Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:37

Коомду козуткандар кимге курал?


Жарыктын кымбатташына каршы митинг. Нарын. 17-декабрь, 2014-жыл.

Жарыктын кымбатташына каршы митинг. Нарын. 17-декабрь, 2014-жыл.

“Акыркы жылдары гезити деле, радио менен телеси деле ооздорун куу чөп менен аарчып, жалаң эле жагымсыз кабар айта берип элдин ындынын өчүрүп, дымагын кетирип бүткөн элек, ушул адатты таштайлычы, мындан жаманда деле кыргыз кабагым-кашым дебей көтөрүп келбеди беле” деп жазган “Фабула” гезити “ушул жылдын экинчи жарымынан тартып мектеп мугалимдеринин айлык акысы 50 пайызга чейин көтөрүлмөй болуптур, өкмөт акчаны жерден чукусак да табабыз деп убаданы катуу берип жатат” деп жакшы кабар менен жаңы санын ачты.

Эки жашар баланын зордукталгандыгы соттук-медициналык экспертизадан аныкталганын, 46 жаштагы Жанарбек Тулебеков менен анын аялы Айзада Тулебекова камакка алынганын, президент да, премьер-министр да, парламент депутаттары да бир ооздон адам кейпинде жаралып калган мындай айбандарга жазаны катуу колдонуу керектигин айтып жатканын, кечээ дал ушундай окуя Сауд Арабиясында болуп, Лейла Бинт Абдул Мутталиб Басим аттуу аял жети жаштагы өгөй кызына сексуалдык зордук көрсөтүп, мыкаачылык менен сабап өлтүргөнү үчүн Мекенин борбордук аянтында өлүм жазасына тартылганын маалымдады. Гезит буга улай эле өзүбүздүн зөөкүрлөр боюнча айрым жарандардын ойлорун ортого салды.

Депутат Өмүрбек Абдырахманов: - Мындай адамдарды 25 жылга кессе болот, - деп;

Депутат Турсунбай Бакир уулу: - Балага кордук жасаган мыкаачы өмүр бою эркинен ажыратылышы керек, - деп;

Коомдук ишмер Дастан Сарыгулов: - Батыштын гомосектерин туурап, алардын айбан жасабаган ыпластыктарын үйрөнүп жатабыз. Чеги жок эркиндикке өтүп алдык. Илгерки кез болгондо мындайлар ташбараңга алынмак, - деп;

Депутат Надира Нарматова: - Сот гана чече алат, - деп;

Юрист Осунбек Жамансариев: - Жаза катуу болбосо элге тийгизген таасири да аз болот, - деп;

Журналист Кубат Оторбаев: - Наристени зордуктаган мындай канкорлорго өлүм жазасы гана ылайыктуу деп;

Депутат Азамат Арапбаев:- Бул кылмышкерлер эң оор жазага тартылса дээр элем,- деп жооп берди.

Кинорежиссер Садык Шернияздын “Биз “Оскарга” жол ачып койдук” деген, Кыргыз эл акыны Анатай Өмүркановдун “Демократиянын мага бир тыйынча да кереги жок. Демократия бул - инфекция” деген интервьюлары бар.

“Алиби” гезити жаңы санын “Кулматовдун кызматына шаардыктар нааразы” деген маалымат жана акын Кармышак Ташбаевдин Ош шаарынын мурдагы мэри Мелис Мырзакматовго арналган “Көрө билип келечекти алыскы” деген арноо ыры менен ачты.

Саясат таануучу Марс Сариев маегин “Бийлик кырдаалды көзөмөлдөгөн жери жок” деп атап, чек ара тозотторунда токтобой келаткан чыр-чатак, атып өлтүрмөйлөр, атылып өлмөйлөрдү талдоого алып, Чек ара кызматындагы системаны өзгөртмөйүн мындай көрүнүштөр кайталана берерин белгиледи.

Марс Сариев Садыр Жапаровдун китебиндегиге токтолуп: “Эгер Атамбаев түштүк окуясынан пайдаланып, Бекназаровдун көзүн тазалагысы келсе анда эмне үчүн ошол убакта айтып чыгышкан эмес, менимче бул маалыматтын баарын “оппозицияны бириктиребиз” дегендер чыгарып, кыйын кырдаалдан пайдаланып, президентти бир беткей каралоого өттү. Ошон үчүн Башкы прокуратура Бектур Асанов менен Садыр Жапаровду суракка алып, маселенин аягына чыгышы керек” деп айтты. Марс Сариев андан ары электр энергиясын шылтоо кылуу менен элди митингге чыгарууга түртүп, түштөн кийин акыйкаттык үчүн күрөшүп жүргөн жигиттер болуп көрүнгүсү келгендерди тышкы күчтөр улам көкүтүп, Кыргызстан Евразиялык биримдикке жана Бажы биримдигине кирбесин деген тымызын саясатын жүргүзүп, акыры Кыргызстанды да Украинага айлантып тынуу үчүн аракеттерди көрө баштаганын, ошол күчтөр майга чейин эле Орусиядан Кыргызстан аркылуу өч алгысы келип жатканын, бийлик болсо кырдаалды көзмөлдөй албай жатканын, анын ордуна жөн эле элди сооротуу менен алектенип калганын, болбосо тоолуу Нарында жети ай бою кыш катуу болорун кантип билбей калмак эле деп жаны кашайды.

“Кыргыз туусу” гезити бул санын “Чек арабызды кимге ишенип отурабыз?” деген макала менен ачты.

Аталган гезит филология илиминин доктору, профессор Раимжан Эгембердиевдин баскан жолу тууралуу акын Бактыгүл Чотурованын “Өмүрүн илимге арнаган өжөр киши” деген макаласын жана журналист Айша Алиеванын “Токтогулдун тоолорунда калган элестер” аттуу Раимжан агайдын ошол кездеги студенттерди Толуктун тоолоруна чөпкө алып барган кездерин, жакшынакай таалим-тарбиясын, адамгерчилигин эске салган эскерүүсүн окурмандарга тартуулады.

Республиканын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Кыргыз Республикасынын ТҮРКСОЙдогу өкүлү, акын Кожогелди Култегиндин “Сооронбай Жусуевдин 90 жаш мааракесин Жеңиштин 70 жылдыгы менен чогуу өткөрүү керек!” деген макаласы да аталган гезиттин бүгүнкү санында.

XS
SM
MD
LG