Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:21

Шейшембиде жарык көргөн гезиттер улуттук биримдик тууралуу жазып чыкты.

“Фабула” гезити бүгүнкү санын Баратбай Аракеевдин “Бирикпесек, тебелеп таштайт!” деген макаласы менен ачты. Автор улуттар арасындагы мамилеге кенен токтолуп, илгерки Совет доорунда кандай болгон күндө дагы эл жөнү жок араздашпай тынч жашап келгенин, бирок бүгүн улут болуп жыргай албай, биригүү ордуна байлык, бийлик талашып, түндүк-түштүккө, облуска, районго, айылга, көчөгө, уруу-урууга бөлүнүп турганыбызды, азыр дүйнө жүзү тынч болбой, “кансыз согуш” дегениң бир заматта “кандуу согушка” айланып кетиши көз ирмемдик нерсеге айланып баратканын, ушул балекеттердин баары өзүмчүл саясаттын, байлык бөлүштүрүүнүн, дүйнөгө кожоюндук кылуунун, адам баласына таандык ачкөздүктүн кумарынан чыгып жаткан илдет экенин айтып келип, оппозиция митинг өткөрөт экен деп аларды жерден алып көргө чаба бербеш керектигин, алар да кыргыздын балдары экенин, демек түшүнүү менен мамиле кылуу зарылдыгын кеп кылды. Бул санда Баратбай Аракеевдин “Жүз киши...” баянынын каармандары академик Миталип Мамытов, журналист Бүбүкан Досалиева, депутат Болот Шер, ырчы Саламат Садыкова, милийса Совет Арбаев болду.

Белгилүү журналист Бөкөнбай Боркеевдин “Жылдызы бир күнү учкан эки тагдыр” деген эскерүү баяны маркумдар акын Айгүл Узакова менен обончу Рысбай Абдыкадыровго арналды.

“Алиби” гезити “Мигранттар муңу” деген рубриканын алдында Москва шаарынан Акылай Алиеванын “Эл кимге ишенет?” деген макаласын тартуулады. Макалада эл намысы, жер намысы, мекенчилдик, мектеп, чала молодолор тууралуу жүйөлүү маселелер жөнүндө кеп болот.

“Талас ынтымагы” кыймылынын башчысы Серен Шейшеновдун маеги “Фарид Ниязов “иштешели” деп чакырыптыр” деген ат менен жарык көрүп, Фарид Ниязов чакыртканын, сүйлөшүп отургандан кийин азыркы өкмөттүн саясаты туура экенин айтканын, ал анан “Эгер баары туура болсо, светти 23 тыйынга арзандатпай 2 сом 5 тыйындан кыла бергиле, Жерүйдү ачабыз деп жармашканча төө буурчактагы коррупциялык схеманы токтотуп, энергияны чыгымга учураткан көзөмөлдөөчү кошумча агенттикти жойгула" дегенин жазып чыкты. Маектин алдында Таласта өткөн тынчтык митингдин резолюциясы орус тилинде жарыяланды.

“Алибинин” бул санына “Кыргыз жолу” руханий коомунун төрагасы Кадыр Кошалиевдин “Улуттук бир өзөккө бириккенде, мамлекеттүүлүк кебелбес бекем болот” деген аталыштагы маеги жарык көрдү. Кадыр мырза элди биримдикке, ынтымакка келтире турган күчтүү идеология керек болуп турганын, ошондуктан эң оболу Бишкекке, андан кийин бардык аймактарга “Манастөр” деп аталган улуттук руханий өнүгүү борболорун салуу зарылдыгын, бул борборлордо “Манас” айтылып, аксакалдар маек куруп, уз-усталар узанып, көргөзмөлөр өткөрүлүп турушу керектигин кеп кылып, мына ушундай борбор Нарындан башталганын, мурдагы “Нарын” ресторанынын имараты, ал ээлеген аянт борбор үчүн эң эле ыңгайлуу деп табылганын, эми ал кайрадан жасалып, борбор болгону калганынан кеп кылды.

Доцент Дилбар Чокоеванын маеги “Азыркы айылдык жаштар үчүн бир “кудай” пайда болду” деп аталып, төкмөлүк өнөрдүн улуулугу тууралуу кеп салды.

“Кыргыз туусу” гезити бул санын “Кыргызстанда дүйнөдөгү эң мыкты газ тутуму түзүлөт” деген макала менен ачып, буюрса Кыргызстандын 60 проценти газ менен камсыз болорун, мисалы Бишкек шаары 74 процентке газдаштырылса, Талас 42 процентке, Ысык-Көл 68, Нарын 32, Жалал-Абад 47, Ош облусу 52, Баткен облусу 63 процентке газдуу болорун маалымдады. Гезиттин өз кабарчысы Күмөндөр Усуптегиндин макаласы “Иш кызуу жүрүп жатат, бирок көйгөйлөр арбын” деген ат менен басылып, өкмөт башчысы Жоомарт Оторбаевдин Нарын жергесиндеги иш сапарын баяндады.

“Кесипкөй” коомунун башчысы Эгемберди Усуповдун кесиптик билим берүү боюнча жазган макаласы “Келечекте өкүнбөй жашагың келсе” деген ат менен окурмандарга сунуш кылынды.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG