Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:47

Ниет оңолмоюн, адам оңолбойт


“Фабула” гезити Баратбай Аракеевдин “Мамлекетти акча эмес. Ниет оңдойт” деген макаласы менен жаңы санын ачты. Автор макаласында экономикадан мурда адам өзүнүн ниетин оңошу керектигин, ал үчүн өзүнүн өлкөсүн талап-тоноп, жеп ичкенден башка адам болуунун кандай классикалык жолдору бар экенин дагы бир ирет эске салды.

“Өткөндү эскерип” деген рубриканын алдында “Макоолор менен жалкоолор гана уурдабайт” деген сөздү мен айткан эмесмин” деген ат менен коомдук ишмер Турсунбек Чыңгышевдин маеги жарык көрүп, Кыргыз мамлекетин куруунун алгачкы жылдарын баяндады.

“Кыргызалтын” мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Токон Мамытовдун “Ал документтер ачыкка чыкса чоң сенсация болот” деп аталган маеги да ушул санда.

“Айбат” гезити “Бир да бала бакча, музыкалык мектеп саткан эмесмин деген Равшан Бабырбековичтин жүзү” деген теманын алдында Мамлекеттик мүлк фондун башкарып турган кездеги сатылган имараттардын түрлөрүн, сатылган күнүн, сатып алгандар ким экенин тастыктаган схеманы басып чыкты. Гезиттин бүгүнкү санында “Кубулма Кунакунов”, “Коррупцияга шектелгендерди колтугуна корголото берген Жогорку Кеңеш коррупция менен кантип күрөшөт?”, “Келдибековдун баш коргоо чарасын өзгөртүү тууралуу токтомду кабыл алуу менен Жогорку Кеңеш Конституцияга каршы иш жасады” деген макалалар бар.

“Жаңы агым” гезити Аскер Сакыбаеванын “Көзүбүз көр, ак кара, кара ак болгон заман”, Алишер Токсонбаевдин “Ошту газ менен камсыздоонун атаандаш жолу”, Мелис Совет уулунун “Украина-Россия урушунан ким эмне утат?” деген макалаларын тартуу кылды.

“Алиби” гезити “Бабырбек Жээнбековдун “Кудайберген” базарынын башчысынан пара талап кылбагандыгы тастыкталды” деген маалыматы аркылуу Жээнбеков пара талап кылбаганын пара менен кармалган агенттиктин кызматкери Нургали Кудаяров өзү мойнуна алганын кабарлады.

Ушул эле “Алиби” гезити табыпчылык касиети бар 81 жаштагы Зулфия аттуу апа менен маегине окурман көңүлүн бурду. Зулфия апа ага табыпчылык кандайча келгенин, 150 жашка чыгып көз жумган апасын, ага келген адамдарды эмне маселе менен келгенин, кайсыл жеринде дарт барын дароо эле билип коерун, адамдарга сообу тийип келатканын кеп кылып келип, кабарчынын: ”Биздин президенттин кандай адам жана кандай жетекчи экенин айтып бере аласызбы?” деген суроосуна:

-Алмазбек негизи абдан жакшы адам. Кыргызстан өнүксө экен деп бушайман. Бирок душмандары абдан көп. Учурда эл аны жаман көрүп, катуу сөздөрдү айтып жатат. Анткен болбойт. Анткени падыша кудай тарабынан тандалат. Алмазбекти жек көргөндөр “Оорусун. Иштей албай калсын” деп дуба чачышкан. Ошол дубанын залакасы бул жигитке катуу таасир этип жатат. Ушул жигит мага бир келип кетсе дубасын жандырып, оорусун жакшыртмакмын” деп жооп берди.

“Де-факто” гезитине интервью берген “Эмгек” партиясынын лидери Аскар Салымбеков алгачкы жолу Ат-Башыда кыргыздын кымыз фестивалын өткөргөнү жатканын, максаты немистер пиво фестивалын өткөрүп, дүйнөгө пивосун даңазалагандай эле кымызды даңазалоо экенин, партия тарабынан Кытайдан тамчылатып сугаруучу аппаратты апкелип Таластын төө буурчагын сугарып эксперимент кылып атканын айтты.

“Кыргыз туусу” гезити бул санын “Ошко оомат келди” деген кабар менен ачты. Гезит “Тараз-Талас жолу жана телекоммуникация тармагы оңолорун, “Датка Кемин” жана “Кемин” долборлорунун иши күч алганын маалымдады.

Академик Абдыганы Эркебаевдин “Өмүрү өрнөк, кызматы кымбат” деген ат менен академик Курмангалы Каракеев жөнүндө эскерип жазган макаласы жарыяланды.

XS
SM
MD
LG