Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:43

Кайда караба, Каганердин карааны


“Азия ньюс” гезити “Ислам мамлекети” радикал тобунун активдешүүсүнөн кооптонгон коңшу Өзбекстан, Казакстан, Тажикстан өлкөлөрү диний радикализмге катуу чек коюп, мамлекеттин күчтөнүүсүнө, улуттук каада-салттардын бекем орношуна кам көрүп, динди саясатка же мамлекеттин дөңгөлөгүн айлантууга аралаштырбай, катуу көзөмөлгө алып жатса, бизде бийлик башындагылар, кабинетине арабча жазууларды жайылтып, түшүнүксүз жосундарга баш уруп жатканын жазды.

Ушул эле гезит өкмөт башчысы Темир Сариев ишин жакшы баштаганын, БШК төрагасы Туйгуналы Абдыраимов кайсыл партия мыйзам бузса башчысы пайгамбар болсо да эч нерсени карабай туруп тизмеден сызып саларын, эрки, жүрөгү бар жигит экенин айтты. Асланбек Сартбаев макаласында бийликке жетсем дегендер “кечээ ким эле, эмнелерди убада кылып, эмнелерди айтты эле?” дегенди талдоого алып, саясатчы Адахан Мадумаровдун бир кездеги айткандарын элдин эсине салды. Президент тууралуу сөз кылып, ал бийликте турганда чиновник, бизнесмендердин баары ийилип кошомат кыларын, оомат кетери менен артын салып баса берерин Атамбаевге кулак кагыш кылды.

“ПолитКлиника” гезити Германиядагы элчилик кызматын өткөрүп келген Болот Отунбаевдин ордуна баягылар эле же Жантөрө Сатыбалдиев, Турусбек Коеналиев, Феликс Кулов дегендер барсам деп куда түшүп жатканын, “Өнүгүү” деген партиянын пиар технологиясын кезинде Курманбек Бакиевдин, андан кийин “Ак жолдун”, андан соң Бабановдун шайлоосунун шайтан иштеринин башында жүргөн, ушундай иштерде мээси катуу иштеген Максим Каганер турганын, “Вечерний Бишкек” гезити ушул жылдын 17-апрелинде Атамбаевдин бир кездеги жансакчысы Эркин Мамбеталиев тууралуу жазган маалыматтарыбыз чындыкка дал келбейт деп, кайра Мамбеталиевден кечирим сураганын, Бабанов менен Карамушкина соттошкону калганын жазып чыкты.

“Асман плюс” гезити, бир айга эс алууга кетерин кабарлап, Мамлекеттик чек ара кызматынын башчысынын 1-орунбасары Искендер Мамбеталиевдин маеги менен бүгүнкү санын ачты. Чек арачы полковник чек ара маселеси Бажы союзуна киргенде кандай болору жөнүндө сөз кылды.

Тарыхчы Кыяс Молдокасымовдун “Тарыхый чындыкты бурмалоого жол берилбеши керек” деген интервьюсу жарыяланды. Тарыхчы сөзүндө Шабдан баатыр тууралуу көркөм тасманын тартылышын тарыхчылар колдорун, бирок тарых бурмаланбашы керектигин, тарыхый так эместиктер кайрадан оңдолушу керектигин, сценарий жаңы сюжеттер менен толукталышы зарылдыгын билдирди. Ал ошондой эле Шабдан тууралуу түрдүү мазмундагы 300гө жакын архивдик материалдар барын, тарыхый кино тартам деген кишиге мындан өткөн байлык болбостугун, кинорежиссер Эрнест Абдыжапаров бир маегинде Тынчтыкбек Чоротегин менен Кыяс Молдокасымов Американын идеологиясын жайылтып келе жаткандар деп айтканын, тескерисинче экөө тең кыргыздын накта тарыхын жайылтуу үчүн чейрек кылымдан бери эмгектенип келаткан адамдар экенин белгиледи.

“Общественний рейтинг” гезити “Политконсультации” деген рубриканын алдында Израилдин “Натив” деп аталган атайын кызматынын мурдагы башчысы Яков Кедминин Ирак менен “Сириядагы окуялар, Сирия чатагындагы Түркиянын ролу, ИМ өзү басып алган аймакка көзөмөлдүктү орното алдыбы, куралчан жоочулардын бир аз эле тобу кудуреттүү деген мамлекеттик аскерлерди кантип талкалап жатат, ХАМАС деп аталган террордук уюмдун эмне үчүн дайыны чыкпай калды, анын азыркы абалы кандай, жакынкы келечекте ИМ согуштук аракетин Түркмөнстандан баштайт деген каңшаардын канчалык чындыгы бар, регулярдык аскерлердин ИМдин согушчандарынын баскынчылыгына каршы турууга күчү жетеби?” деген суроолорго жооп берди.

Кедми чалгынчы өз сөзүндө ИМдин Борбор Азиядагы республикаларды башаламандыкка алып келүү коркунучу барын, эгер басып кирсе Өзбекстандын армиясы туруштук берерин, Түркмөн армиясы тууралуу айта албастыгын, Тажикстан да Орусиянын ал жердеги дивизиялары аркылуу туруштук берерин, эгер ИМ бүтүндөй Борбор Азияга коркунуч келтире турган болсо Орусия менен Кытайды кошуу менен Шанхай Кызматташтык Уюмуна кирген өлкөлөр террорчулукка каршы турса болорун айтты.

XS
SM
MD
LG