Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:43

"Фабула": Ала көөдөн элдин "арстаны" көп...


Кыргыз гезиттери
Кыргыз гезиттери

“Фабула” гезити аркылуу журналист Баратбай Аракеев дагы бир жолу “баатырдык” наам тууралуу ойлорун ортого салды.

“Кыргыз туусу” гезити Улуу Жеңишке 70 жыл толгонун эскертип, ошол Жеңиштен 20 жаш улуу, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу, Кыргыз эл акыны, Кыргыз Республикасынын Баатыры Сооронбай Жусуев агабыздын 90 жашка толгонун кабарлап, акындын ыры менен бүгүнкү санын ачты.

“Эң жаш облустун өнүгүшүнө мамлекет көңүл бурууда” деген ат менен Баткен облусунун түзүлгөндүгүнүн 15 жылдыгын президент Алмазбек Атамбаев куттуктады. Вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева Жогорку окуу жайларынын ректорлоруна “Акча, шарт талап кылганды коюп, коррупция менен күрөшкүлө” деп айтты. Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновдун маеги да ушул санда. Буларга удаа эле Арабаев атындагы университеттин ректору Төлөбек Абдырахмановдун “Кыйсыпыр дүйнө жана Кыргызстандагы революциялык жүрүштөр” деген эмгеги, Раиса Дүйшөнбекованын “Жогорку окуу жайларын оптималдаштыруу эмнеге алып келет?” деген макаласы бар.

“Фабула” гезитинин өзөгүн Баратбай Аракеевдин “Оңдосок оңолобузбу?” деген жана “Даңк болсо, башканы башыңа урасыңбы?” деген эки макаласы түздү. Экинчисине токтололу. Автордун жазаганына караганда, “Алакөөдөнү арбын элдин “арстаны” көп, жосуну жок элдин “жолборсу” көп деп рубрика коюп, “Деньги и власть” деген гезиттеги макаласында Анар Сулайманова деген кызыбыз өз энеси – академик, медик Какиш Рыскуловага “Баатыр” наамы берилбей жатат деп президент Атамбаевдин аялына кайрылып, “баатырлыкты” бердирбей аткандыгы үчүн Данияр Нарынбаевди күнөөлөгөнүн айткан.

Аракеев, биринчиден, сыйлык маселесине Раиса Атамбаеванын тиешеси жоктугун, ал мамлекеттик сыйлык ыйгаруу бөлүмүндө иштебестигин, экинчиден, Кыргыз эл баатыры дегенди ыр, роман жазганга, ырчыга, артистке, маданият ишмерлерине,, врачка, деги эле тынч турмушта эмгегин өтөп жаткандарга берилбеши керек деп качантан бери жазып келатканын, көрүнгөн эле төшүн какса баатыр кыла коюп жатып сыйлык, наам дегендердин баркын кетирип бүткөнүбүздү жазды. Андай болсо Кыргыз эл баатырлыгын Путинге, Медведов менен Нарышкинге да берели, экономикабыз очорула берсин, манаптарыбыз матырайа берсин, өлкөбүз итирейе берсин, окуу жайлар менен медицинабыз коррупциялаша берсин, зато Кыргызстан дүйнөлүк аренега “Баатырлыгы” көптүгү жагынан 1-орунга чыгып, жалаң “даңк” ичип, даңк “кийип”, даңк “чычып”, түш көрсөк жалаң “даңк” түш көрүп, келип-кеткендерге өзүбүздү эмес, төшүбүздү көрсөтүп, өлкөбүздү эмес, тирүү да, өлгөн да баатырларыбызды көрсөтүп, баатырбыз деп куру челектей даңгырап жата берели” деп жазды.

“Айбат” гезити аркылуу саясат талдоочу Жумакадыр Акенеев “АКШ элчилигине келген жүктө акча болушу да мүмкүн. Мындай окуя Бакиевдин тушунда да болгон. Анда Бишкектин тегерегинде ири өлчөмдөгү курал-жарактар табылган. Мурдагы милиция министри Өмүрбек Суваналиев да жашыруун жүк текшерип жардыргыч заттарды тапканы эсибизде, эгер АКШ элчиликтин имаратына керектүү материалдарды алып келсе анда эмнеге жашырат?, - десе;

Токтогул Какчекеев:Бул жүктө коркунуч барын же жогун бир гана Кудай билет. Алкым бузулгандын айынан Кумтөр эмне болуп жатат? Андыктан биздин Коопсуздук кызматы менен Тышкы иштер министрлиги өз көрөгөчтүгүн так ушундайда көрсөтүш керек,- деп жооп берди.

Гезит мындан башка “БШК парламенттик шайлоону 4-октябрга белгилөөнү сунуштады” деген, “Кыргызстанда сөз эркиндиги жыл санап жакшырып баратканын эл аралык уюмдар белгилөөдө”, “Туризм багытында Кыргызстан үчүн Европанын ордун басат”, “Жоомарт Оторбаев сунуштаган чет элдиктердин калбыры барбы?” деген макалаларды басты.

XS
SM
MD
LG