Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:55

Гезиттер өлкөнүн саясий жолу тууралуу ар кандай ой-пикирлерге орун берди.

“Айат” гезити Орусиянын Украинадагы таасири жөнүндө сөз кылып, депутат Бактыбек Калмаматовдун бир катар суроолорго жообун басты. Бийликти бир колго топтоп алган өлкөдө Украинадагыдай болору биздин башыбыздан эки жолу өткөнүн эске салган депутат, тилекке каршы Кыргызстан кайрадан орус саясатынын жетегинде калганын, газды “Газпромго” сатып, Орусиянын кийлигишүүсү менен АКШнын аскер базасын чыгарабыз деп жылына түшүп турган 130 млн. доллардан ажыраганы калганыбызды, анын ордуна каяктан акча түшөрүн өкмөт эмгиче аныктай электигин, “Камбар-Ата-2” ГЭСинин курулушунун келишими да өмүр бою 50х50 болуп түзүлүп, экинчи Кумтөргө окшоп калганын, ошентип Кыргызстанга Орусиянын толук үстөмдүгү орногонун, ал эми Украина өнүгүүнүн орустарсыз жолун тандап алып туура кылганын айтты.

“Украинадагыдай көрүнүш бизде кайталанып кетиши мүмкүнбү?” деп суроо салган “Айат” гезитинин суроосуна саясат иликтегичтер минтип жооп узатты:

Марс Сариев: Бизде оппозициянын бийликти кулатууга ички ресурстары жетишсиз, чаң-тополоңдун болушу глобалдуу оюнчуларга көз каранды;

Адил Турдукулов: Биздеги эң башкы коркунуч коррупция. Эл ошого каршы көтөрүлүп чыгышы мүмкүн;

Тимур Саралаев: Украинадагыдай процессти биз 4 жыл мурда басып өткөнбүз. Өткөн жылдын жазынан баштап ар түрдүү саясий күчтөр Кыргызстанды аркы-терки чайкап көрдү, бирок майнап чыкккан жок. Бүгүнкү күндө жалпы элди бириктире турган социалдык-саясий көйгөй да жок. Эки революцияны башынан өткөргөн Кыргызстанга бүгүн урушканга караганда сүйлөшүп иштөө алдаганча маанилүү,–деп жооп беришти.

“Асаба” гезити Ат-Башынын Кызыл-Туу айылынын тургуну, тарыхчы, санжырачы Калкан Керималиев аксакалдын “Кызыл-Туу - Асык” деген макаласын жарыялады. Кыргыздын эң байыркы урууларынын бири болгон “асык” уруусу менен сыймыктанган санжырачы макаласында айылдын өткөнү менен бүгүнкүсү, анын мыкты адамдары тууралуу кенен кеп кылды.

Ушул эле “Асаба” гезити өкмөт башчысы Жантөрө Сатыбалдиевдин “Бакылдаган саясатчылардын айынан 2013-жылы экономикага 80 млн. доллар зыян келтирилди” деген интервьюсун басты.

“Азия ньюс” гезити Сакен Бөрүбаевдин “Ор” деп аталган макаласы менен жаңы санын ачып, Аскар Акаев бийлик сересине Курманбек Бакиевди чыгарып алып, аягында азабын жегенин, букага айланган Бакиев өзүн алып келген кожоюну Акаевдин аркасына “бычак урганын”, Алмаз Атамбаев да “түштүк кадрлары менен бийликтин тең салмагын сактайм” дегн ой менен Жантөрө Сатыбалдиевди өкмөт башы кылганын, тилекке каршы анын кылганы көзгө көрүнбөй койгонун белгилеп, бийликтеги кадр маселесин талдоого алды.

Ушул эле “Азия ньюс” гезит Кара-Кечеде кайрадан жаңжал башталганын, чыр көлдүк “черныйлар” менен жергиликтүү боз балдардын араздашуусунан улам чыкканын, Кумтөр чатагы менен айыпталган Курманбек Осмонов дартка чалдыкса, коррупция боюнча кылмыш иши козголгон Токой чарба агенттигинин башчысы Сабыр Атажанов реанимация бөлүмүнө түшкөнүн, албетте редакция булардын батыраак сакайып кетишин каалай турганын, бирок элдин мүлкүн талап-жеп аткан кездеринде Ак үйдөн коркпосо дагы Кудайдан коркуп койгондо, бийликтин укуругу жетпеген күндө да Кудайдын укуругу баары бир жетерин жазды.

“Асман пресс” гезитине депутат Мыктыбек Абдылдаев “Бул жол менен саясий коррупцияны жое албайбыз” деп интервью берди.

Кыргыз эл акыны Майрамкан Абылкасымованын акын Эркалы Өскөналиевдин ушул гезиттин 16-январдагы №1 санына жарык көргөн “Атакенин “Ак болоту курчпу же мококпу” деген сын макаласына нааразылыгын билдирип, аталган романдын автору Акбар Рыскулов аны 20 жыл жыл архивдерге таянып, тарыхка таянып, алтындай убактысын кетирип жазганын, ал кыргызга таанылган, чыгармаларын эл сыйлаган инсан экендигин, “Атакенин ак болоту” мындай деңгээли төмөн, бир жактуу, супсак сынга сынбашы керектигин, ал жогору баага татый турган роман экенин, бул сын бир беткей, башка бирөөнүн заказы менен жазылганы кашкайып эле көрүнүп турганын айтуу менен Өскөналиевге “Атаке атамдын арбагы урсун!” деп катуу эле айткым келип турат” деп сөзүн бүтүрдү.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG