Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:09

"Итке минген" депутаттар


Бишкектин Түштүк Дарбазасынан старт алган велосипедчилер өткөн төртүнчү күнү Тынчтык проспектисинен төмөн түшүп, Чүй проспектисин бойлоп отуруп Эски аянтка жетип токтоп, алдыда келгендер белек-бечкектер менен сыйланганын, кошо келген өкмөт башчысы сөз алып: “Мен жана өкмөт мүчөлөрү жарандарга спорт маданияты боюнча өзүбүз үлгү бололу, кыргызстандыктардын ден соолугу мамлекет үчүн канчалык маанилүү жана керек экендигин жеке мисалыбыз менен көрсөтөлү дедик. Мен резиденцияда дайыма велосипед тебем” деп сүйлөгөнүн шилтеме кылган “Вечерний Бишкек” гезити, “ах, атаңдын көрү ай, ушундай таттуу сөздөрдү жаңылбасак, жыл сайын эле угуп келатканыбызды, 1993-жылдан 95-жылга дейре Кыргызстандын тунгуч президенти ВДНХдан эски аэропортко чейин жөө жарыш өткөрүп, ал да Темир Сариевге окшоп сүйлөгөнүн, андан кийин Бакиев келип, мушкердик колгап кийип алып кайыш “грушаны” муштагылап, спортко “чоң маани” берерин “далилдегенин”, кыскартып айтканда бийлик башындагылар мындан 20 жыл мурун эле велосипед жолун салчубуз деп чыгып ошол бойдон жок болгонун, бийликтин милдети курулай сөз сүйлөй бергенде эмес, чындап спорттук инфраструктураларды түптөп, велосипед тепкидей ыңгайлуу шарт түзгөндө гана каалоочулар эч кандай үгүт-мүгүтү жок эле өзүлөрү велосипед тебе баштарын жазды.

Аталган гезит Кумтөр жана Жерүй алтын кендери тууралуу макалаларды жарыялады.

“Свет дайыма болот” деген макалада коңшуларды мисалга тартып, Казакстан энергоэффективдүүлүк деген фонд түзүп, кадрларды даярдап, ченебегендей жерге үч технопарк ачканын, көптөгөн кичи электростанцияларды курганын, Тажикстан эки-үч жыл ичинде 300 кичи ГЭСтерди курууга үлгүрүп, электр энергиясы жаатында кандай маселе жаралбасын дароо чечерин, ал эми Кыргызстан эки жылдан бери Жогорку Нарын каскадындагы Орусия куруп бермекчи болгон ГЭСтердин курулушу үчүн жер бөлүп берүү маселесин чече албай келатканын жазуу менен “атаганат, жел сөздөн качан чыныгы ишке өтөр экенбиз?” деп кейиди.

“Кыргыз туусу” гезити президентке караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Эгемберди Эрматовдун “Кыргыз бөлүнгөнүн койбосо, мамлекеттик тил да, улуттук аң-сезим да, экономика да өспөйт” деген ат менен интервью берди.

Эгемберди Эрматов өз сөзүндө президент Алмаз Атамбаев мамлекеттик тилдин 2020-жылга чейин стратегиясын иштеп чыгып, 2015-жылга 243 млн. сом бөлүп бергенин, кыргыз тили өлкө ичинде этностор аралык тилге айлансын деп айтканын, тил комиссиясы “Сөздүктөгү сөздүк” деген китеп чыгарганын, “Кыргызтест” деген системаны ишке киргизгенин, мындан ары мамлекеттик кызматта иштеген кишилердин баары ушул система аркылуу мамлекеттик тилден тест тапшырарын, ушу кезде министрликтер, агенттиктер тест тапшырып жатканын, август айына чейин бардык министрликтер тил сынагынан өтөрүн кеп кылды.

“Фабула” гезити “Ар-намыс” фракциясынын депутаты Турсунбай Бакир уулу толтурган декларацияда машинасы тургай, баш калкаалар үйү, үй саларга жери жок кембагал болуп чыкканын, мындай “бет кап” кийген депутаттар ондоп саналарын, мисалы Феликс Куловдун үйүнөн бөлөк кылайган мыдыры жоктугун, “Республика” фракциясынын депутаты Максат Сабиров бир жылда 714 миң 463 сом тапканын, мунун да айлыгынан башка эчтекеси жоктугун, “үрүп чыгаар ити жок" депутаттардын катарын “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев да толуктаганын, анын үйү да, машинасы да жоктугун, бирок “Супер инфо” гезити Текебаевдин төрт кабаттуу үйүн 6 миң долларга арендага алып гезит чыгарып келатканын журналисттер жакшы билерин, катары менен 4 жолу депутат болгону үчүн өкмөттөн бекер үй алганын да эл билерин жазды.

Ушул эле гезит “Парламенттин беш жылдык ишине кандай баа бересиз?” деп суроо салды.

Укук коргоочу Азиза Абдирасулова:- Бул парламент эгемен кыргыз мамлекетиндеги эң тартипсиз, эң жоопкерчилиги жок парламент болду. Кыргызстандын тарыхындагы элге чыккынчылык кылган мыйзамдардын демилгечилери ушул парламент болду,-деп;

Журналисттер союзунун төрагасы Абдыкадыр Султанбаев:- Мамлекеттик бийлик органдарын түзүүдө, алардын ишин жөнгө салууда өзүнүн татыктуу салымын кошту. Беш жыл ичинде төрт өкмөт алмашканына карабай, экономикалык туруктуулукту камсыз кылды,-деп;

Саясат таануучу Бакыт Бакетаев: - Фракция түздү, кайра ажырашты, өкмөттү алмаштырды, мандатына карабай депутаттарга кылмыш иштерин козгоду. Мушташты, чырдашты, сындашты. Бул парламент кыргыз мамлекетинин тарыхына чоң салым кошту,-деп,

Жумкадыр Акенеев:- Бул парламентке мен канааттандырарлык деген баа берем,-деп;

Коомдук ишмер Дастан Сарыгулов:- беш жыл Кыргыз мамлекетин, Кыргыз мамлекеттүүлүгүн талкалаган беш жыл болду,-деп жооп берди.

XS
SM
MD
LG