Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:47

Эл үмүтүнө суу сепкен президенттер...


24-март, 2005-жыл.
24-март, 2005-жыл.

“Алиби” гезити революция тууралуу ойлорду ортого салды.

“Алиби” гезити бүгүнкү санын “Атамбаев Батышты багындырганы кетти” деген чакан кабар менен ачып, “Март революциясына 10 жыл деген рубриканын алдында бир катар адамдардын ойлоруна орун берди.

Азимбек Бекназаров: Бир эмес эки революция тең максатына жеткен жок. Каза болгон балдарды эстегенде жанымды коерго жер таппай кетем. Анткени алардын арбагынын алдында айтылган сөздөрдү аткара алган жокпуз, - деп;

Табылды Акеров: Айрым маселелер боюнча аткарылды десек болот,-деп;

Кадыр Кошалиев: Эч нерсе өзгөргөн жок. Керек болсо кедерине кетти. Кыргыз элинин табиятына ылайык жаңыланмайын жакшы боло албайбыз, - деп;

Өмүрбек Абдрахманов: “Кыргызстанды өнүктүрөбүз” деген болсо ал максат орундалган жок,- деп;

Досалы Эсеналиев: Бир муун алмашкандан кийин гана объективдүү баа берилет, - деп;

Самат Алиев: Реовлюция жасап алдыга жылабыз деп атып эки кадам артка сүрүлүп кеттик,- деп;

Төрөхан Жунусбеков: Жетишерлик реформа болбогону үчүн коррупция күчөп, бардык тармактар кризиске кептелип отурат, - деп жооп беришти.

Депутат Туратбек Мадылбеков “Юнис-Курулуш” Улуттук гвардиянын жерин эле эмес, тарыхый мурасын да жок кылды” деген ат менен маек курду.

Билим берүү академиясынын вице-президенти, айтылуу окумуштуу Советбек Байгазиевдин “Кыргыздын руханий цивилизациясы же ак калпак журттун рухий-адептик маданиятынын асыл дөөлөттөрү - жалпы адамзаттык кенч” деген эмгеги сандан санга жарыяланууда.

“Фабула” гезити бүгүнкү эки бетин качкын эки президенттин бири Аскар Акаевге арнады. Баратбай Аракеев макаласында “Акаевдин акылы болсо, катыны менен кыздарына кеби өтсө, баары Ала Тоо аянтына келип, теледен тарттыртып: “Элим, бизди кечирип когйгула” деп кечирим сурап, Швейцариядагы жана башка чет өлкөлүк банктардагы акчаларын мамлекетке кайтарып берсе эле баары бүтмөк. Акаевдин Бакиевден бир гана айырмасы, Бакиевчилеп кыргыздын балдарын аттыртпаганы болду. Бир наадандын экинчи наадандан айырмасы ушул болду” деп жазды.

Акаев жөнүндө айрым адамдардын ой-пикирлери да жарыяланды. Тарых илимдеринин доктору Айнура Арзыматова: Акаеви дагы, Бакиеви дагы учурда акылдуусунуп, бир нерселерди айтып чыга калып жатышат. Экөөнү тең кыргыз эли кечирбейт, экөөнө тең кыргыз жеринен орун жок,-деп;

“Имарат-Строй” компаниясынын гендиректору Бейшенбек Иманалиев: Болор-болбос шылтоолор менен элдин байлыгын ээлеп, анан балдарын шайлоого аралаштырып элдин кыжырына тийди. Элди башкарганга жараксыз адам болчу, - деп;

Саясий аналитик Марс Сариев: Илимпоз адамдан журт башчы чыкпайт экен. Элдин эмес Батыштын акылын угуп, баарын талкалап, баарын менчиктештирип, “туура бийде тууган жок, туугандуу бийде ыйман жок” деген принципти бузуп, үй-бүлөлүк, кландык башкарууга жол салды, - деп;

Журналисттер союзунун төрагасы Абдыкадыр Султанбаев: Анын катачылыгы коррупциянын гүлдөшүнө алып келди,- деп;

“Замандаш” партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Айнура Аскарова: Акаев үй-бүлөсүн бийликке аралаштырганы эң чоң ката болду,- деп жооп беришти.

XS
SM
MD
LG