Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:39

74 миллион сомго тартылган кинорежиссер Садык Шердин “Курманжан датка” кинотасмасы атактуу “Монереаль” кинофестивалына катышуу чакырыгын алды. Кудай буюрса, кыргыздын бул киносунун тушоосу чет өлкөдөн кесилип, дүйнөлүк атак-даңкка ээ болгону калды. Буга дейре Голливудда 40тан ашуун кинонун сценарийин жазган америкалык атактуу киносценарист тамшануу менен биздин Садык Шерге кат жолдоп: “Сиздин бул киноңуз накта шедевр болуптур",- деп баа бергени эмнеден кабар берип турат. “Де-факто” гезити бүгүнкү санына кыргыздын атын дүйнөгө дүңгүрөтө турган ушул көркөм тасманын автору, кинорежиссер Садык Шердин маегин киносүрөттөрү менен чогуу жарыялады.

“Айбат” гезити Кыргыз Республикасынын Баатыры Бексултан Жакиевдин “Бийликке жетпей калган саясатчылардын 99 пайызы башаламандыкты, бийликтин кулашын каалайт” деген ат менен маегин басты. Саясатта жүргөн мансапкор, ач көз, дүнүйөкор саясатчылар эл тургай жерге да жакшылык ойлобой калганын, кырсык болсо экен, кыйынчылык болсо экен, анан кыйналган элди козутуп, башаламандык кылып, акмак экенин эл билип бүтсө да, бийликке жетсек экен деп көзүн кызартарын, маселен, Садыр Жапаров дегени ызы-чуу уюштургусу келип чуркап жүрүп, азыр башка мамлекетте качып жүргөнүн далилге тартты.

“Фабула” гезитиндеги Баратбай Аракеевдин бул жолку макаласы мамлекетти башкарам деп келген жигиттерди акча деген күспүрүш кантип чалкасынан чаап, төшүнө минип алып бийлеп жатканын, эл багам дегендердин далайы ушинтип акчанын азгырыгынан чыгалбай, алды кашаадан секирип, дагы бири түрмөгө түшүп, дагы бирөөлөрү митинг-пикетке жармашып, анысы ишке ашпаганда ооруга жабышып атканын жазып чыкты.

“Жаңы агым” гезити экс-президент Аскар Акаев коркоктугунан бир тууган агасына келип топурак салбай калганын, өлкөсүн кыйрай турган жолго салып качкандарды мамлекет жазалай албаса да, ушинтип киндик каны тамган жерге келе албай Кудай жазалай баштаганын жазды.

“Кыргыз Туусу” гезити “Кайрылуу” деген рубриканын алдында “Верните нам Айылчы Сарыбаева!” деген катты Улуттук университеттин окумуштуу окутуучулары М. Алыбаев, К. Байбосунов, Б. Ишенов, Т. Жапаровдун атынан жарыялады. Катта профессор Айылчы Сарыбаевдин иштен туура эмес алынгандыгы тууралуу сөз болот.

Журналист Мырзакат Тыналиевдин макаласы “Тендерде да теңчилик болбойт турбайбы” деген ат менен жарык көрдү.

“Алиби” гезити бул санын журналист Канышай Мамыркулованын “Казак бийлиги эртеңкисин ойлонсо, кыргыз бийлиги кыштан аман чыгуунун камын көрүүдө” деген макаласы менен ачты.

Гезиттин өткөн сандарынын бирине 87 жаштагы карыя Жумасан Найзабеков Токтогулдун 100 сомдук банкноттогу сүрөтү Токтогулга окшобой калганын жазып, ал гезитке жарыяланганын эске салган “Алиби” гезит басылганы жатканда Токтогулдун сүрөтү менен Улуттук банктын жазган жообун көтөрүп алып ал редакцияга кайрадан келгенин, жоопто: “Улуттук валютанын эскиздери президент, премьер-министр, Жогорку Кеңештин төрагасы, Конституциялык соттун төрагасы, Улуттук банктын төрагасы, Улуттук илимдер академиясынын жана Кыргыз Республикасынын сүрөтчүлөрү кирген комиссия тарабынан аныкталып жактырылат. Ошондуктан Улуттук банк Токтогул Сатылгановдун элесин башка сүрөткө алмаштыруу зарыл эмес деп эсептейт” деп жазылган.

“Тил жана маданият” гезитинин жаңы санында ушул жылдын 1-сентябрынан тартып өлкөнүн бардык жалпы билим берүү мектептеринде, алардын түрүнө карабастан бирдиктүү мектеп формасын киргизүү буйругуна кол коюлганын, залкар манасчы Саякбай Каралаевдин 120 жылдыгы 26-сентябрь күнү филармонияда белгиленерин, өкмөт башчысы Жоомарт Оторбаев Алыкул Осмоновдун 100 жылдыгын белгилөө боюнча токтомго кол койгонун кабарлады.

“Тил жана маданият” гезитинин бүгүнкү санына “Ак санат лингво” маданий-агартуу коомунун төрайымы Ленара Ниязбекованын орус тилдүү жеткинчектерге багышталган “Келгиле, кыргызча сүйлөшөбүз” деген аталыш менен гезит бетиндеги 8-сабагы тартууланды. Сабак 4 көнүгүүдөн турат. Сөздөрдүн кыргызчасы жана алардын орусча аталыштары бар.

Актер жана театр режиссеру Алтынбек Максүтовдун “Кичинемден артист болом деп дилбаян жазчумун” деген сүрөттөрү менен коштолгон интервьюсу да ушул санга басылып чыкты.

XS
SM
MD
LG