Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:49

Жихадчылар көтөргөн кыргыз паспорту


“Эл деми” гезити кыргыз паспорту кадимкидей соодага айланганын жазып чыкты.

“Де-факто” гезити эгер депутат болбой чыгармачылыктын артынан түшүп кеткенде балким кадыр-баркы мындан да жогору болот беле деген ой менен окурман журтуна бүгүн Жогорку Кеңештеги тээ илгертен эле ыр жазып келаткан депутаттардын ырларын тартуулады. Ошентип бүгүн сиздер Каныбек Иманалиевдин, Чыныбай Турсунбековдун, Төрөбай Зулпукаровдун, Өмүрбек Абдрахмановдун ырлары менен таанышасыздар.

Депутат Сайдулла Нышановдун маеги “Азыр коалиция иштей албай бузулса, анда парламентти таркатууга туура келет” деген ат менен жарык көрдү.

“Алиби” гезити Аида Салянованын кызматтан кетиши боюнча айрым жарандардын ойлорун ортого салды.

Депутат Өмүрбек Абдрахманов: - Алдыда шайлоо келатат. Салянова Текебаев менен да жакшы мамиледе экени белгилүү. Ушул себептен Атамбаев Саляновадан кутулгусу келсе керек. Шайлоодо жана социалдык абал курчуган убакта президентке тил алчаак өз адамы керек - деп;

Журналист Эрнис Кыязов: - Салянова маалымат жыйынында агынан жарылгандай сүйлөгөнү менен негизги “бомбаны” жарган жок. Бирок президент менен анын ортосун кара мышык аралаганы айкын болуп калды, - деп;

Журналист Бакыт Сакыбаев: - Чын - чынына келгенде элдин ишенимине кирүү үчүн жанын тобокелге салуу керек. Мындай “курмандыкка” чиновниктердин баары эле бара бербейт. Салянованын кадамынан кийин менде “Кызмат үчүн жанталашпаган өлкөбүздө бир адам бар экен” деген ой пайда болду, - деп жооп берди.

Айтылуу акын, жазуучу, убагында “кыргыз тили” деп кыйкырып турган Камбаралы Бобуловду “Алиби” гезити аркылуу бир тууган карындашы Кандалат Бобулова эскерди.

“Фабула” гезити Баратбай Аракеевдин “Кадам ушул” макаласын тартуулады. Автор эчким жойо албай койгон “Ширшовдун схемасы” тууралуу, экономика тууралуу, дагы бир ирет улуттук ар-намыс тууралуу кеп салды. Аракеевдин “Жүз киши...” баянынын бул жолку каармандары дүйнө чемпиону Каныбек Осмоналиев, Эсеп палатасынын башчысы Элмира Ибраимова, атактуу курулушчу, “Имарат Строй” ишканасынын башчысы Бейшенбек Иманалиев, азыр абакта жаткан мурдагы башкы прокурор Нурлан Турсункулов болду.

Айбек Шамшыкеевдин макаласы “Ош Кыргызстандын Сицилиясына айландыбы?” деп аталып, Текебаевге “Ош Сицилияга айланып кетти” деп кайсы шайлоочусу айтты болду экен?” деп ички иштер министри Мелис Турганбаевге суроо салганда генерал, чынында ушинтип “дейт экен” деген айың сөздөр, жалган ушактар көп экенин, бирок Ош эч кандай Сицилия болбойле аман-эсен жашап турганын айтып, Сицилия деген кандай пайда болгонун, бул ат Италиянын чакан шаары болгонун, мафия ошол шаарда башталганын, кыскача тарыхын, дүйнөдөгү мафиялардын таржымалын баяндап берди.

“Жаңы агым” гезити Бажы кызматынын төрагасы Адамкул Жунусовдун “Кытайдын товарысыз күнүбүз өтпөйт дегендер жаңылышат” деген маегин тартуулады. Адамкул мырза Евразиялык союзга киргенден кийин Кыргызстандын улуу державалар менен соода байланышы, карым-катнашы кандай болоруна кенен токтолду.

“Айбат” гезити “Келдибеков кайтып келди. Байлыктарын тизмектейбиз” деген макала басты. Макалада Акмат Келдибековдун аялы Аида Токтоматовага таандык делген 31 имарат бар экенин кабарлап, анын Бишкек шаарындагы, Ысык-Көлдөгү менчиктерин, андан кийин машиналарын санап чыккан.

Шайлоо жакындаган сайын гезиттердин катарына гезиттер кошулууда. Бүгүн алардын катарына “Эл деми” деген гезит кошулду. Башкы редактору - Асылбек Бектенов. Эки жарым миң нуска менен жарык көргөн гезиттин орус тилинде жарык көргөн бети “Кыргызстандагы паспорт мафиясы: Биздин паспорттор жихадчылар, мыйзамдуу уурулар, жеп-ичип, алып-качып кетчү байлар, наркобарондор жана ар түрдүү кылмышкерлер үчүн аябай популярдуу экенин белгилеп, кыргыз паспорттору менен "Өзбекстан ислам кыймылынын" мүчөлөрүн камсыз кылып жүргөн кыргызстандыктар жана башкалар тууралуу маалыматтарды жарыялады.

“Кыргыз туусу” гезити тоо-кен боюнча адис, коомдук ишмер Орозбек Дүйшеевдин "Кумтөр - тоо-кендерин башкаруунун күзгүсү” деген макаласын тартуулады.

XS
SM
MD
LG