Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:27

Бүгүн "Кыргыз Туусу", "Фабула" гезити жарык көрдү.

“Кыргызстан биздин карегибиздей болгон жападан-жалгыз Мекенибиз. Биз башка жерде, башка өлкөдө эч качан бактылуу боло албайбыз! Элибизде “Ырыс алды ынтымак” деп айтылат, ошондуктан биринчи кезекте өлкө тынчтыгын, жалпы элдик ынтымакты бекемдөө милдети турат.

Дүйнөдө кыйратуучу кандай гана окуялар болуп жатканын күн сайын көрүп жатасыздар. Керек болсо миң жылдык тарыхы бар мамлекеттер бүлүнүп жок болуу абалына кептелди. “Өлкө мен үчүн эмне жасады деп сураба, мен өлкө үчүн эмне жасадым деп сура?" - деп президент Алмазбек Атамбаевдин Эгемендик күнүндө айткан сөздөрүн басуу менен “Кыргыз туусу” гезити бүгүнкү санын ачты.

Сиздер аталган гезиттен чек арачылар үйлүү болгонун, башка өлкөлөрдүн президенттеринин куттуктоолорун, өлкөнүн энергетикалык көз карандысыздыгын камсыз кылган "Датка-Кемин" 500 кВ. электр линиясы жана "Кемин" 500 киловаттык подстанциясы ишке берилгенин, мугалимдердин ден соолугун коргоого багытталган атайын фонд түзүлөрүн окуйсуздар. Булар менен бирге профессор Жеңишбек Назаралиевдин маеги жарыяланып, ал өз сөзүндө: “Эми биздин милдет өлкөдөгү ички туруктуулукту сактоо керек, ал үчүн саясий лидерлер жана биздин мамлекеттин жөнөкөй жарандары саясий системаны урук-тууганчылыктын негизинде куруудан алыстап, өлкөнү түндүк-түштүк кылып бөлгөндү токтотуу керек, биз бир эл, бир улут экенибизди түшүнүшүбүз керек” деп айтты.

“Фабула” гезити Баратбай Аракеевдин “Башкы майрам күнү башкы аянтта кыргыз ыр-күүсү жаңырса жарашмак!” деген макаласын тартуулады. Көрсө кечээги орус ырчыларынын концертин 5 млн. доллар жумшап “Газпром” ишканасы уюштуруптур. Кыргызстандын эмгек сиңирген машыктыруучусу Шаршен Касеновдун спорт тармагы боюнча берген интервьюсу жарык көрдү. Белгилүү спорт чебери Кыргызстанда эл аралык талапка ылайык келе турган, жок дегенде 10 миң киши бата турган спорт сарайды, 20-25 миң кишилик стадионду куруу маселеси эбак бышып жетилгенин, азыр “Газпром” ишканасы Бишкектеги "Арча-Бешик" конушуна Чоң спорт сарайын сала баштаганын билдирди.

Ысык-Көлдөн Эсенбай Абдышевдин “Бугу эне тууралуу ой” деген жакшы макаласы жарык көрдү. Макаласында ал буга чейин “Бугу-Эне” деген сөз кыргызда бар же жок экенин ойлонбогонун, улуу карыялардан деле “Бугу-Эненин тукумубуз” деп айткандарын укпаганын, анан атасы бир күнү “Кыргызда Бугу-Эне деген сөз жок, аны силер таап алып эле айтып жүрөсүңөр, кийиктин баарын Бугу-Эне деп ургаачы кылып салдыңар. Силер айтып жаткан Ала-Мышык тоосунан кармап келген кызды Мүйүздүү Эне дечүбүз. Ал Мүйүздүү Эне – Орозбакты Бугунун небере келини болгон. Аны эмикилер айтып жүргөн Бугу-Эне деген аталышыңар менен чаташтырбашыңар керек” дегенинен кийин ойлоно баштаганын, көрсө Бугу деп кайберендин эркегин айтса, ургаачысын Марал деп айтарын, ошондуктан эгер Бугу-Эне деп айтылса, анда анын сыңарындай Айгыр Эне, Бука Эне же Кочкор Эне деп эч качан айтылбай турганын, айрымдар муну Чыңгыз Айтматов Бугу-Эне деп жазып койгондон улам ушинтип аталып калды дешерин, бирок улуу жазуучу китебинде Бугу-Эне деп жазбаганын, Айтматов “Марал-Эне” деп жазганын, эргип кеткен котормочу кашайып Марал-Эне деп которгондун ордуна Бугу-Эне деп которуп салып, кийиктин эркек-ургаачысын билбеген окурман ошол бойдон Бугу-Эне болуп кеткенин, андыктан кийинки муун жаңылбаш үчүн бул катабызды кайрадан оңдоп алышыбыз керектигин жазды.

“Айтыш” коомдук уюмдун негиздөөчүсү, кинорежиссер Садык Шер-Нияздын маеги “Парламентте маданияттын өкүлдөрү көбүрөөк болсо” деп аталып, “Ата Мекен” партиясынан ага чыгармачыл чөйрөдөн да адамдар керек болуп жатат, келбейсизби, лидерден кийинки эле орунду берели” дегенинен кийин ал сунушка макул болгонун, агасы Болот Шер менен бир партиядан шайлоого катышып жатышы экөөнүн саясаттагы көз караштары бирдей экендигинен кабар берерин, эгерде эл-журтка кылган кызматы буга чейин көрүнбөсө, талапкер депутаттыкка чыкпай деле койсо болорун, бирок бир тууган катары Болот Шер экөөнүн ортосунда кызмат, саясат маселелеринде бири-бирине жардам бермей жоктугун кеп кылды. Садык Шернияз ошону менен бирге эле Кыргызстандагы тарыхый биринчи фильм болгон “Курманжан Датка” кандай кыйынчылык менен, аз акча менен тартылганын, ал эми кечээ күнкү алты-жети сааттык концерт үчүн “Газпром” финансылаган 5 млн. доллар ага берилгенде “Курманжан Даткадай” фильмден бешти тартмагын айтты.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG