Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:52

Бакиев таянган "тоолор" кимдер?


Курманбек Бакиев
Курманбек Бакиев

“Кыргыз туусу” гезити кечээ президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстанга атайын иш сапары менен келген Жапониянын премьер-министри Синдзо Абэ менен жолукканын жазды.

“Кыргыз туусу” жолугушууда эки өлкөнүн ортосундагы биргелешкен билдирүүгө, бир катар долбоорлорго кол коюлганын, өлкө башчылары сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында кыргыз-жапан кызматташуусун мындан ары да өнүктүрө берүү жагын белгилешкенин “Күн чыгыш өлкөсүнүн лидери–Ала-Тоодо” деген ат менен жарыялады. Ушул эле күнү жапон мамлекетинин башчысы менен кыргыз өкмөтүнүн башчысы Темир Сариев да жолукканы баяндалды.

Бул гезиттен сиздер майда кабарлардан тышкары “Өрөөнгө кут алып келген өсүмдүктүн куну неге кетүүдө?” деген, “Төөдөй маселеге айланган төө буурчак” деген макалаларды, журналист Патидин Ноомаевдин “Жерге -Тал сапары” деген жол баянын, эл жазуучусу Өскөн Даникеевдин эскерүүсүн окуйсуздар.

“Фабула” гезити майда кабарларында жаңы өкмөттүн курамы бекири менен күч органдарынын башчылары алмашат деген сөздөр жүрүп жатат деп, Бабанов тууралуу “Куйтулугу ишке ашпай калды” деп, Токтайым Үмөталиева тууралуу кан төккөн Алтынбек Итибаев сыяктуу өмүр бою түрмөгө кесилгендердин укугун коргоп кыйкырып жүргөнүнө байланыштуу “Кумалак” деп, Аскарбек Шадиев менен Исхак Пирматов тууралуу “Пирматов жоопкерчиликке качан тартылат?” деп, Салык кызматынын Бишкек шаардык башкармалыгынын башчысы “Кабыл Абдалиевдин абийири ачылабы?” деп, “Боршайком быкшыбай чечкиндүү болсо” деп кабар таратты.

“Фабула” ошондой эле “Оңтойсуз суроолорун” бул ирет саясатчылар Камчыбек Ташиевге, Аскар Салымбековго, Өмүрбек Текебаевге, Жаза аткаруу мекемесинин башчысы Алик Мамыркуловго багыштады. Мирлан Алымбаевдин макаласы “Абакта өлтүрүлгөн кызматкерлердин жакындары акыйкаттыкты талап кылат” деп аталды.

Баратбай Аракеев “Кадам ушул” аттуу макаласында кылмыш кылгандар жазасын албай өлкөдө тартип болбой жаткандыгын, анын үстүнө мыйзамдардын жумшактыгынан, соттордун кекиртегинин кенендигинен далай кылмыш кылгандар жазаланамыш болуп кутулуп кетип жатканын, 290 миллион калкы бар АКШ өлүм жазасын албай сактап келатканын,1 миллиарддан эбак ашкан Кытай менен Индияда, дүйнөнү акылы менен айланткан, бардык тарабынан мактаса жарашкан Жапонияда, өнүккөн Түштүк Корея менен кулпусу бекем Түндүк Кореяда өлүм жазасы барын, анан кеччэ эле бешиктен чыккан кыргыз мамлекетинин башына жаба сийген беш-алты укук коргоочу долу таягын колуна кармап алып Ак үйдүн алдына чыга калып кыйкырып койсо эле “кокуй адам укугу” бузулуп жатат деп жата калып жүрүп такыр жалтак болуп бүткөнүбүздү, ал тургай өз наристесин зордуктап, бетин тилип, кабыргасын ширенкенин чийин сындыргандай сындырып, эки жашар кызын отко күйгүзүп өлтүргөн айбандарды да, адам өлтүрүп, адам тоногон каракчыларды да түрмөлөрдүн төрүнө төшөк салып берип, үлпүлдөтүп багып келатканыбызды белгилеп, анан Кыргызстан “гумандуулук дегенден айланасыңбы?” деп жаны кашайды.

Карыя журналист Үсөн Касыбеков макаласын “Баягы Бакиев “тирилди” да, адам-эй” деп атап, Беларуста кара башын калкалап жүргөн качкын Бакиевдин китебин талдоого алып, Бакиев китебинде таянган тоосу кимдер экенин ачык жазганын, алар: Марат Султанов, Искендер Айдаралиев, Акылбек Жапаров, Адахан Мадумаров, Данияр Үсөнов, Ахматбек Келдибеков, Элмурза Сатыбалдиев, Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев, Игорь Чудинов, Чолпон Баекова, Үсөн Сыдыков жана башкалар экенин, эскерүүсүнөн Бакиевдин Кыргызстанга кайтып келүү үчүн эки көзү төрт болуп турганы, ал түгүл кокус бийлик алмашса кайтып келери кажетсиз экенине басым койгону даана көрүнөрүн, колдон чыгып кеткен бийлигин кайрадан тартып аларына, акыры душмандарынан өчүн аларына бекем ишенгендиги ачык байкаларын, мындан улам, мына ушундай ичи тар, карөзгөй, жалакор, ушакчы, аң-сезими менен интеллектиси чектелгендигин баса белгилеген Үсөн Касыбеков "Кыргызстанды кезинде ушундай тайыз киши чарк айлантып башкарып турганына айран таң калбай кое албайсың” деп жазды.

Бүгүн “Вечерний Бишкек” гезити да жарык көрдү. Элвира Темирдин макаласын “Талапкерлер мандатка жеткенге караганда Айга жеткен оңой” деп атап, жаңы парламенттин келишин мандат талашкандардын сот иши кечиктирип жатканын, күрөштөн жыгылгандар жаткан жерлеринен кайра туруп, шымынын чаңын күбүп, “жыгылган эмеспиз” дей башташканын талдоого алды.

XS
SM
MD
LG