Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:11

“Вечерний Бишкек” гезити өлкөнүн Баш мыйзам тууралуу ойлорду ортого салды.

Бүгүн жарык көргөн “Вечерний Бишкек” гезити бүгүн Жашоонун, Эркиндиктин, Теңдиктин Гаранты болгон Конституция күнү экенин, бирок иш жүзүндө Кыргызстандын жашоо-турмушу Баш мыйзамсыз деле өз арбайын өзү согуп келатканын, өлкөнүнүн негизги мыйзамы 2020-жылга чейин өзгөртүлбөшү керек деп жазылып турганы менен ушу тапта Конституцияны өзгөртүү боюнча маселе кайрадан көтөрүлүп жатканын, бул боюнча парламентте да талкуу жүргөнүн, ал эми азыркы Конституциянын автору, “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев “Вечерканын” кабарчысына:

– Конституцияны 5 жылдан бери сындап келаткандарынан чарчап бүттүм, мейли өзгөрткүлөрү келсе өздөрү жазып көрүшсүн, андан эмне чыгар экен,– деп айтканына шилтеме кылды.

Ошентип бүгүн 5-май, мыйзам менен жашап келе жаткандан бери 22 жыл өткөнүн, бирок ушунча жыл ичинде ал далай жолу өзгөрүүгө дуушар болгонун, Баш мыйзамга баш ийбеген Акаев мыйзамсыз жол менен үчүнчү мөөнөткө барганын, андан эки жылдан кийин жаңы бийлик келип, Баш мыйзам кайрадан жазылганын, анан ал кетип Отунбаева келгенин, Баш мыйзам референдумга коюлганын, андан кийин азыркы бийлик келип, 2020-жылга чейин Баш мыйзамга тийбөө боюнча мораторий жарыялаганын, бирок ага карбастан Баш мыйзамды кайрадан оңдоп-түзөө боюнча ойлор айтыла баштаганын, бирок мыйзам канча ирет кайрадан өзгөртүлбөсүн, анын элдин чыныгы жашоо-турмушун өзгөртүүгө кудурети жетпей келатканын мурдагы тышкы иштер министри Эднан Карабаев “Мыйзам көзүн ала качууда” деген макаласында кеп кылды.

Ушул эле “Вечерний Бишкек” гезити сот реформасын ишке ашырууда мыйзам такай бузулуп келатканын, бирок буга эч ким жооп бергиси келбегенин, сот системасы бийликтин көмүскө буйругу менен иштемей өнөрүн дагы эле токтото электигин Ольга Дядюченко макаласында талдоого алды.

Кыргызстандын музыка коомчулугу бүгүн улуттук опера жанрынын негиздөөчүлөрүнүн бири, көрүнүктүү композитор Мукаш Абдраевдин 95 жылдыгын белгилейт. Композитор тууралуу Бермет Маликованын макаласынан окуйсуздар.

“Кыргыз туусу” гезити жаңы Баш мыйзамдын беш жылдыгына карата президент Алмазбек Атамбаевдин куттуктоосун жарыялады. Президент бул Конституциянын редакциясын эгемендүү Кыргызстандын тарыхындагы эң демократиялуу жана прогрессивдүү мыйзам деп атады.

“Улуу Жеңиштин жаш мураскерлеринин парады” деген жалпы теманын алдында Жеңштин 70 жылдыгын утурлай, кечээ күнү Бишкектин Ала Тоо аянтында ушундай аталыштагы маданий иш-чара болуп өткөнү баяндалды.

Өлкөнүн коргоо министри Абибилла Кудайбердиевдин “Биздин армия бардык кырдаалдарга даяр” деген маеги басылды.

“Тогузунчу жолку толуктоо майнаптуу болобу?” деген макаласында журналист Мырзакат Тыналиев Баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү маселесин талдоого алды.

Журналист Бермет Маткеримова “Каттоодон өтпөгөн мечиттер, чала сабат молдолор” деген макаласында диний сабаттуулук, имамдардын билими, мечиттердин дин тарбиясын жүргүзүүдөгү ролу тууралуу кеп кылды.

“Кыргыз туусу” гезитинин бүгүнкү санына “Академик Ж. Акималиев элди алдаганын качан токтотот?” деген ат менен К. И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин окутуучулар жамаатынын, илимдин докторлорунун каты жарык көрдү. Катта Акималиев директор болуп иштеген Кыргыз дыйканчылык илим изилдөө институту агрардык университеттин курамына кирерин, бирок Акималиевдин өзүмбилемдигинен улам аталган институттун 180 гектар жеринен башка эч нерсе калбаганын, дыйкандарга жардам бере турган Топурак таануу институтун жок кылганын, 500 миң доллар каражатты максаттуу пайдаланбаганын, жападан жалгыз эксперименталдык чарбаны банкротко учуратканын, эми Акималиевдин ушул жана башка көптөгөн иштери боюнча Укук коргоо органдарына жана Эсептөө палатасына кайрылганы жатканын жазып чыгышты.

XS
SM
MD
LG