Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:00

Жаңы жол бөлүнүүгө чекит коебу?


Жаңы курулуп жаткан түндүк-түштүк жолун кытайлык компания курууда. 2-май, 2014-жыл.
Жаңы курулуп жаткан түндүк-түштүк жолун кытайлык компания курууда. 2-май, 2014-жыл.

”Кыргыз туусу” гезити Балыкчы–Жалал-Абад жолунун курулушу тууралуу жазып чыкты.

Президент Алмазбек Атамбаевдин Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунда болгонун кенен чагылдырган макаласын бүгүн жарык көргөн “Кыргыз туусу” гезити “Балыкчы-Жалал-Абад жолу элди бириктирет” деп атап, президенттин демилгеси менен курулуп жаткан Балыкчы-Жалал-Абад жолу үч фазадан турарын, биринчиси 154 чакырымды түзүп, Казармандан Жалал-Абад шаарына чейинки аралыкты камтый турганын, экинчиси - 96 чакырымды түзүп, Арал-Казарман аркылуу кетерин, үчүнчүсү - Балыкчы-Кызыл-Жылдыз аркылуу өтөрүн, жол ошону менен бирге Көк-Арт ашуусуна курула турган узундугу 4 чакырымга жакын тоннель аркылуу өтөрүн кабарлады.

Президент Тогуз-Тородо болгон учурунда Ош-Бишкек жолунун транспорттук агымды өткөргөнгө мүмкүнчүлүгү азайып, суткасына 400-500 машине гана өтүп калганын, ал эми жаңы жол бүтсө суткасына жок эле дегенде үч миң, үч жарым миң машине өтүп турарын айтканын, муну менен бирге эле асфальт-бетон, темир ширетүүчү үч чакан завод куруларын, азыр 200дөн ашуун киши иштеп атса, бара-бара жумушчулардын саны 2 миңге жетерин айтканын жазып чыкты.
Бул санга билим жана илим министри Канат Садыковдун “Билим берүү системасы өнүкпөй жатат деп айтуу туура эмес” деген макаласы жарык көрдү.
Кыргыз эл акыны Майрамкан Абылкасымованын “Кызыл туу” деп аталган ыры илгери кандайча ушул гезитке жарык көрүп калганын, ал кырчындай кыз кезинен тартып кызыл тууну ыйык тутарын, чоң атасы, кадимки Атаке баатыр баштаган эрендер эзелтен эле: “Туунун жыгылганы – элдин жыгылганы” деген түшүнүк менен жашап келгенин, ошондуктан эл акыны ырын желегибиз түбөлүккө желбиреп турсун деген тилек менен жазганын баяндап берген.

Бүгүн жарыкка чыкчу “Дело №...” гезити журналист Артур Исаевдин “Келдибековдун “москвалык долбоору” деген көлөмдүү макаласын окурмандарга тартуулады.

Президент Атамбаев президенттик фондудан Ата Мекендик согуштун майыптарына, катышуучуларына, Ленинград блокадасында калып, ошондогу мекеме-ишканаларда иштегендерге, согуш маалында фашисттик концлагерлерде, башка кыйноочу жайларда жатып чыккандарга 1-майдан тартып өмүрлөрүнүн акырына чейин ай сайын 3 миң сомдон кошумча жөлөк пул берип туруу чечимине кол койгонун маалымдады.

Ушул эле “Дело №...” гезити жакында бирөөлөрдүн огунан улам каза болгон 38 жаштагы Жеңиш Садиевдин өлүмүн Оштун мурдагы мэри Мелис Мырзакматовго чаптай салып, саясый боёк бергенге аракет кылгандардын ою талаага кеткенин, анткени Жеңиш Садиев мурда эки жолу соттолгонун, биринчи жолу 1998-жылы Өсөров деген ат менен өтө көп өлчөмдөгү маңзат сактап жүргөндүгү үчүн деп 14 жылга, экинчи жолу 2003-жылы бирөөлөрдөн акча өндүргөндүгү үчүн деп 8 жылга кесилгенин, ошондой эле Садиев Батукаевдин уюшкан кылмыш тобунун мүчөсү болгонун, бирок акыркы 6 жылдан бери кылмыш дүйнөсүнөн оолактап, машина сатып жан багып келгенин, болгону маркумдун апасы менен Мелис Мырзакматовдун атасы бир айылдан болорун, Мелис менен андай деле казан-аяк катышкан жакын туугандар эместигин белгиледи. Чын эле ушундай экенин, ал эч качан саясатка аралашпаганын биздин “Азаттык” радиосуна маркумдун бир тууганы Толкун Садиев да билдирген.

“Дело №...” гезити 4 бетин Улуу Жеңиш күнүнө арнап, согуш маалындагы фото сүрөттөрдү басып чыкты. Советтер Союзунун баатырлары Исмаилбек Таранчиев, Чолпонбай Түлөбердиев, Николай Дмитриев, Советтер Союзунун эки жолку баатыры Талгат Бегелдинов жана ошол кезде оорукта иштегендердин каарман эмгектери жөнүндө баяндады.

Аталган гезит ошондой эле жакында Казакстанда Ата Мекендик согуштун жана Ооган согушунун ардагерлери, Чернобыл жана Желтоксон кыймылынын катышуучулары Алматы шаарында “Человек-легенда” же казакчасы “Аңыз-Адам” деген ат менен Гитлердин портрети басылган журналды көпчүлүктүн көзүнчө өрттөшкөнүн, анткени журналдын апрелдеги саны Адольф Гитлердин 125 жылдыгына арналып, анда Гитлердин өз элинин адилеттиги үчүн күрөшкөн инсан экени белгиленип, алтургай Владимир Путинге салыштырылганын кабарлап, Казакстандын байланыш жана маалымат агенттиги бул журналды чыгарган киши 12 жылга түрмөгө кесилерин билдиргенин кошумчалады.
XS
SM
MD
LG