Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:29

“Мечит салып берсең - добуш берет элек”


“Айбат” гезити Сириядан качып келген аялдын азабын жазды

“Де-факто” гезитинен сиздер саясат таануучу Бакыт Бакетаевдин, депутат Назира Нарматованын интервьюларын, журналист Амантур Мусагул уулунун Бишкектин мурунку мэри Иса Өмүркулов тууралуу макаласын, Аскарбек Шадиевдин бейнесине сүртүмдөрдү, айтылуу фантаст жазуучу Беганас Сартов тууралуу карындашы Сабиранын эскерүүсүн, “Өнүгүү прогресс” жана “Кыргызстан” партиялары тууралуу маалыматтарды окуйсуздар. Бул санда Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын жетекчиси Орозбек Молдалиев маек куруп, мечит менен мектепти бири-бирине карама-каршы койбош керектигин, өкмөт башчы Темир Сариев мечит салдыруу жагын дин башкармалыгы менен макулдашуу аркылуу ишке ашыруу керек, деп катуу тапшырма бергенин, анткени кээ бир айылдарда ыгы жок эле “тигил уруунун мечити бар, биздин уруунуку да болсун”, “мечит салып берсең - сага добуш берет элек” деген обужок көрүнүштөр бар экенин, чала молдо дин бузарлар али да кездешерин, мурда диний секталар кыдырып китеп таратып жүрсө, азыр баарына тыюу салынганын айтты.

“Фабула” гезити бир катар саясатчыларга оңтойсуз суроолорун берди. Мирлан Алымбаевдин “Учкун” жөнүндө учуртулган ушак же...” деген макаласында Рыскелди Момбеков жетекчи болуп келгенге чейин 68-70 млн. карызы бар ишкана ал келгенден кийин карызынан кутулуп, кайрадан кирешелүү ишканага айланганын, кызматкерлердин айлыктары 10 % - 30 % чейин жогорулаганын, ишкана банкрот болот деген кеп жалганчылардын ушагы экенин, мамлекетке айына 1 млн. 200 миң сомго чейин салык, Соцфондго айына 500 миңден 700 миң сомго чейин акча төлөнүп турарын “Учкундун” кызматкерлери өзүлөрү айтып беришти.

“Азияпресс” аттуу гезит журналист Жума Мамбетовдун “Шаабайды суутуп, көңүл калтырган шайлоолор” деген макаласын окурмандарга тартуулады. Автор тунгуч президент Аскар Акаевдан берки шайлоого назар салып, президенттин мөөнөтү бүтүп баратканда Акаевди кайрадан алып калуу үчүн Башмыйзамды өзгөртүп, мыйзамды буйлалаган Чолпон Баекова өңдүү юристтердин кылган кыянаттыктарын, андан кийинки Бакиевдин “басмачылык” доорун эске салуу менен азыркы күндүн шайлоосун талдоого алды.

“Айбат” гезити жаңы санын “Бабанов алдап кетсе, Текебаев таштап кетти” деген макала менен ачып, шайлоого аттанган партиялар тууралуу айрым маалыматтарды жарыялады. Академик Жамин Акималиев “Текебаев Мырзакматов менен биригип, “Ата Мекендин” жана өзүнүн баркын кетирип алды” деп айтты жана Бабановдун Ташиев менен, Салымбековдун Мадумаров менен бириккенине да ичи чыкпаганын кошумчалады. Саясат таануучу Марс Сариев айрымдарда принцип деген жок калганын, маселен “Ата Мекенде” Мырзакматов менен Салянова жанаша жүргөнүн, Текебаевдин партиясы пиар жагынан туура кылган менен, келечекте партиялык түзүлүшкө чоң зыян алып келерин белгиледи. “Айбат” гезити ошондойле “Би-би-си күйөөсү өлүп, Сириядан качып келген тажикстандык аялдын “Бизди алдашты” деген баянын басты. Анын Сирияга азгырылып барып ит көрбөгөн кордукту кантип көрүп келгенин өзүңөр окуп чыксаңар болот.

“Кыргыз туусу” гезити “Сындаган премьер, актанган мэр” деген макала менен жаңы санын ачты. Депутат Турсунбай Бакир уулунун маеги да ушул гезитке чыкты. “Жылдын мыкты айыл аймагы” деген сынагына карата Баткендин Дара айылы жөнүндө баяндаган Турусбек Солтобаевдин макаласын окуйсуздар. Журналист Шекербек Калыков Жалал-Абад санаторийинин директор орунбасары Жумалы Алиев менен аңгеме курду.

“Вечерний Бишкек” гезити “Датка-Кемин” электр линиясынын тушоосу 28-августта кесилгени турганын кабарлады. Нарын Айыптын макаласы “Алмаз жана анын командасы” деген ат менен жарык көрүп, президенттин командасы тууралуу кеп кылды. Буга улай эле депутат Өмүрбек Текебаевдин маегине орун берди. Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун судьясы Айнура Сатарова 18-августта “Вечерний Бишкек” гезитине кошуп туруп “Рубикон” рекламалык фирмасын бардык оокат-кечеси менен Александр Рябушкинге берип салганын, ошентип Александр Ким менен Анна Власенконун “Рубикондун” уставдык капиталында калган 50% үлүшү менен кошо “Вечерний Бишкек” басма үйүнүн 597 миң 650 сомдук акциясы да Рябушкинге өткөнүн, бул маселе кандайча болгонун Нарын Айыптын “Кыргыз Карфагени” деген макаласы аркылуу таанышасыздар.

Машиненин айнегинен өчүрүлбөй ыргытылган тамекинин калдыгынан 13-августта башталган Чычкан капчыгайындагы өрт эмдигиче өчпөй, өрттү өчүрүү үчүн жүздөгөн адамдардын, Казакстандан жардамга келген вертолеттордун да алы жетпей жатканын, эми аны бир өчүрсө эртең башталчу жамгыр гана өчүрөрүн жазды аталган гезит.

XS
SM
MD
LG