Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:43

Бүгүн “Тил маданияты” менен “Көк асаба” гезиттери жарык көрдү.

Бүгүн жарыкка чыккан “Тил маданияты” гезити Жогорку Кеңештин депутаты Ыргал Кадыралиеванын “Айылдык кыргыз кызымын” деген аталыштагы маегин окурмандарга тартуулады. Өзүнүн айрым кесиптештерине караганда эне тилин мыкты билген, таза сүйлөгөн Ыргал кыз өлкөдөгү көп жамандыктар пейилибизден болуп жатканын, пейил оңолсо жандүйнө, эл оңолорун, канча жылдан бери жакшы иш жасайын деп атканды колдоп-сүрөп “жакшы” дегендин ордуна: “сен итсиң, сен акмасың” деген жаман сөздөр өзү менен жаман энергияны апкелип жатканына токтолуп, өзүнүн тарбиясын, өткөнү менен азыркысын, ата-энеси, айылы жөнүндө кеп салды.

Ноокаттагы Найман орто мектебинин кыргыз тили жана адабият мугалими Карамат Чырмашеванын эне тил жөнүндө маеги да “Тил маданияты” гезитинин ушул санында.

Кыргыз милициясы мамлекеттин коопсуздугун сактоодо, коррупция жана оор кылмыштар менен күрөшүүдө оңой эмес иштерди аткарып келатканын, ушул күч түзүмүнүн башында тургандардын бири, жандүйнөсү таза жигит, Ички иштер министринин 1-орунбасары Бактыбек Жусубалиев экендигин, ал бош убактысында ыр да жазарын, ырлары акынмын деген далайларды артка таштай турганын белгилеп, үч ырын окурмандарга тартуулады.

Милиционер акын аялзатына арнаган бир ырында:

Жүз бурсаң кантип ачмакпыз,
Жүрөккө түшпөйт башка ачкыч.
Жүгүрсөк дагы дүйнөдөн,
Жүз жылда сендей таппаспыз.
Эч кимди кырсык тоорубай,
Эзели эне соолубай,
Алдейлеп турган баласын,
Аялдар жүрсүн оорубай десе,

дагы бир “Кыргыз милициясына” деген ырында:

Ар ким келип адам атып ойносо,
Ар ким келип кыздарыңды зордосо.
Элестетчи эмне күндү көрмөкпүз,
Эгер элдин милийсасы болбосо.
Чымчыкты да бирөө керек коргогон,
Чырды дагы бирөө керек торогон.
Өкмөтсүз өсө турган эл болбойт,
Өлкө болбойт милийсасы болбогон.
Ырас элде кийим бүтүн, аш кенен.
Ынтымагың ызы-чуусуз баш менен.
Митингге чык! Оюңду айткын, а бирок,
Милийсаны урбай жүргүн таш менен!,- деди акын Бактыбек Жусубалиев “Тил маданияты” гезитиндеги бүгүн жарык көргөн ырлары аркылуу.

Аталган гезитке “Тайбөбөк” деген баштеманын алдында бөбөктөргө арналган ырлар, жомоктор да басылды.

Мезгилсиз дүйнө салган таланттуу жигиттерибиздин бири, акын Медер Осмоналиев жөнүндө жубайы Акмаанай маек курду.

Бүгүн жарык көргөн “Көк асаба” гезити коомдук ишмер Рустам Мамановдун “Мектеп формасын киргизип, окуучулардагы кийим атаандаштыгын жоюу зарыл” деген макаласын басты.

Тарыхчы, жазуучу Баяс Туралдын “Кыргыздын балдарын европалык түшүнүк менен соттоо чыккынчылык” деген интервьюлары, Манас изилдөөчү журналист Темирбек Токтогазиевдин “Кытайда Манастын тарыхый инсан экендигин тастыктаган сүрөттөр бар” деген макаласы да ушул “Көк асаба” гезитине жарыяланды.

Жер маселесин кеп кылган Баяс Турал кыргыздын ыйык жерлери Хан Теңир тоосунун бир капталы болгон Үзөңгү-Кууш менен Каркыра казак менен Кытайга кетип атканда Көл эли тикесинен тик туруп күйүп чыкпаганын, андан да кызыгы чет элдик адамдар ээлеп алган же ошондойлорго сатылып жаткан пансионаттар тууралуу бир ооз сөз кылбай, кыргыздын патриот кыздарынын бири Жылдыз Жолдошева курдуруп жаткан “Курманжан Датка” комплексин чуулдап көтөрүп чыгышканына нааразы экендигин жазып чыкты.

Сценарийин өзү жазып, өзү режиссер болгон “Сүйүү жазы” деп аталган жаңы кино тасма кандай тартылганын белгилүү куудул Күмөндөр Абылов өзү айтып берди.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG