Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:44

Үй камак, талаада калган сөз


Иллюстрация
Иллюстрация

“Вечерний Бишкек” гезити “Өлкөдө жоопкерчиликтен качуунун классикалык схемасына эч ким көңүл бурган жок” деген аталыш менен Өмүрбек Суваналиевдин макаласын жарыялады.

"Вечерний Бишкек" акыркы кездери анын үлгүсүн жалаң акчасы арбындар көрсөтүп келатканын, мисалы Улуттук коопсуздук комитетинин СИЗОсунда 5 миң сом пара менен маичилер отурганын, ал эми 100 миң доллар пара менен кармалган генерал-майор А. Коркмазов үй түрмө демиш болуп кое берилгенин далилге тартты. Генерал Суваналиев 1991-жылы мына ушул СИЗОдо өзү да 10 ай олтуруп чыкканын, убагында ага да ушул схеманы сунуш кылышканын, бирок ал андан баш тартканын белгилеп, Коркмазовго генерал-майор деген чин туура эмес берилгенин, аны Жаныш Бакиев алып бергенин, ички иштер органдарында анын кенедей да кадыр-баркы жоктугун, ошентип кечээ пара алган Коркмазов бүгүн түрмөнүн тактайында эмес, Ахунбаев көчөсүндөгү үч кабат особнягында ысык чай ичип, нымшып олтурганын, ошентип президент Атамбаевдин “ууру-кескилердин олтурчу жери –түрмө” деген сөзү талаада калганын айтты.

Суваналиев Батукаев менен болгон окуяны да эске салып, анын “боштондугунун” наркы да 200 миң долларга чыкканын, Батукаевдин Яха деген эжеси, акыйкатчы Турсунбек Акунга 100 миң доллар бергемин деп айтканын, ал эми Нариман Түлеевди госпиталга которуш үчүн андан 50 миң доллар сурашканын, социалдык жактан бөлүнүү СИЗОдо да барын, койка жетишпегендиктен кезектешип укташарын, ошондуктан элдин кулумун деп шайлоо болор сайын добуш алгысы келип чуркап жүргөн депутаттарды аларга добушун бергендер кандай шартта жашап жатканын көрсөтүш үчүн түрмөгө бирден олтургузуп чыгуу керектигин, мына ушинтип оңбогондой пара жеп кармалып, кайра эле үйүнө чыгып кетип жаткандарга президенттин үн катып койбогондугу, ал эми Конституция боюнча коррупция менен биринчи иретте күрөшө турган министрлер кабинетинин кайдыгерлиги абай өкүнтөрүн жазды.

Айрым ажылар хижаб деген кыргыздардын кийими эмес деп айткан өкмөт башчысы Темир Сариевди талап жатып калышканын, бирок ыйык Куранда аялдар бетин чүмкөп жүрсүн деген сөз эч жеринде жоктугун, хижаб деген конкреттүү тигил же бул динге тиешелүү кийим эместигин, хижабды ислам пайда болгонго чейин же 3-7-кылымдарда еврейлер, ирандыктар менен индустар, еврейлердин таасири менен байыркы Грециядагылар кийишкенин, акчасы көп байлар менен бийликтегилер өңдүү-түстүү аялдарын тартып албасы үчүн көбү сулуу аялдарынын бетин ушундай жол менен чүмкөп, көрсөтпөй сактап келишкенин, хижабды өлүп-талып таңуулап жаткан азыркы активисттер болсо өздөрүнө берилген тапшырманы кантип аткарып жаткандыгын чет өлкөдөгү кожоюндарына көрсөтүү үчүн жасап жатышканын, чет элдик агенттер деп дал ушуларды атаса болорун, хижаб дегенди эң биринчи кийим эмес, билим болуп эсептелген мектептерге жолотпош керектигин, бүгүнкү сабатсыз молдолорго салыштырганда орто кылымдагы дин ишмерлери алда канча билимдүү жана прогрессивдүү болушканын, алар диний билимдер менен катар эле астрономияны, алгебраны, медицинаны жана башка илимдерди казып окушканын, ал эми Турсунбай Бакир уулу болсо “президент Атамбаев Ыйык курандан мисал келтирип сүйлөп жүрсө, Темир Сариев мусулмандарды шылдың кылып жатат” деп бакылдап чыга калганын, ошондуктан мына ушул өңдүү чакчалекей коом алдында динге жакын экенин белгилеп, намазга жыгыла берүү жагын да президент ойлонуп көрүшү керектигин бүгүнкү макаласында журналист Нарын Айып жазды.

“Фабула” гезити коомдук ишмер Топчубек Тургуналиев шайлоого бара турган кызмат аркылуу Кыргызстанга кыянаттык кылгандардын тизмесин түзгөнүн, азыркы учурда саясий партиялардын башчылары депутаттыкка талапкерлердин тизмесине Кыргызстан үчүн күйгөн, мамлекетти сүйгөн адамдарды эмес, арты таза эмес, акчалуу адамдарды киргизип жатканын, минтип олтурсак кийинки парламентке деле баягы ууру, коррупционер жана колу таза эместер келерин белгилөө менен буга дейре кылмыш жообуна тартылган жети адамдын, кылмыш козголуп кандайдыр бир себептер менен иши токтоп турган 27 адамдын, иши сотто каралып жаткан тогуз адамдын, бардыгы болуп 43 адамдын тизмесин жарыя кылды. Топчубек Тургуналиев өз сөзүндө: “Биз президент Алмазбек Атамбаевге, участкалык комиссияга, саясий партияларга жана шайлоочуларга кайрылабыз. Президент таза шайлоо өткөрүш үчүн бул ишти жеке көзөмөлүнө алышы керек” деп айтты.

Анарбай Корчубеков, Кангелди Баймырзаев баштаган Талас облусунун Кара-Буурадагы Көк-Сай жана Кайнар айылдарынын тургундары өкмөт башчысы Темир Сариевге жолугуп, токой чарба, кадр, жер, чек ара, буурчак жана дагы толгон-токой маселелер боюнча болгонун болгондой айтып бермекчи болушканын, бирок Сариев Таласка барганда жергиликтүү бийлик “Сариев Кара-Буурага келбей калды” деп аны менен жолуктурбай койгонун жазып кайрылды.

Бүгүн “Кыргыз туусу” гезити да жарык көрдү.

XS
SM
MD
LG