Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:53

“Ачык сөз” гезити эгемендиктин кадыры тууралуу кеп кылды.

“Ачык сөз” гезити жаңы санын “Эгемендик-кыргыз дөөлөтү” деген баш макала менен ачып, мисал келтирди.

– Өткөндө, - дейт гезит, - Чала-була төңкөрүшкө катышып көзү ачылып калган бирөө: “Күзүндө тез эле бийлик алмашса жакшы болот эле. Эсебин таап бир жерине кыпчылат элем” дейт. Бул киши сөрөйдүн өмүрү чеке тердетип иштегенин көрө элекмин. Качан болсо каяктагы бир тополоңдордо жүргөнү жүргөн. Буга окшогондор эркиндик бизге кандай кордук менен келгенин, улут аралык жаңжал болуп далай бейкүнөө адамдар кырылып, эне баласынан ажырап боздоп калганын түшүнмөк беле? Булар кара курсагынын айынан баарына даяр. Кыйкырып, өкүргөнгө, имараттарды талап-тоноого гана үйрөнгөн. Ал тургай акыркы күндөрү саясатчымын деген мындай кап курсактар түштүктү өзүнчө бөлүп чыгып республика кылыш керек деп чайканада дөөгүрсүп, сасытып жүрөт. Мындайларды акыл-эси бар адам колдобойт. Кайратман элибиз улутубуз - кыргыз, урааныбыз Манас экенине сыймыктанып, башыбызга кут консун деп өмүр сүрүшүн тилейбиз” деп жазды.

Ушул эле санда журналист Жора Сулаймановдун “Карапайым элге саясаттын кереги жок” деген макаласын окуйсуздар.

“Ачык сөз“ гезити “Айтматов менен замандаш болгонума сыймыктанам” деген макаласын жана залкар обончу Асанкалый Керимбаев тууралуу “Орошон обончуну унутканыбыз жарабайт” деген эскерүүсүн да окурмандарга тартуу кылды.

“Азия ньюс” гезити “Кыргыз туусу” гезитинин башкы редактору Жедигер Саалаевдин “Кыргыз туусу” 90 жылдыкка кызуу даярданып жатабыз” деген аталыштагы интервьюсуна орун берди. Башкы редактор гезиттин өткөнү менен бүгүнкүсүнө токтолду.

Сурат Жылкычиев атактуу манасчы Жусуп Мамайдын чөбөрөсү Тургуналы Турсуналы менен маек курду. Маектин аты “Атам Жусуп Мамай суткалап Манас айткан” деп аталып, өзү да 13 жашынан Манас айтып сахнага чыкканын, азыр атасы жөнүндө эскерүү китебин жазып жатканын, манасчылыктан тышкары бийчилик өнөрү да барын, ата-бабалардан бери келаткан “Талма бийди”, “Жылкы бийди” бийлеп жүргөнүн, кыргыздар абалтан отко сыйынып, аны тегеренип бийлегенин, “оттой жигит экен”, “отко киргизүү” деген сөздөр да бекер айтылбаганын, ошондуктан кийинки бийин “Жалын бий” деп атап алып, ырын Гүлзада Рыскулова менен Гүлжигит Калыков ырдап жатканын айтып берди.

Республикалык улуттар оюндар борборунун башчысы Алмаз Касенов жакында өтө турган көчмөндөр оюнунун байге куржуну 15 миллион сомду түзгөнүн, Чолпон-Атадагы ат майданы түп-орду менен кайрадан курулуп жатканын, мурдагы 800 орундук стадион эми 7000 көрүүчү сыя тургандай кылып жасалып атканын, кыргыз күрөшү, алыш күрөшү, ордо, тогуз коргоол, эр эңиш, көкбөрү, кунан чабыш, жорго салыш, ат чабыш болуп спорттун 9 түрү киргенин баяндады.

Эс алып келип, кайра чыга баштаган гезиттердин катарын бүгүн “Айат” гезити толуктады. Укук коргоочу Качкын Булатовдун маеги “Бажы биримдиги бара-бара кыйрайт” деген ат менен жарык көрдү. Укук коргоочу Кыргызстандын Бажы биримдигине киргени туура эмес деп какшап айтып да, жазып да келатканын айтып, арман кылды.

Ички иштер министринин 1-орунбасары Бактыбек Жусубалиев кыргыз милициясынын 90 жылдыгына карата милиция ардагерлери жүрүшкө чыкканын, жүрүш кызмат учурунда курман болгон милийсалардын жаркын элесине арналарын, дагы бир көңүл бура турган жагдай: ардагерлер бирикмелеринин өкүлдөрү Орусиядан, Белорустан, Казакстан да келип кошулуп жатканын билдирди.

Айтылуу укук коргоочу Токтайым Үмөталиева бир кезде балдарга арналган “Айданек” деген гезит чыгарып жүргөнүн бүгүн көбү унутуп коюшту, “Айат” гезитине курган маегинде укук коргоочу “Айданекке” кеткен эмгегимди эсептесем, бир-эки базар куруп коймокмун...” деп өкүнүч кылганы менен дал ушул “Айданек” гезити аркылуу коомдук иштерге аралашканын айтып берди.

Актер Алымкул Исаков “Интернеттен өз алдынча режиссерлук билим алган адамдан мыкты режиссер же мыкты актер чыкпайт” деп аңгеме курду.

XS
SM
MD
LG