Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:29

Назарбаевди Батыш тымызын колдойбу?


Нурсултан Назарбаев жана АКШ президенти Барак Обама
Нурсултан Назарбаев жана АКШ президенти Барак Обама

"Ислам мамлекети" экстремисттик уюмунун согушкерлери Борбор Азияга келди деп жазат "Коммерсантъ" гезити.

Талиптер 24-апрелде Ооганстанда масштабдуу "жазгы чабуулду" баштарын жарыялашкан. Андай чабуулдар "чет элдик баскынчылардын аскердик базаларына жана “кол бала” болгон өкмөттөргө, аскердик күчтөргө каршы жасалары" айтылган.

«Коммерсантъ» гезити сурамжылаган эксперттер бир ооздон “Ислам мамлекети” террордук уюмунун Ооганстанга жетиши Борбор Азияда абалды толук өзгөртөрүн айтышат. Жакынкы Чыгыш жана Борбор Азия өлкөлөрүндө кооптуу абал түзүлөт. Орусияга жана Жамааттык коопсуздук келишими уюмундагы өнөктөштөрүнө жаңы коркунучтарды жаратат. КМШнын чек арасына террордук интернационал жакындоодо" деп корутундулайт "Коммерсантъ".

Казакстандагы стабилдүүлүккө Батыш да, Орусия да кызыкдар дейт “Независимая газета” басылмасы.

Нурсултан Назарбаевдин кайрадан президент болуп шайланышы саясий жана экономикалык коркунучтарды азайтат.

26-апрелде Казакстанда президенттик шайлоо өтөт. Шайлоого аттанган үч талапкердин ичинен Назарбаевдин жеңиши айдан ачык, кеп ага тең келе албаган атаандаштарда эмес, учурдагы эл аралык чөйрөдөгү курчуган абалга жана глобалдык экономикалык кризиске байланыштуу деп айтылат макалада.

"Назарбаевдин такта калышына Батыш кызыкдар. Батышка Ооганстандагы жана Жакынкы Чыгыштагы стабилдүүлүк керек. Ал эми Кремлге Евразия экономикалык биримдигиндеги башкы өнөктөштүн ордунда туруусу өтө маанилүү. Эффективдүү интеграциялык мамилелер үчүн стабилдүүлүк керек, учурда Казакстанда муну Назарбаев гана камсыз кыла алат”, - деп жазат “Независимая газета” басылмасы.

"Бирдиктүү валюта Орусиянын КМШдагы экономикалык позициясын күчтөндүрөт" деп жазат “Российская газета”.

"КМШ өлкөлөрү мамлекеттер аралык бирдиктүү валюта түзүп, аны айлантышы керек. Бул шериктештиктеги мамлекеттер ортосунда соода-сатыктын өсүшүнө жана Орусиянын бул өлкөлөргө өнөр жай өндүрүш товарларын экспорттоосун күчтөндүрөт. Рублдин азыркы курсу Орусиянын экономикасынын бардык секторуна, аны менен катар КМШ өлкөлөрүнүн экономикасына автоматтык түрдө залакасын тийгизип жатканы макалада баяндалат. Алгач бирдиктүү валюта түзүү боюнча кеп Евразия экономикалык союзунун алкагында айтыла баштаган. Беларус менен Казакстан азырынча эрте деп, так жооп берүүдөн баш тарткан. Ал ортодо “Интеграция үчүн Орусия акы төлөшү керек, Казакстан бирдиктүү валютага каршы” деп жазат REGNUM интернет басылмасы.

Евразиялык интеграциялык долбоор биринчи кезекте Орусияга керек. Казакстан дүйнөлүк же аймактык экономикалык держава болууну көздөгөн жок, ал эми Орусия андай тилегин жашырбайт. Андыктан Орусия төлөшү керек деп айтылат макалада.

Эксперттер Евразия экономикалык биримдиги жаңы гана түзүлгөнүн жана анын эффективдүүлүгүн баалоо азыр эрте экенин белгилешет. Учурда казак менен беларус ишкерлери орус рыногуна чыгууда көп тоскоолдуктарга туш болуп, чек араларды кайтарууну талап кылып жатышканы макалада эскертилген.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG