Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:12

Сириядан кийин түрмөгөбү?


“Де-факто” гезити 21-февралда чыккан санында саясат иликтөөчү Айнура Арзыматованын интервьюсун окурмандарга тартуулады.

“Кыргыз туусу” гезити президент Алмазбек Атамбаев Орусия делегациясын кабыл алып, энергетика маселесин талкуулаганын кабарлады.

“Уктайм деп кызматынан айрылды” деген кабарда ушул жылдын 17-февралындагы Башкы прокуратуранын коллегия жыйынында башкы прокурор Аида Салянова уктап жаткан бир прокурорду уйкусунан ойготуп, жыйын залынан айдап чыккан. Эртеси ал Базар-Коргон районунун прокурору Артисбек Кыдыралиев деген жигит экендиги такталып, мамлекеттик кызматына кылган кайдыгер мамилеси үчүн Аида Салянова аны мындан ары каалашынча уктап алсын деп кызматынан бошотуп салганын жазыптыр.

Барно Эшимованын макаласы “Этникалык кыргыздардын абалын ким сурайт?” деп аталып, өз эл-жерибизге келип, кор болуп, эмдигиче паспорттору жок жүргөн кыргыздардын абалы тууралуу кеп болду.

“Алиби” гезитиндеги Украина тууралуу жазган макаласында Дайырбек Мейманов “Украинанын учурдагы трагедиясы Орусияга ыктаган кыргыз бийлиги менен Батыш менен Америкага ыктаган айрым оппозиционерлерге сабак болуусу зарыл” деген ойду айтты.

“Фабула” гезити Мамлекеттик коопсуздук комитетинин кызматкери менен экстремизм жана терроризмге каршы күрөшүү багытында маек курду. Кооптонууга негиз жок болгону менен Сирияга согушка кеткендердин саны арбып жатканы чын экенин, Сирияга барып согушка катышып, кайтып келип бул жактан мыйзамсыз иштерди жасагандар көбөйгөнүн, буга жаңы жылдын алдында кармалган Казакстандын эки жаранын мисалга тартса болорун, булар Сириядан келип терррочулук топ түзүп, финасы булактарын таап, Сирияга жөнөтүү иштерин жүргүзгөнүн, маселен, Бишкектин Ош базарында жайгашкан РСК банкынан 1 млн. 200 миң сомду тоногондор ушул топ болгонун, тоногон акчаны Сирияга жөнөткөнгө үлгүрүп да калганын, азыр алар камалып, суралып жатканын айтты.

Ал ошондой эле бүгүн Кыргызстандын 50дөн ашык жараны Сирияда согушуп жүргөнүн, алтургай бир жаран келинчеги менен 9 жашар баласын кошо ала кеткенин, Сирияга көбүнчө динге баш-оту менен сайылып калгандар азгырылып атканын, ата-энелер балдары медресеге барып жатса эле ыймандуу болуп жатат деп жаңылышып жатканын кеп кылды.

“Жаңы агым” гезитиндеги Жалил Сапаровдун макаласы “Жалал-Абаддагы экономиканын жалгыз кыр аркасын өкмөт неге кыйраткысы келет?” деп аталса, Бажы кызматынын төрагасы Адамкул Жунусовдун чакан маеги “Бажы кызматында реформа ишке ашты десек болот” деп аталды.

Сапарбек Акунбековдун макаласы “Жигулинин моторун “Москвичке” баскан Жеңишбек Бекмуратов тууралуу баяндады.

“Де-факто” гезитине саясат иликтөөчү Айнура Арзыматова “Бийликке ишенимди арттыруу Атамбаевдин өзүнөн гана көз каранды” деп маек берип, бийлик Мелис Мырзакматовго каршы анын өзүндөй эле сапаттарга ээ Айтмамат Кадырбаевди алып чыгуу менен терең ойлонулуп чыккан кадам жасаганын, жаңы түзүлгөн оппозициялык кыймылдын бирдиктүү идеясы да, идеологиясы да жоктугун, кыймылдын келечеги болуш үчүн Мамлекет деген, Эл деген идея болушу зарылдыгын, а буларда баштарынан ашкан дымактары менен ар кимисинин жеке кызыкчылыктары гана барын, мындай кыймылдан эч нерсе чыкпастыгын белгиледи.

Айнура ошону менен бирге эле бүгүнкү күндө Акаев менен Бакиев кезиндегидей элди социалдык жарылууга алып келе турган себептер жок экендигин, эки революциядан кийин элдин турмушу оңолуп, экономикабыз дүркүрөп өсүп кетпегенин, албетте эл ошол Акаев, Бакиев кездегидей эле жашоону башынан өткөрүп атканын, бирок андагыдай элди муунткан, элди массалык түрдө көчөгө чыгарган, бүтүндөй элди кыжынткан факторлор азырынча жок экендигин белгиледи.
XS
SM
MD
LG