Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:41

Европа элчилери Грузияга визасыз режимди жактырды


Грузия.
Грузия.

Грузия жарандарынын Шенген зонасында визасыз жүрө алышын шарттаган чечимди Европа Биримдигине мүчө мамлекеттердин элчилери колдошту.

22-февралда Брюсселде болгон жыйында элчилер ошондой эле Украина жана Грузияга айрым учурда визасыз режимди токтотуу боюнча чараны да макулдашты. Биримдикке мүчө 28 мамлекеттин министрлери эки документти 27-февралда карап, Грузия жарандары март айынын аягына карай Шенген зонасына визасыз кире баштары күтүлүүдө. Анын менен кошо визасыз режимди токтотуу чарасы да күчүнө кирет.

Эгерде Украина жана Грузия жарандары тарабынан массалык түрдө негизсиз баш паанек суроо, коопсуздугуна коркунуч тууралуу арыздар көбөйө баштаса, анда визасыз режим токтотулат. Европа дипломаттары 28-февралдагы жыйынында Украинага визасыз режим берүү маселесин талкуулашат. Бул өлкө жарандарына андай шарт июнь айында берилери күтүлүүдө. (AiT)

XS
SM
MD
LG