Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:20

Күздө башталчу иштин күүсү


Нарын, ГЭС курула турган жер
Нарын, ГЭС курула турган жер

“Фабула” гезити бул санын өзүндөгү жаңылыктан баштады. Гезиттин башкы редактору Эрнис Балбаков өкмөт башчысы Темир Сариевдин буйругу менен “Кыргыз туусу” гезитине башкы редакторлукка дайындалып, анын ордуна “Фабула” гезитинин башкы редактору болуп буга чейин гезиттин коммерциялык директору болуп иштеп келген Тилек Рыскулов дайындалганын маалымдады. Ал эми "“Кыргыз туусу” гезитинин мурдагы башкы редактору Жедигер Саалаев Конституциялык палатага судья болуп бекиген. Кесиптештерибиздин иштерине ийгилик каалай кетели.

“Фабула” гезити “Өкмөттүн “Мегакомду” сатуу тууралуу оюна көз карашыңыз?” деген суроо менен айрым кишилерге кайрылды.

Саясатчы Улукбек Ормонов: Менин оюмча сатуунун кереги жок,- деп;

Кинорежиссер Садык Шер: Сатып жиберүү менен жыргап кетебиз деп ойлобош керек, - деп;

“Кыргызконцептин” башчысы Эмил Үмөталиев: Өкмөт ээлеген ишканалардын бардыгы тең начар иштеп жатат. Ошондуктан “Мегакомдун” акыры барып менчиктештирилгени жакшы иш болот, - деп;

Депутат Алмаз Батыркулов: Сатыла турган баасы базар баасына туура келсе жана ал акча мамлекетке, өндүрүшкө пайда апкелсе менин оюм түз, - деп;

Экономика доктору Айылчы Сарыбаев: Жакшы өлкө пайда апкелип аткан мекемесин сатпайт. Сатып жиберүү оңой, аны кайра түзүү кыйын. Сатам дегендин эки мааниси бар, биринчиси - башкара албай калганда, экинчиси - балким өзүлөрү ээлик кылгысы келгенде, менчикке чыгарып алып өнүктүрүп кетели деген ойлору бар, - деп жооп берди.

Ушул эле санда жазуучу Каныбек Иманалиевдин тарыхый романы - “Шабдан баатыр” тууралуу журналист Айбек Шамшыкеевдин сын макаласы жарыяланды. Автор макаласында айрым тарыхый фактылардын бурмаланып кеткенин сынга алган. Белгилүү куудул Келдибек Ниязовдун күлкүлүү аңгемелери да ушул гезиттин арткы бетинде.

Окурмандардын назарын “Вечерний Бишкек” гезитиндеги “Жогорку Нарын каскады: үмүт күзгө калды” деген жана “Өнөктөштүктүн сыноосу” деген эки макалага бурар элек.

Биринчи макалада Нарын суусунун боюндагы ГЭСтердин курулушу үчүн жерди кыргыз өкмөтү сентябрга чейин чечип бермекчи болгону баяндалса, экинчи макалада ГЭСти кура турган жер ушул кезге дейре дайын болбой келгенин, анткени Нарынды бууп, далай жер суунун алдында калары, ошондо бирөөлөрдүн үлүш жерлери кетерин, андай болгондо анын чыгымдары кандай төлөнөрү, кокус ал жерден башка жакка көчө тургандар болсо аларга кайсыл жерден жер берилери эмдигиче чечилбегенин, график боюнча ГЭС үчүн жер бөлүп берүү 2015-жылдын күз айы деп белгиленгенин, ушу тапта картографиялык жана жердин баасын аныктоо иштери жүрүп жатканын, жылдын аягына чейин Нарын суусу буулуп, жолдорду, көпүрөлөрдү жана ушул сыяктуу бир катар курулуштар курула баштаарын баяндады.

Ош прокуратурасынын мурдагы кызматкери Канжар Кадыралиевдин иши тууралуу белгилүү адвокаттар Аваз Мамбетакунов менен Икрамидин Айткуловдун түшүндүрмөлөрүн да ушул сандан окуйсуздар.

XS
SM
MD
LG