Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:39

Теңирчилик кыргыздын канында


Хакасия, кыргыз мигранты. 29-сентябрь, 2013-жыл.
Хакасия, кыргыз мигранты. 29-сентябрь, 2013-жыл.

Жарык көргөн гезиттер Кумтөр боюнча түзүлгөн келишимди талдоого алышууда.

“Азия ньюс” гезити Карыбай Турусбековдун “Канадалыктар Жогорку Кеңешти канчага сатып алышты?” деген макаласын басты. Парламент чуусу бүтпөй келаткан алтын кенин чет өлкөлүктөргө сатып ийди деген күнөөнү коюп, сынга алган автор Кумтөрдүн алтын аферасына аралашкан Бирштейн, Акаев, Бакиев, Танаев жана алардын укум-тукумдарынын баары эл-жеринен азып, бөтөн жерде оокат кылып жүргөнүн, астында алтыны бар жердин ар качан үстүндөгү суусу да, чөбү да таза болорун, кокус табияттын ушул айныгыс эрежесин кимдер бузса сөзсүз азабын тартаарын жазып чыкты.

Аталган гезит “24kg” маалымат агенттиги жарыялаган “Бабанов мамлекетке 10 млн. доллар карызбы?” деген схемасын көчүрүп жарыя кылды.

Депутат Феликс Кулов менен интервьюну журналист Мамат Сабыров жүргүздү.

“Учур” гезити менен маектешкен экономист Жумакадыр Акенеев “Бүтүн Кыргызстан” партиясынан чыгып кеткенин, азыр эч кандай партияга мүчө эместигин, май бир гана Орусиядан келгендиктен, анын үстүнө ал жакта да кымбаттагандыктан бизде да баасы өскөнүн айтты.

Ушул эле “Учур” гезити мурдагы депутат Арсланбек Малиевдин “Теңирге багыт алып кайра жаралышыбыз керек” деген интервьюсун басты. Малиев өз сөзүндө Теңирчиликтин түбү “Манас” эпосунда экендигин, ислам дини бир гана Израилде жашаган еврейлердин дини болуп саналарын, илгери бардык ырым-жырымдар нукура кыргызча болуп, адамды акыркы сапарга узатканда да кыргызча ыйлап, кыргызча кошок кошуп келген кыргыз, эми элге келгенине 500 жылдай эле болгон арабдардын кучагында калганын, ал эми Теңирчиликтин философиясы атамзамандагы Нур доорунан башталып, түбү тереңге кетерин, “Кожожаш”, “Эр Төштүк”, “Курманбек”, “Жаныш-Байыш” жана башка эпосторубуз дал ушул теңирчилик менен камыр-жумур аралашканын тарых да тана албастыгын баяндады.

“Асаба” гезити “Кыргызстандын экономикасын “Кумтөр гана сактап турат деген макаласын басты. Анда Кыргызстан үчүн жаңы түзүлгөн келишим пайдалуу болорун 20 пункт менен далилге тартты.

“Асаба” ошондой эле “Доллар эмнеге кымбаттады?” деп суроо коюп, буга Улуттук банктын Акча-кредит бөлүмүнүн башчысы Насиба Имаралиева жооп берди. Сүйүнбай Бөрүбаевдин макаласы “Алайдын Сопу-Коргону” деген ат менен, “Атыңдан айланайын, айылым!” деген рубриканын алдында жарык көрдү. Балык өстүрүү маселесин Балык чарба департаменинин деректири Самарбек Күчүков айтып берди.

“Асман пресс” гезитине саясатчы Ишенбай Кадырбеков “Биз Бажы биримдигине кирсек үйлөр кымбаттайт” деп айтты.

Чубак ажы Жалилов интервьюсунда бизде муфтийди шайлоо орусча тартип менен жүрүп, ызы-чуу көп болгонун, айрыкча акыркы беш жылда Мураталы ажы 8 жыл, Абдышүкүр ажы 8 күн, Сүйүн ажы 45 күн, Руслан ажы 60 күн, Чубак ажы 2 жыл, Рахматулла ажы 1 жарым жыл, Нурлан ажы 2 саат, ал эми Максат ажы 20 күндөн бери муфтийдин милдетин аткарып келатканын, ошентип сегизинчи муфтий менен жашап жатканыбызды, ал эми ислам өлкөлөрүндө муфтийлер өмүрүнүн акырына чейин шайланарын мисалга тартты. Чубак ажы ошондой эле Кыргызстанга парламенттик башкаруу туура келе бербесин, андыктан президент башкарып, жеке керт башы менен кыяматта жооп бере тургандай болсо болмогун, анан да кандай болбосун мусулман өлкөсү богон соң, президентибиз да мусулман болгон соң татыктуу муфтийди өзү шайлап берсе, калган мусулмандар ага баш ийерин да кошумчалады.

“Айат” гезити Ош ТВнын башкы деректири Эрнис Кыязовдун “ЭлТР каналында иштеп жаткан жеримен кылмыш кылып качып, ОшТВга келип басмачылык кылып олтуруп алган жерим жок” деген ат менен гезиттин эки бетине толтура интервьюсун чыгарды.

Ушул эле гезит “Эмилбек Каптагаевдин ишмердүүлүгүнө кандай баа бересиз?” деген суроо менен айрым жарандарга кайрылды:

Депутат Мирлан Бакиров:- Саруудагы митингдерге Каптагаевдин түздөн түз таасири жок. Көлдөгү окуялар ал келе электе эле болуп келген,-деп;

Депутат Абдыжапар Бекматов:- Эмилбек Каптагаев ишин алып бара алган жок,-деп;

Өндүрүшчү Орозбек Дүйшеев:- Кумтөр боюнча чагымчыл иштер абдан көп,-деп жооп берди.
XS
SM
MD
LG