Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:17

Бүгүн кыргыз тилдүү “Көк асаба” гезити гана жарык көрдү.

Бүгүн “Көк асаба” гезити жарык көрүп, ушул жылдын 3-сентябрынан 7-сентябрына чейин Ысык-Көлдүн “Рух Ордо” этно-маданий борборунда 20дан ашуун чет өлкөнүн “Мүнүшкөрлөр” клубунун мүчөлөрү катышкан экинчи эл аралык “Салбуурун” фестивалы өтөрүн кабарлады.

“Энергетиктер да кыш камын көрүп, үч фазасы барларга 1-сентябрдан тартып токтун баасын 1 сом 20 тыйынга, өндүрүшү барларга 1 сом 38 тыйынга кымбаттатты. Үч фазасы жок калктын көбү мурдагы 70 тыйын менен эле калды. Суу башында турган бейиштей өлкөнүн башына келген мурдагы эки президент тең электр энергиясын эл үчүн пайдалана алган жок. Тескерисинче, кудайдын суусу менен келген жарыкты да ичип-жемей, талап-тономойдун булагына айлантып кутуруп жүрүп, акыры кутурган президенттерди калктын кусуру уруп, качып жок болушту. Болбосо 23 жылдан бери жалгыз Камбар-Ата ГЭСинен башка эмне курдук? Анысы дагы жарым жан болуп иштеп келатат. Баарын эми түшүндүк. Эскирген электр жабдууларын, эскирген кабелдер менен зымдарды алмаштырып, жаңы подстанцияларды курууга аракеттер көрүлүүдө. Эки жылга жетпеген мезгил ичинде буюрса Датка-Кемин подстанциясы ишке берилет. Жогорку Нарын каскадын бойлото курулганы жаткан ГЭСтердеги иштер акырындык менен жүрүп жатат” деп жазды “Көк асаба” гезити.

Сиздер гезиттин бул санынан “Жалган жалаа менен атууга кеткен эл агартуучу” деген баш теманын алдында Касым Тыныстановго байланыштуу интернет булактарынан алынган макаланы, академик Жамин Акималиевдин “Усубалиевдин Фрунзе шаарын курганы Москвадагы айрым көрө албастарга жаккан эмес” деген эскерүүсүн, акын Гүлжамила Шакированын “Кыргыз элчилигин куруу үчүн берилген Анкарадагы жер ээнсиреп, 20 жылдан бери үч карагай гана кароолдо турат” деген сапар баянын, “Алыкулду жана анын поэзиясын сүйгөндөр жер-жерлерден бизди жылуу кабыл алууда” деген аталыштын алдында Панфилов районундагы айыл аксакалы Кеңешбек Кокоевдин интервьюсун окуйсуздар.

Аталган гезиттеги дагы бир көңүл бура турган кызыктуу сүрөт-баян таштын сырларын кагазга түшүрүп келаткан таланттуу адам-Тоңдун Бөкөнбаев айылында жашап турган Карыпбек Рыскелдиевдин эмгектери жөнүндө жазылган. Өмүр бою айылда жашап, талаада же сай бойлоп бараткан кездери бетинде табышмактуу сүрөтү бар таштарды чогултуп, аны үйүнө апкелип, кагазга түшүрүп, 14 жылдан бери тажабай таш менен иштеп келаткан бул адамдын айтып бергендери абдан кызык.

Маселен “Жолугушуу” деп аталган таш бетиндеги сүрөттө элечекчен кемпирдин жана башына туулга кийген адамдын элеси турат. Таш сырын жакшы билген Карыпбек Рыскелдиев аны мындайча чечмелейт:

- Бул сүрөт Семетейдин Чыйырдыга жолукканы. Ташта элечекчен аял олтурат. Бет маңдайында келе жаткан атчан-Семетей. Таштагы кара-көгүш түс бул кусалыктын түсү. Неберемди көрөмбү деген кусадагы Чыйырды алдыга карай талпынып турганы түшүрүлгөн.

Дагы бир сүрөт “Бийчи кыз” деп аталат. Ташта бийлеп жаткан кыздын элеси. Чачы капкара, бели кындырдай кыз ак көйнөк кийип бийлеп жатат.

“Көк асабанын” жаңы санынан окурмандар Роза Айтматованын сандан санга жарыяланып келаткан, Сталиндик репрессиянын курмандыгы болгон кыргыздын чыгаан уулдарынын бири Төрөкул Айтматовго арналган “Тарыхтын актай барактары” аттуу документалдуу баянынын уландысын да окуй алышат.

“Көк асаба” гезитинин кытайдагы өз кабарчысы Дабыт Абдылбарынын адамды ойлонто турган макаласынын аты “Ойлонбогон мээ сасык” деген ат менен тартууланды.

Муну менен бирге эле сиздер “Адам канткенде күүлүү-күчтүү карыйт?” деген, “Окумуштуулардын кудай тууралуу айткандары” деген, “Мүнөз-сапаттарга сын” деген материалдарды окуйсуздар.

XS
SM
MD
LG