Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:48

Акимчиликти айланган "кулаалылар"


“Кыргыз туусу” гезитинин бүгүнкү чыгарылышында “Электр энергиясын үнөмдөө зарыл” деген темада премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин Кыргызстан элине кайрылуусу жарыяланды.

Аталган гезиттеги кайрылууда электр энергиясын пайдалануу жылдан жылга өсүп баратканы, жылдагыдан быйыл суунун тартыштыгынан улам Токтогул ГЭСинде суу 3,5 миллиард метр кубга аз топтолоору белгиленип, турак-жай жылытууга колдонгон 3 фазалык кирүүлөрү өчүрүлөөрү, оюн-зоок жайларынын, сауна, автожуугучтардын электр жылытуусуна тыюу салынары, металлды эритүү максатында электр энергиясын пайдаланган ишканалардын жабдууларын өчүрүү, курулуш объектилериндеги жарык берүүдөн тышкары иштерге чектөө каралган. Премьер ошондой эле карапайым калкты кышында үйлөрүн жылытууга алдын ала таш көмүр сатып алууга чакырган.

“Кыргыз туусунда” ошондой эле Кыргызстан калкынын биометрикалык маалыматтарды чогултуу иш-чарасы 27-августта башталары жөнүндө “Биометрикалык каттоо өлкөнү кургуйдан чыгарат” деген макалада кенен чагылдырылган. Ушул эле гезитте “Кыргыз почтасы” мамлекеттик ишканасынын башкы директору Таалайбек Эшалиев журналист Мамат Сабыров менен болгон маегинде мекемедеги иштер тууралуу кенен-кесири айтып берсе, гезиттин кабарчысы Жыпар Исабаеванын өлкөдөгү тамак-аш коопсуздугу, ветеринардык абал жөнүндө Ветеринария жана фитосанитария коопсуздугу мамлекеттик инспекциясынын башкы ветеринардык инспектору Ашырбай Жусупов менен маеги да орун алган.

Электр энергиясына байланыштуу маселе дагы “Алиби” гезитинин бүгүнкү чыгарылышында кабарчы Канышай Мамыркулованын “Маанаке өкмөт, маанайы пас эл” деген макаласында кенен-кесири чагылдырылган. Ошондой эле өкмөт башчынын электр энергиясы тууралуу кайрылуусуна саясатчылардын, коомдук ишмерлердин өкмөттү сындаган пикири басылып, Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматованын “Ушундай өкмөттүн курулушуна биз эмес, көпчүлүк коалиция күнөөлүү” деген темадагы маеги жарык көрдү. Ушул эле “Алиби” гезитинде “Мекен шейиттери” коомдук бирикмеси президент Алмазбек Атамбаевге кайрылуу жолдоп, Кыргызстандын Беларустагы элчилигин жабууну жана Беларустун Кыргызстандагы элчилигинин ишмердүүлүгүн токтотууну талап кылышкан. Гезиттеги “Кара-Көл үнү” эркин гезитинин башкы редактору Жолдошбек Алиевдин “Мени УКМКнын жетекчиси Б.Табалдиев баш болуп куугунтуктап жатышат” деген маеги жана Акматбек Келдибековдун бир тууган эжеси Динара Келдибекованын “Акматбек патриот, ал эч жакка качып кетпейт” деген темадагы маеги дагы окурмандардын кызыгуусун туудурчудай.

Ал эми “Фабула” гезитинин бүгүнкү санында Баратбай Аракеевдин “Тилибизди билбесе, ырыскыбызга ортоктош болбосун!",-деген макаласында кыргыз тил мамлекеттик тил делгени менен мамлекеттик деңгээлдеги чоң-кичине чогулуштардын көбү орус тилинде өтүп жатканын белгилеп, мамлекеттик кызматтагылардын бардыгы кыргыз тилин билүүсү зарылдыгын айтат. Баратбай Аракеев ушул эле гезитке “Парламенттик башкаруу калыптануу жолундабы же жараксызбы” деген макаласында парламенттин ишине сереп салган. Ошондой эле "Фабула" гезитинде Аламүдүн районунун акимдик кызматына Курманбек Бакиевдин таптаган кулаалылары айланып жатканы тууралуу жазылып, Жогорку Кеңештин эки жолку депутаты, медицина илимдеринин доктору, маркум Эркинбек Матыевди эскерүүгө кеңири орун берилген.

XS
SM
MD
LG