Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:55

Баткенге орус армиясын жайгаштыруу зарылбы?


Саясатка аралашпай, бийлик деп жанталашып чуркабай деле эл үчүн кызмат кылса болорун, мамлекеттин бюджетине олчойгон сумманы төлөп, канчалаган жарандарды иш менен камсыз кылган адамдарыбыз барын, алардын бири Кыргызстандын эмгек сиңирген куруучусу, “Имарат строй” курулуш компаниясынын генералдык директору Бейшенбек Иманалиев экенин маалымдаган “Искра” гезити бүгүнкү санында аны менен аңгемелешти.

Иманалиев маегинде сапаттуу үйлөрдү куруу үчүн курулуш материалдары сапаттуу болушу керектигин, мисалы, ал жетекчилик кылган компания жүз жылдап жасалып келаткан, далай сыноолордон өткөн арматураны Орусиядан алып келерин, компаниянын мини заводу барын, цемент, шагыл, кум ушул жерден чыгарын, жылуулук батареялары Чехиядан, түтүктөр Түркиядан келерин, ал эми жумушчулардын 90 пайызы кыргыз улан-кыздарынан турарын, коллектив "кыргыздардын немистерден эмнеси кем?" деген ураан менен иштеп келатканын, ошон үчүн курган үйлөрү бышык, сапаттуу болуп жатканын айтты.

Гендиректор андан ары элди эч качан алдабаш керектигин, башында жардам сурап келгендерге ылгабай эле жардам берип жүргөнүн, кийин арасында алдап кетмейлери да болгонун билип калганын, жыл башында “тез жардам” кызматына Германиядан чыккан 600 миң сомдук микробусиктерди сатып бергенин, ата-бабалары да убагында эл баккан, элге жарыгы тийген, элге күйүмдүү адамдар болгонун, Бейшенбектин өзүнүн карапайымдыгы, берешендиги да ошол аталарынан бери кан кууп келаткан жакшы адаттардын бири экенин айтып берди.

Ушул эле гезитке депутат Жылдызкан Жолдошева маек куруп, өлкөнүн саясий турмушу, Ош окуясы, парламент, аны фракциянын лидерлигинен кантип кетиришкени тууралуу кенен кеп кылды. Камчыбек Ташиевдин ага жасаган оюнунан кийин, партияны эмес, арттан келип бычак урбай турган, айткан-дегенинен кайтпаган чыныгы лидер болчу адамды тандап калганын, Ташиев жигит болсо эч кимден кечирим сурабай койсо туура болмогун айтты. Ушуга улай эле Жылдызкан Жолдошеванын кыргызстандыктарга кайрылуусу жарыяланды.

“Вечерний Бишкек” гезити биринчи бетине Балыкчы шаарынын милийсалары 64 жаштагы Дилбар Маделованын 31 жаштагы уулун уруп-сабап, кантип майып кылып салганы тууралуу макала жазды.

Жогорку вольттогу 500 киловаттык “Датка-Кемин” электр линиясы ишке кирери менен энергетика тармагы дароо эле 9-10 миллион долларды үнөмдөп каларын, ага дейре Кыргызстан бул сумманы Өзбекстан бизге кое берип турган электр энергиясы үчүн төлөп келгенин кабарлоо менен “Кыргызстандын улуттук электр түйүнүнүн” жетекчилиги баары бир электр энергиясына болгон тарифтер азыр болбосо да шайлоо өткөндөн кийин кымбаттарын көгөрүп айтып келатышканын, анткени энергетика тармагын жакшыртабыз деп алып койгон 40 млн. сом кредитти жабуу керектигин каңкуулай баштаганын маалымдады.

“Экстремизмге каршы сүйлөй бербей иштеши керек” деген ат менен орусиялык белгилүү политолог, ислам боюнча эксперт Семен Богдасаровдун маеги жарыяланды. Ал Борбор Азиянын коопсуздугу тууралуу кеңири кеп кылуу менен Ош менен Баткенде орус армиясынын аскердик бөлүктөрүн жайгаштыруу идеясын жактарын, муну менен бирге Кыргызстандын коңшулар менен чек арасын бекемдеши керектигин, Ошко аскердик самолеттордун, Баткенге вертолеттордун бир нечесин коюу зарылдыгын, Оштун аэропорту бардык талаптарга жооп бере турган сапаттуу аэропорт экенин кошумчалады.

Нарын Айыптын даярдаган бети “Ак халатчандардын баатырдыгы” деп аталды.

“Көк асаба” гезити Айбек Байымбетовдун “Кыргыз коомчулугу интеллектуалдык-руханий жоокерлерге муктаж” деген макаласы, “Диалог-Евразия” коомдук фондунун президенти Улукбек Болушевдин интервьюсу “Бир баланы тарбиялоо-бир дүйнөнү ачууга барабар” деген ат менен тартууланды. Ушул эле санда Чолпонбек Капарбек уулунун кара сөз чебери Төлөгөн Касымбековду эскерүү макаласы да бар.

“Эл шайырлары” тобунун музыканты Нурбек Серкебаевдин маеги “Курсакта жаткан кезинен күүнү угуп чоңойгон бала өмүрдүн баасын билет” деген аталыш менен жарык көрдү.

XS
SM
MD
LG