Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:52

Гезиттер башкы көңүлдү чек ара маселесине бурду, “Фабула” гезити мэр тууралуу да жазды.

“Чек араны чыңдоо - мамлекеттик маанилүү иш”. Мына ушул баш тема менен бүгүнкү санын ачкан “Кыргыз туусу” гезити президент Алмазбек Атамбаев Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Раимберди Дүйшөнбиевди кабыл алып, өлкөнүн мамлекеттик чек арасын чыңдоо жана аны кайтаруу боюнча бир катар тапшырмаларды бергенин кабарлады.

“Алтай-Манас-Талас” коомдук бирикмесинин уюштуруучусу Абды Сариевдин “Кушубектин 145 баласы Орусияда окуйт” деген ат менен коомдук ишмер жана жазуучу Кушубек Качибеков башында туруп уюштурган иштер ушу кезде жемишин берип, бүгүн Кыргызстандын айыл-кыштактарынан келип тапшырган 145 бала үч жылдан бери карай Орусиянын Тоолуу Алтай мамлекеттик университетинде, болгондо да бюджеттик бөлүмдө окуп жатканын кубанып баяндады.

Филология илимдеринин доктору Асылбек Эшиевдин гезит сандан санга жарыялап келатып, бүгүн аягына чыккан “Манастын Кыргыз журту” аттуу макаласынын корутунду бөлүгү басылды.

“Алиби” гезити 1-вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиевдин маегин басты. Буга улай эле айрым эксперттер чек ара боюнча ойлорун ортого салды. Саясат талдоочу Марс Сариев: - Бул жерде үчүнчү күчтөрдүн да, кошуналарыбыздын да кызыкчылыгы бар. Бирок айтып коюш керек, тажик президенти Эмомали Рахмон кыргыздар менен мамилени бузууга барбайт. Эки мамлекеттин ынтымагын бузууга алардын оппозициясы кызыкдар. Максаты - бийликти алмаштыруу. Ошондуктан ортого Орусия менен Казакстанды салып, мыкты аналитиктердин деңгээлинде сүйлөшүү жүргүзүү керек,-деп,

Мурат Жетимишбаев:- Куру намысты таштап, эки мамлекеттин жетекчилери бир консенсуска келип, сүйлөшүүлөргө баруу керек. Эмомали Рахмон деле аймактарда тынчтык болушун каалайт. Айрыкча Ооган тарапта радикалдуу исламчылар жулунуп турганда ашыкча ызы-чуунун кереги жок, - деп,

Табылды Акеров:- Менимче, Орусиянын атайын кызматтары ушундай чыр-чатактарды уюштуруп, Кыргызстанды жүдөтүп, газ да бербей, бизди тезинен Бажы биримдигине киргизүүгө аракет кылып жатышы мүмкүн, балким Кытай тараптын да кызыкчылыгы бар,-деп жооп берди.

Депутат Жылдызкан Жолдошева “Камчыбек Ташиев президенттен эмес, элден кечирим сурады, мындай эрдик эч кимдин колунан келе бербейт,- деп айтса, оппозициядагы дагы бир саясатчы Мукар Чолпонбаев:- Мен Ташиевге дегеле түшүнө албайм. Бир туруп баатыр болуп кетет, баатыр экен десең Ак үйдүн тосмосунан аттап кетет. Бир туруп катасын мойнуна алат. Алат экен десең анын аягына чыкпайт. Ташиевдин кечирим сураганын мен баатырдык катары деле көрбөйм,-деп айтты.

“Фабула” гезити аркылуу буга чейин далай ирет какшап жазган Баратбай Аракеев Кыргызстанга өлүм жазасын кайрадан калыбына келтирүү маселесин койгон макаласын тартуулады. Ушул эле автор Бишкек мэри Кубанычбек Кулматов жөнүндөгү чакан макаласын “Эт эмес же чел эмес” деп атады. Кулматовдун ишине оюн айткан журналист Сурат Жылкычиев: - Эч нерсе жасаган жок. Жасайт деген үмүт да жок. Бул киши шаар башчылыгына жарабайт,-деп,

ЭлТР каналынын башкы директору Султан Жумагулов:- Чоң реформа жасаш үчүн структураларды өзгөртүү керек. Бул деген узак процесс. Жакшы же жаман деп так кесе айта албайм. Баары бир жылдан кийин билинет,-деп,

Журналист Тынчтык Алтымышев:- Өмүркуловдун учурундагыдай жолдорду оңдоо, көчөлөрдү көрктөндүрүү деген нөлгө түштү. Арча-Бешиктеги былтыр салынган жөө адамдар басчу жол жээгин эки айдан бери бүтө албай койду,-деп,

Коомдук ишмер Кубатбек Байболов:- Мен Кубанычбек Кулматовдон эч нерсе күткөн эмесмин, күтпөйм дагы,-деп,

Депутат Бакыт Жетигенов: - Мэрде күнөө жок, күнөө башкада жана “Тазалык” ишканасында,-деп.

Укук коргоочу Азиза Абдрасулова:- Мэр кол алдындагы кызматкерлерди башкара албай жатат. Эгер ал катуу көзөмөлдүк кылганда бүгүнкүдөй абал болмок эмес,-деп жооп берди.

“Фабула” гезити булардан тышкары вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиевдин интервьюсун жана чек ара чатагын кантип чечсе болот дегенге ойлорун билдирген депутат Курманбек Осмоновдун, генерал Ашырбек Бакаевдин, саясатчы Мукар Чолпонбаевдин, ардагер Мамат Айбалаевдин пикирлерин тартуулады.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG