Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:06

10-декабрда жарык көргөн гезиттердин баары “Манастын” ЮНЕСКОго катталышы жана депутат Карганбек Самаковдун салымы тууралуу жазды.

“Кыргыз туусу” гезити президент Алмазбек Атамбаев ЮНЕСКО иштери боюнча Улуттук комиссиянын мүчөлөрүн кабыл алганын, ошондой эле Кыргыз филармониясында бүгүн саат 3тө белгилене турган Кыргызстандын телекөрсөтүүсүнүн 55 жылдыгына карата бул жаатта иштеген кызматкерлерди кесиптик майрамы менен куттуктаганын кабарлады.

Аталган гезитте Кыргызстандын интеллигенция кеңешинин “Адилеттүүлүк жана мыйзамдуулук менен Ата Журттун биримдигин сактайбыз!” деген кайрылуусу жарык көрдү.

Азимжан Ибраимовдун макаласы билим берүү системасынын бизнеске айланганын талдоого алды.

“Алиби” гезитинде Жазнура Токтоболотованын Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Бусурманкул Табалдиевден алган маеги жарыяланды. Ал мамлекеттин чөнтөгүнөн миллиондорду уурдагандар, карапайым калктын эсебинен бир заматта байыган алдым-жуттумдар бийликтин күрөшүнө бут тосуш үчүн бардык аракеттерин жасарын, андыктан Улуттук коопсуздук комитети тарабынан мындай аракеттерге бөгөт коюу үчүн тиешелүү иштер жүрүп жатканын, Коррупция менен күрөшүү кызматы тарабынан мамлекетке жалпысынан 800 миллион сомдон ашуун акча кайтарылганын айтты.

Наргиза Козубаеванын макаласында Ысык-Атанын Логвиненко айыл аймагына кирген жаңы конуш жарыгы жок жашап келатканы тууралуу кеп болсо, жалалабаддык өз кабарчы Майрамбек Абдылдаев окурмандардын көңүлүн абактагылардын абалына бурду.

“Фабула” гезити журналист Баратбай Аракеевдин “Кыргызстандын бүткүл коррупционерлери, абакты көздөй шаго-ом марш!” деген макаласын тартуулады. Автор: Ушул тапта Курандан да, Кудайдан да коркпой калгандар, намыс-ар дегенди унутуп, аркы дүйнөгө ала жатчудай жанталашып арам дүйнө, арам акча жыйнап байыгандардын баары түшүнөн чочуп, “шымдарын булгап” ойгонуп жатканын” белгилеп, карапайым калк президент Атамбаевдин күрөшү ушул жолдон кылт этпей, өзү айткандай “туура бийде тууган жок, туугандуу бийде ыйман жок” деген эреже менен кыйшаюсуз уланса экен деп тилеп турганын кеп кылды.

Аталган гезит “Качкын качан кайтат?” деп беларустар турат кайгырып...” деген макаласын жарыя кылды. Анда Курманбек Бакиев Белоруста баягыдай эле бардар жашоосун улантып атканын, алгач качып бараары менен 2 млн. долларга хан сарай сатып алганы айтылып келатса, Беларустун “Элдик эрк” маалымат агенттиги Бакиев Минск шаарынын эң эле мыкты деген аймагынан сатып алган жерине кычыраган үй куруп атканын сүрөтү менен шардана кылганын жазган. Макала алдында беларустардын ойлорунан шилтеме берилген.

Окуй кетели: “Бакиев белорус жеринде жыргай берсин, а биз түпкү калк тишибиздин кирин соруп жашай берели” деп, “Бул үйдү бомбалап салуу керек” деп, “Үй куруп аткан соң, Лукашенконун режими дагы көпкө барат деп ойлоп атса керек” деп, “Анын орду түрмө” деп, “Карапайым белорустар тар үйлөрдө тыгылып, эптеп жашап келатса спортсмендер менен өз өлкөсүнүн бюджетин жеп алып качып келген Бакиев өңдүү чет өлкөлүк кылмышкерлердин ар бири 500 чарчы метр апартаменттерде жашап жатат. Белорусту эл аралык кылмышкерлер менен кан ичерлердин уясы деп жарыялаш керек, ошондо Сомалинин пираттары менен “ал-Каиданын” террорчулары каптап келээр эле” деп, “Эчтеке эмес, бир аз чыдай турсаңар, бул өз өлкөсүнө атайын даярдыктагы отряд менен кетет” деп жазып чыгышты.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG