Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:39

Маданияттагы ажырым


Генерал Артур Медетбеков “Алиби” гезити аркылуу Кыргызстандын коопсуздугуна чындап коркунуч келтирчү экстремисттик бирикмелер бар экенин айтты.

“Фабула” гезити Шекер айлындагы Кененбай Мырзанаевдин “Эки айкөл” деген аталыштагы баянын окурмандарга тартуулады. Ал эскерүү баян “Жер Эненин ууз эмчегиндей тирсейип, асман тиреген кош чоку турат. Аларга кыргыз элинин эки айкөлүнүн атын коюшкан, бири Манас чокусу, экинчиси Чыңгыз чокусу деп аталат” деп белгиленип, автор улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовго байланыштуу кызыктуу жагдайларды айтып берди.

“Эл аралык “Руханият” сыйлыгынын лауреаты, белгилүү окумуштуу Советбек Байгазиевдин уландысы кийинки санга жарык көрө турган макаласы “Ысык-Көлдөн чыккан Толубай сынчы же ээсин жоктоп ыйлаган карагер” деген ат менен жарык көрүп, күлүгү кезинде Москвадагы чоң жарышта чыгып келген чоң саяпкер Жумадыл Баячоров жана анын атасы Баячор баатыр жөнүндө тарыхтын бүктөмүндө калган кепти кайрадан жандырды.

Ушул эле “Фабулага” интервью берген режиссер Рысбек Жабиров сөзүн акын Кыялбек Урмамбетов жазып, ырын ырын Султан Садыралиев ырдап келаткан бийдин клиби үчүн 50 миң долларды депутат Алтынбек Сулайманов жоомарттык менен бергенин, анан Кыргызстандын 7 дубанын аралап бийдин клибин тартып чыкканын кеп кылды. Рысбек андан ары бүгүн эл арасында атагы дүң болуп аткан кинорежиссер Садык Шернияздын “Курманжан датка” фильмине токтолуп, фильм жакшы тартылганын, мындай тасма буга чейин эле тартылса болмогун, эми буюрса тарыхый тасмаларга жол ачылганын, өзү да Үркүндү тартсамбы деп турганын, депутат Каныбек Иманалиев “тартпайсыңбы, менде даяр сценарий бар, 11 миң доллар берейин” дегенин, бирок ага дейре мультфильм тартайын десе 90 миң доллар турарын, сценарийин Садык Шерниязга айтса 45 миң доллар берейин, 45 миңин өзүң тап” дегенин, бүгүн маданияттын өкүлдөрү экиге бөлүнүп калганын, көпчүлүгү материалдык кызыкчылыкты көздөп кеткенин, айрымдарын маданияттын өкүлү деп айтууга деле ооз барбай калганын айтты.

“Фабуланын” бул санына академик Мамбет Мамакеевдин “Корчубек аба улуу адам” деген эскерүүсү жарыяланды. Эскерүү Социалисттик Эмгектин Баатыры, Союз кездеги райкомдун 1-секретарларынын эң эле легендарлуусу Корчубек Акназаров агабыз тууралуу кеп болот.

Журналист Меңдибек Асылбеков “Ыйман кеткен жерде желмогузчулук башталат” деген аталыш менен “Ыймандын касиети” тууралуу кеп кылды.

“Алиби” гезити саясат таануучу, тарых илимдеринин кандидаты Табылды Акеровдун “Бажы биримдигинин арты туңгуюк” деген аталыштагы маегине окурман көңүлүн бурду. Акеров Бажы союзуна кирген соң Кыргызстандын эгемендүүлүүгүн жоготуу коркунучу күчөөрүн, баалар кымбаттаарын, ансыз деле азыртан эле бийлик бааларды көтөрүп жатканын, анын үстүнө Украина кризисинен кийин дүйнөлүк саясат кайрадан мурдагыдай эки карама-каршы державага бөлүнүп калганын, анын терең ишениминде КМШ, Евразия союзу, Бажы союзу-баары келечексиз биримдиктер экенин белгилеп өттү.

Азыркы убакта Кыргызстанда ислам динин жамынгандар элдин тынчтыгына шек келтирип, террорчулук, экстремисттик уюмдар күч ала баштаганын белгилеген “Алиби” саясатчы генерал Артур Медетбековдун “Медреселерден билим алып келген жаштарды каттоого алышыбыз керек” деп интервью берип, Борбор Азиянын аймагында ислам динин жамынган Түркстан, Өзбекстан ислам кыймылы, салахиттер, “Хизб ут-Тахрир”, жихадизм биримдиги баш болгон террорчу уюмдар көбөйүп кеткенин, булардын басымдуу бөлүгү Афганистандан тарбияланып согушка даярданарын, муну менен бирге эле Пакистан жана Кувейтке окшогон башка мамлекеттерден ислам динин өнүктүрүп-өстүрөбүз деген медреселерде жаштарды экстремист кылып окутуп жатканын айтты. Албетте укук коргоо органдары массалык маалымат каражаттары менен биргелешип, концепция иштеп чыгып, элдин тынчтыгын бузган мындай күчтөргө катуу сокку урса болорун, эгер ушундай темп менен кете берсек, популист саясатчылар ислам динин саясий оюндарга курал кылып пайдаланышы мүмкүндүгүн, анын үстүнө Кыргызстандын 100дөн ашуун жараны Сириядагы согушка катышканы айтылып жүргөнүн, эгер булар Ата Мекенине кайтып келсе ал жактан үйрөнгөн тажырыйбасын Кыргызстанга да колдонбой койбойт деп эчким кепилдик бере албастыгын, ошондуктан ислам динин жамынып алып Мамлекетибизге өтө чоң коркунуч жарата тургандар бар экенин унутпашыбыз керектигин генерал Артур Медетбеков дагы бир жолу билдирип, тиешелүү уюмдарга коңгуроо какты.

XS
SM
MD
LG