Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:14

"Эл бийлеген жакшылар экиден аял алчу эмес"


Иллюстрация
Иллюстрация

“Фабула” гезити бул санын “Акматбек акталды” деген баштема менен ачты.

“Фабула” ошентип прокуратуранын 10 жылга эркинен ажыратып, үй мүлкүн конфискациялоо боюнча сунушу суу кечпей калганын, муну менен коррупцияга каршы ачылган күрөш шоу экени далилденип, бийлик спектаклинин 1-көшөгөсү жабылганын жазды.

Ал арада бизде оор кылмыш кылып түрмөгө түшкөндөрдү качырбай кайтаруу маселеси башын оорутуп жаткандарга кеңеш бере кетели, Индонезиянын бийлиги киши өлтүрүп же маңзат менен кармалып өтө оор кылмыш кылгандар үчүн атайын түрмө салганы жатканын, алар качайын десе суу жолун киши жегич крокодилдер тосорун, алар түрмө кызматкерлерине караганда кылмышкерлерди алда канча мыкты кайтарарын, аларды пара берип сатып алууга да болбостугун, кокус кылмышкер качып баратып ага жем болуп калса, крокодилди мыкаачы деп соттоп жиберүүгө да болбой тургандыгын кулак кагыш кылды.

Журналист Үсөн Касыбеков макаласын “Депутаттар кантип “жепутаттарга” айланышты?” деп атап, “Деги эле мыйзам жазуу ишинде же парламенттик дебаттарга катышып сүйлөш үчүн депутат болуп келгендерге үч-төрттөн жардамчы кызматкерлердин жана атайын бекитилип берилген машинанын зарылдыгы барбы?” деген суроо койду. Айбек Шамшыкеевдин Маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максүтовдон алган, Алмаз Темирбек уулунун депутат Рыскелди Момбековдон алган, Гүлмира Шаршееванын депутат Садык Шернияздан алган маегин, Баратбай Аракеевдин “Кадам ушул” деген макаласын окуйсуздар.

“Де-факто” гезити расмий маалыматтар боюнча Сирияга "Ислам мамлекетин" курмакчы болуп кеткен кыргызстандыктардын 70ке жакыны өмүр таппай эле өлүм тапканын, адашып барып алганын билип, тирүүлөй тозоктон эптеп качып чыккан Жалал-Абаддын 20 жаштагы жапжаш жигити ок жеп, жарым өпкөсүнөн ажырап, жашайлек жатып бутун сүйрөп баскан майыпка айланганын угалектердин эсине салды.

Журналист Нургазы Айтмырзаевдин “Алмазбек Атамбаевге көө жапкысы келген Аскар Акаев жана көмүскөдө акактай таза сакталгысы келген Асан Жакшылыков” аттуу макаласы жарык көрдү.

“Де-факто” гезити бүгүнкү санына легендарлуу парламенттин депутаты Кемел Ашыралиевдин Кыргызстанды чейрек кылым башкарып турган көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиев дүйнөдөн өткөндө олтура калып сөзүн жазып, Би-Би-Си радиосуна барып комуздун коштоосу менен кошкон жоктоосун толугу менен жарыялады.

Ал: “Арабыздан бөлүнүп, асыл кетти көрүнөт, ар убакта жол баштаар, баатыр кетти көрүнөт. Атпай журту кеңешээр, акыл кетти көрүнөт. Сиз башкарган убакта, өнөр жайы дүркүрөп, өсүп жатчу токтобой. Ай сайын завод ачылчу, бир-бирине окшобой. Жумушсуздук жок болчу, эл курсагы ток болчу. Элди-жерди менчиктеп, байлар басып алчу эмес, эл бийлеген адамдар, эки катын алчу эмес”, деген саптардан турат.

Ушул эле гезитте кетментөбөлүк таланттуу акын кыздарыбыздын бири Базарбү Медетованын “Ушул күз жандүйнөмдү жаркытты” деген чакан маеги жарык көрдү.

“Жаңы агым” гезити “Башпрокурор качан үн катат?” деген рубриканын алдында “Абеков ачкачылыгын токтотту” деген маалымат басты. Анда Абековдун кызы Мээрим Абекова үй-бүлөсүнүн коопсуздугуна коркунуч туулганы үчүн апасы болуп чет өлкөгө чыгып кеткенин айтса, укук коргоочу Рита Карасартова Алмаз Абековдун жакшы ойлору, көп идеялары болгонун, кыргыз элине дал ушундай кезде кереги тие турган чыгаан менеджер жигитибиздин канатын кыркып, капаска камап олтурганыбызды, Алмаз убагында “Алиппе ТВ” деп мугалимдер жетишпеген мектептерде телевидение аркылуу билим берүү маселесин колго алмакчы болгонун айтуу менен эмдиги соту 18-ноябрда боло тургандыгын билдирди.

Гезит ошондойле Чыңгыз аттуу жигиттин 29-октябрда үйүнөн чыгып кетип, 11-ноябрда милийсанын издөөсү менен араң табылганын, туугандарынын жүрөгү түшүп издебеген жери калбай айлалары кеткенде Свердлов раймилийсасына кайрылганын, көрсө Чыкең чымын учпаган жерге кирип алып, кабарын айтып койбой, 13 күн бою интернетти “эзип” олтурганын жазып чыкты.

“Вечерний Бишкек” гезити “Доллардын кезектеги рекорду” деген, “Гвардиячылар ант беришти” деген макалалар менен жаңы санын ачып, “Караңгы тамдагы мышыктын жоругу же адвокаттык иликтөөнүн сенсациясы” деген макала тартуулады. Анда президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Данияр Нарымбаев менен экс-депутат Хаджимурат Коркмазовдун сот иштери баяндалды. Аталган гезит аркылуу Наргиза Койлубаева “Суунун өз энергетикасы болот, ал эми “Легенда” суусунуку өзгөчө энергетика” деген макаласында таза ишкер, таланттуу публицист маркум Табылды Эгембердиевди эскерди.

XS
SM
MD
LG