Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:49

Жемкорлукту "кытай ыкмасы" тыябы?


Өмүр бою абакка кесилген кытайлык саясатчы Бо Силай. 2013-жыл.
Өмүр бою абакка кесилген кытайлык саясатчы Бо Силай. 2013-жыл.

"Чын эле коррупцияга каршы күрөштө темирдей эрк керек экен" деп жазышты шейшембиде чыккан кыргыз гезиттери.

“Кыргыз туусу” гезити Орусия менен кызматташтык өнүгө берерин билдирип, өлкө президенти Алмазбек Атамбаев орус президенти Владимир Путин менен жолугушканын, Кыргызстан Евразия союзуна кирүү үчүн даярдыктарды көрүп жатканын маалымдады. Аталган басылма андан кийин кыргыз өкмөтү элди таза аба жутуп, сергек жашоого үндөп жатканын айтып, жакында эле Жоомарт Оторбаев баштаган вицелер Абдырахман Маматалиев менен Дамира Ниязалиева төш болуп Чуңкурчакка барып, лыжа тепкендерин мисалга тартты. Журналист Азимжан Ибраимов фактыларга таянбай туруп уруп жибермейлер күчөгөнүн, жалган жалаа, ушак-айың журналисттердин кадыр-баркын кетирерин белгилеп, макаласын “Ойноп сүйлөсөк да, ойлоп сүйлөйлү” деп атады.

“Кыргыз туусу” гезитинин бул санына Иса Ахунбаев атындагы Медициналык Академиянын 100дөн ашуун окутуучулары колдорун койгон “Вампирлерди токтотуңуз!” деген ат менен Атамбаеге кайрылууусу орус тилинде басылып чыкты. Ушул эле санда акын Атантай Акбаровдун “Жанжаза” кыяматтын коңгуроосу” деген ат менен айтылуу жазуучу Султан Раевдин “Жанажаза” романы тууралуу жакшы ойлорун ортого салды.

“Алиби” гезити буга чейин Жогорку Кеңештин айрым депутаттарынын чет өлкөлөрдү кыдырып келгенин, АКШ жана Түркияга барып келген оппозициялык саясатчыларды “революция жасаганы жатыптыр” деп бийликчил маалымат каражаттары каралап да жиберүүгө үлгүргөнүн айткан депутат Равшан Жээнбеков: “Оппозициялык саясатчылардын андай максаты жок. Революция деген оюнчук эмес, биз аталган өлкөлөрдөн экономикалык кризистен чыгууга жана жарандык коомду өнүктүрүүгө жардам сурап келдик” деп билдирди.

“Алиби” гезити “Коррупция менен ушинтип күрөшөт” деген кабарында Атамбаевдин Кытай президентинен үйрөнө турганы көп экенин, ал бийликке келгенине эки жыл болгонуна карабастан коррупцияга каршы күрөштө Кытайдын Улуттук Коопсуздук мекемесинин мурдагы башчысын, шаар башчысын камакка алып өмүр бою түрмөгө кестирсе, Тоо-кен корпорациясынын мурдагы жетекчисин беш жан-жөкөрү менен оңбогондой акча жеп келгендиги үчүн өлүм жазасына тарттырганын, эгер бизде да ушундай күрөш жүрсө, кыргыз чиновниктери эмгиче бири калбай кырылып калмагын жазды.

Аталган гезиттин башкы макаласы “Салянованы кантип тындым кылышты?” деп аталып, Аида Салянованы бийликте, болгондо да президенттин жанында жүргөн оппененттери кетирүү менен оппозициянын колуна аябагандай чоң көзүрдү карматканын балким байкабай калышканын, оппозиция эми мындан ары Атамбаевдин сазайын кантип берүү керектигин көрсөтө баштарын, көрсөтө да баштаганын, алар: “Президент Атамбаев өзүнүн прокурорун коррупцияга каршы күрөшкө үндөп, анан өтө кооптуу боло баштаганда прокурорду сатып кетти” деп айтып жатышканын, байкоочулар “алардын бул айткандары” туура дешкенин, ал эми Аида Салянова саясий белгисиздиктин шартында да өзүн бекем кармап, чечкиндүү иш алпарып, өзүн кызматтан кеткен башкаларчылап пиар жасабай, саясий технологдордон жардам сурабай эле кадыр-барк тапса болорун көрсөтүп койгонун жазып чыкты.

“Фабула” гезити Бишкек Эркин Экономикалык аймакты үч жылга жакын убакыттан бери жетектеп келаткан Орозбек Нусувалиевдин ишмердиги жалпы коомчулукка жагып турганы көп айтыла баштаганын, бир эле мисал бул аймакта мурда жок бала-бакча, көргөзмө павильон, жатакана, админстративдик корпус жана башка толгон-токой имараттар арзан жана сапаттуу курулганын, Орозбек мырза өзү немистей чынчыл, ишке тактыгын, обужок ысырапкордукка жол бербеген, кыргыз деп күйгөн намыскөй жигит экенин жакында вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев өзү барып көрүп, ыраазы болгонун жазып чыкты.

Аталган гезит аркылуу журналист Меңдибек Асылбеков “Кыргызстандын кутун учурбайлы!” деген макаласын “Шойкомдуу саясат” деген рубриканын алдында жарыялап, ааламды айлангөчөк кылып жаткан азыркы күндүн абалын ой толгоого алып, андан АКШга өтүп, америкалык бийликтин саясаты кыйды жана кексе болорун, күлүп туруп мүшөктөп акча бергени менен эзели дос болбостугун кеп кылып, Ооганстан, Вьетнам, Иран, Ирак жана Украина окуяларын мисалга тартты.

“Кыргызалтын” мамлекеттик ишканасынын директору Токон Мамытовдун “Кумтөр маселесин февралда эмес, май айында чечебиз” деген интервьюсу да ушул “Фабула” гезитинде жарык көрдү.

XS
SM
MD
LG