мыйзамдуу түрдө комитет төрагасынын колуна келиши керек эле. Жолдон эле кармата салган жарабайт. Анан дагы үч сунушту колдоп бергиле деп жатасыңар. Таанышып көрө элек сунушту кантип кабыл алабыз?”, - десе, депутат Турсунбай Бакир уулу “Колдоп кой десе эле колдоп бергидей, биз депутаттар мал эмеспиз”” деп чыкканын, бирок “тай туйлап такка чыкпайт” дегендей, парламент ошентип атып эле колдоп бергенин кабарлады.

Филология илимдеринин кандидаты Дилбар Чокоева маегин “Биз кыргыздар, ааламдашууга жарымыбыз кыргыз, жарымыбыз араб болуп киребизби?!” деп атап, аттуу-баштуу эле диний аалымдар менен молдолор элибиздин улуттук өзгөчөлүктөрүн эске албастан Куранды примитивдүү түрдө түшүндүрүү менен кыргызды кыргыз кылып бүгүнкү күнгө чейин алданемедей алып келген каада-салтынан, улуттук дөөлөттөрүнөн адаштырып, арабдаштыруу саясатын эч кимден кысынбай-этпей эле ачык жасап келатканын, эгер бүгүн арабдашып отуруп тилибизден, дилибизден, каада-салтыбыздан, татынакай кийимибизден ажырасак, кыздарыбыздын айдай жүзүн карарган жоолук менен чүмкөп, арабдардын дамбалын кийип калсак, эртең кыргызды кыргыз деп тааный турган эч ким калбастыгын, ошондо арабдашкан кыргызга улут катары бир дагы эл кызыкпай каларын, бүгүн молдолор алтургай “ырдоо жана ыр уккан күнөө” деп башты айлантып баштаганын, бүтүндөй жандүйнөсү ырдан бүткөн кыргызга ырдабагын деп айтуу кыянаттык болорун, бекеринен Барпы апыз “Ырды жандай көрөмүн, ыр дегенде өлөмүн” деп айтпаганын, кепкенедей эл болуп туруп ааламда теңдеши жок “Манас” эпосун дүйнөгө берген эл экенибизди, айт намазын окуудагы абсурдду токтотуу керектигин, өкмөт “Айт намазы мечиттерде гана окулсун” деген буйрукту тез арада чыгарышы зарылдыгын, анткени өкмөттүк аянтта намаз окуу деген ошол Араб өлкөлөрүнүн өзүндө да жоктугун айтты.

“Фабула” гезитиндеги журналист Баратбай Аракеевдин “Жүз кишисинин” бул жолку каармандары комузчу Самара Токтакунова, депутат Мыктыбек Абдылдаев, аткаминер Алмаз Асаналиев, юрист Аида Салянова болду.

Тиленбек Азык жылкы жылы Кыргызстан үчүн жылыштардын жылы болгонун фактылар менен талдоого алды.

“Фабуланын” бүгүнкү санына педагогика илимдеринин доктору, профессор Эсенбек Мамбетакунов “Экөө жөнүндө эки ооз сөз” деген макаласы аркылуу жакында эле “Биз экөөбүз” деген жаңы китебин жарыкка чыгарган акын Насбүбү Эгембердиеванын чыгармачылыгына пикирин билдирди. Китептин алгачкы бетин ачарың менен эле көкүрөгү орден-медалдарга толгон милициянын полковниги Жолдошбек Бузурманкуловдун сүрөтү көрүнөрүн, Насбүбүнүн өмүрлүк жолдошуна арналган жылуу сезими адамгерчиликтин эрдиги болгонун, бир эле жолдошуна эмес, бүтүндөй кыргыз милийсасынын 90 жылдыгына арналып жазылган бул китепте жүрөктү титиреткен ойлор, окуялар, турмуштун драмалуу оош-кыйыштары таасын чагылдырылганын баяндады.

XS
SM
MD
LG