Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:13

Трибунада кас, сыртта дос депутаттар


“Фабула” гезити “Кумтөр” келишимин жакшылап сүйлөшүү үчүн өкмөткө дагы үч ай мөөнөт берилгенин жазды.

“Фабула” гезити президент Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штаб башчысы кылып генерал Асанбек Алымкожоевди дайындаганын, ал бирден бир татыктуу аскер адамы экендигин, өткөн жылы Бишкек эркин экономикалык аймактын башчысы Орозбек Нусувалиевге жөнү жок асылуулар жакшы эле болгонун, ошого карабай 2013-жылды ийгиликтүү аяктап, бюджетке 165 миллион сомду ашыкча төккөнгө жетишкенин маалымдады.

Баратбай Аракеев аялзаты жөнүндөгү макаласында жүрөгүң алоолоп, табына куйкаланып, тизе бүгүп кол көтөрүп, алардын асылдыгына көкүрөк даярдап туруп санап берчү аялзаты оголе көптүгүн, бирок хан Шырдакбекти калмакка сатып кете берген Эркайым деген да аял болгонун, өзү көлдүк болуп туруп таластыктарча Майрам Акаеваны “апчелеп” ай менен күнгө теңеп жүрүп, ал бийликтен кетери менен Ишенгүл Болжурованын “апчелегени” ай-талаада калганын, ошондогу Конституциялык соттун төрагасы Чолпон Баекова ошол Конституцияны одоно бузуп туруп Акаевди 3-мөөнөткө шайлап берип, Акаевдердин жаман кылыктары дал ошол 3-мөөнөттө катуу уланганын, Баекованын ал кылганы бүтүндөй элге зыяны тийгенин жазды.

Бирок кыргыздын кылым карытып келген мыкты сыпаттамадагы аялаты арбын экендигин белгилеп, Зууракан Кайназарова, Өлмөскан Атабекова, Даркүл Күйүкова, Сакин Бегматова өңдүү мурдагылардын жолу азыркы Дарыйка Жалгасынова, Роза Отунбаева, Гүлшан Молдоева, Аида Салянова, Догдуркүл Кендирбаева, Асел Кодуранова, Шахра Талипова, Каныкей Эралиева, Гүлнара Бейшембиева болуп улана берерин, ар бир кыргыз айылында мыкты аялзаты бар экенин жазып чыкты.

“Жаңы агым” гезити бул санын “Жол тоскон эл, элди козуткан саясатчылар” деген баш тема менен жаңы санын ачып, бул боюнча Мелис Совет уулунун макаласын басты. Макалада бийлик менен саруулуктар бир пикирге келбей жатканда интернет булактары аркылуу маалымат пайда болгонун, анда митинг башчыларынын бири Замир Мендибаев тартип сакчыларынын бирине жол тоскондо Кубанычбек Кадыровдон 120 миң сом алышканы, Саруу айлында жаштар менен жашы улуулардын ортосунда карама-каршылыктар бар экени айтылганын белгиледи.

“Ошол эле учурда Барскоон, Тамга, Оргочор, Кызыл-Суу, Тосор жана Балтабай айыл тургундары саруулуктар жолду ачпаса митингге чыгарын билдиришүүдө” деп жазды.

Ушул эле санга “КТРК бербегенди Ош ТВ көрсөтүп, керек болсо коомдогу балансты биз сактап турабыз” деген ат менен ОшТвнын башкы деректири Эрнис Кыязов менен гезиттин Оштогу кабарчысы Алишер Токсонбаевдин маеги жарыяланды.

“Алиби” гезити да Кумтөр боюнча аягына чекит коюлбаган талашты талдоого алган макалаларды тартуулады. Гезиттин Ысык-Көлдөгү кабарчысы Чыныбек Ажыбеков Сарууга арналган макаласын “Сүйлөшүүлөр натыйжа берген жок, жол жабык” деп атап, 2-февралдан тартып 6-февралга чейинки окуялар кандай болгонун күндөлүк формасына салып баяндап берген. Ушул эле “Алиби” гезити белгилүү журналист Мундузбек Тентимишовдун “Жумгалбек Аманбаев кандай адам эле?” деген эки беттен турган эскерүүсүн жарыялады. Журналист Темирбек Алымбековдун макаласы “Кадр саясаты кайда? Парламент деген сайда” деп аталып, кыргыздар дегеле айыл чарба министрине жарыбай келатканын, жаңыдан иштеп, жаңыдан өңү тааныла баштаганда эле ээрден шыпырылып түшөрүн, болгону Костюк гана 5 жыл туруктуу иштегенин кеп кылды.

“Де-факто” гезитиндеги Айжан Койколованын макаласы “Кумтөр–максатка жетүү үчүн колдонулуучу курал” деген ат менен тартууланды.

Гезитте мындан башка депутат Өмүрбек Текебаевдин окурмандардын суроолоруна берген жооптору басылды. Бир-эки жообу менен угармандарды тааныштыра кетейин. Бишкектен Жазгүл Жусубакунова:

– Жазында эл толкуса кайсыл тарапта болосуз? - деп суроо салды.

Текебаев: Элдик толкундоонун жүйөөлүү себептери болот. Азырынча бизде элди толкута турган жагдайлар жок. Алмазбек Атамбаев элге чыкканда президенттик мөөнөтүнүн бүтүшүнө канча жыл, канча ай, канча күн калганын улам-улам кайталап келет. Мурункулардай бийликти кошо талашып башкарган инилери же балдары жок,–деп;

-Эмне себептен Жылдыз Жолдошева сиздин ар бир ишиңизге дайым эле каршы чыга берет?-дегенге:

Текебаев: Микрофонго барганда эле мени көрө калса кайым айтышмайы бар. Коридордон жолугуп калсак учурашабыз, мамилебиз жакшы,- деп жооп берди.

Ушуга улай эле депутат Жылдыз Жолдошеванын “Менин жалгыз байлыгым – менин тазалыгым” деген аталыштагы суроо-жообу басылды.

“Кыргыз туусу” журналист Нурслан Акматовдун “Улуттук идеология улактан башталабы?” деген макаласын окурмандардын ой элегине салды. Көптү көргөн тажрыйбалуу журналист идеология деген жазылбай эле кыргыз эли менен чогуу жашоосу керектигин, кыргызды улут кылып сактап калалы десек, ошого ылайык зарылдыкты, муктаждыкты пайда кылууну, маселен, Кадыракун Базарбаев деген көкжал секретарь Таласка келгенде эшектин баарын жоготуп, ошондон тартып Таласта жылкы тукуму дүркүрөп өскөнүн далилге тартты.
XS
SM
MD
LG