Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:50

Жүз кубулган жалган патриоттор


“Кыргыз туусу” гезити бардык энелерди майрамы менен куттуктаганын жазып чыкты.

Журналист Бермет Маткеримованын макаласы “Мектеп тамагы билим менен ден соолукка өбөлгө” деп аталды. Улуттук маданиятты, билимдүүлүктү көтөрөбүз деп кээ бир жерлерде түшүнбөстүктөн аша чаап кетип жатканыбызды, куру намыс, чиренүү өкүм сүрүп, маселен үйлөнүү үлпөтүн өткөргөн жаштар машиналарынын айнектеринен Кыргызстандын туусун чыгарып алып, бир колуна туу кармап, бир колуна шампан кармап алып, ызы-чуу салып, ашкере мекенчилдигин көрсөтүп жатабыз деп ойлоп, кыргыздын салт-санаасын, маданиятын көрсөтпөй эле накта шылдыңга айлантып келаткан фактылар барын ОшМУнун деканы Абдурашит Низамиев макаласында кенен кеп кылды.

“Вечерний Бишкек” гезити бүгүнкү санындагы “Черный ящик” Карыпбекова" деген баш тема аркылуу “Көз карандысыз “каражашик” аталган КТР Акаев менен Бакиевдин учурунда кандай болсо, азыр деле ошол бойдон калганын журналист Нарын Айыптын макаласынан окууга болот.

“Депутатка канча жер керек?” деген аталыш менен депутат Карганбек Самаковго байланыштуу ызы-чуу тууралуу макалалардын топтому жарык көрдү.

Журналисттер Нарын Айып менен Азамат Касыбековдун “Коомду жаңылаган” жана “Кыргыз бизнесинин аксакалы” деген аталыштагы эскерүү макалалары 65 жашында дүйнөдөн кайткан Табылды Эгембердиевге арналды.

Ушул эле гезит “Эркин Мамбеталиев “Вечерний Бишкектен” 50 миллион сом талап кылууда” деген маалымат басылды. Мына ушундай кабар чыгары менен гезиттин сайтына төрт миң киши киргенин белгилеп, ушул боюнча окурмандардын комментарийлерин басты.

“Фабула” гезити Эмил Салиевдин “Эс алууга келгендердин баары эле мыйзам чегинде жүргөн адамдардан эмес, арасында мыйзам менен каршылашкандар да бар...” деген, “Камчы Көлбаев менен Бокушев тирешип” деген, “Жолдубаева 262 гектарга токтом чыгарган Чудиновду баш кылып камашы керек” деген, “Миң-Куштагы уран калдыгы Көкөмеренге, Токтогул ГЭСине, Нарын менен Сыр-Дайрага агып” деген баш темалар менен жаңы санын ачты.

“Котур таш кокую” деген рубрикадагы Адилет Маразаков аттуу автордун макаласы “Эртең кеч болуп калышы мүмкүн” деп аталып, карапайым калктын башын айланткан, жалган патриоттордун саны азыр көп экенин, маселен элдин тагдырына күйүмүш болуп жоон тобу Жогорку Кеңеште отурганын, саясий жүзүн жүз кубулткандар өкмөттөн орун алып, атургай президентти да айланчыктап жүрүшкөнүн, бул өңдүү коюнунда котур ташы барлардын канчасы район, облус, шаарлардагы жергиликтүү бийликте жүргөнүн, азыр калп эле өлүмүш болгондор кези келгенде сыртка чыгарын, мындайлар Садыр Жапаров сыяктуулардан он эсе коркунучтуу экенин, мисалы элге канкор катары таанылган Жаныш Бакиевдин жан досу Аланов ошол кезде Ош шаарынын биринчи вице-мэринин кызматын мыкчып келгенин, көзүн май басып, арааны аябай жүргөнүн, андан кийин Бакиевдер Минскинин токоюна кире качканда Аланов да кошо качыптыр деген ушак тараганын, көрсө качпай-этпей эле, жашырынып-жамынбай эле бүгүн Ош шаардык кеңешинин 1-орунбасары кызматын ээлеп, бийликтин бир бутагын чоюп отурганын баяндады.

XS
SM
MD
LG