Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:22

Архитектор Орозбек Байгожоевдин кызыктуу долбоору “Көк асаба” гезитинин бүгүнкү санында.

Ишкер жана саясатчы, “Улутман” деп аталган саясий партиянын төрагасы Сазыкбай Турдумалиевдин “Улутман” аттуу гезити жарык көрүп, жаңы санына өзүнүн “Чамындылар” романынын кезектеги үзүндүлөрүн басууну улантуу менен бирге Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаевге ачык кат жолдоду. Ал кат “Жогорку Кеңеш жана Текебаевдик Баш мыйзам кетсин!” деген ат менен жарыяланды. Каттын аягы: “Урматтуу президент! Эгер сиз Кыргызстанга уусунан чуусу көп кыргыз парламенти эмес, улутка кызмат кыла турган кыргыз парламенти керек десеңиз, анда Жогорку Кеңешти таркатып, кыргыз мамлекеттүүлүгүнө каршы конституцияны жокко чыгарып, жаңы конституция долбоорун жалпы элдик референдумга алып чыгасыз. Сиз мына ушунда тарых алдындагы, мамлекет жана эл алдындагы улуу миссияңызды аткарган болосуз. Ансыз тарых сизди кечирбейт. Бул кадамга канчалык эрте барсаңыз, ошончолук жакшы болор эле” деп аяктайт.

Ушул эле гезитке “Ала-Тоо-Алтай-Монголия-Хакасия экспедициясынын жетекчиси, тарых жазуучу Асыкбек Оморовдун ”Ала-Тоо-Алтай-Монголия” аттуу жол очерки басылып чыкты. Асыкбек дүйнөлүк Гиннес китебине кирген Улан-Батордон 60 километр чыгыштагы жол жээгине орнотулган Чыңгызхандын эстелигинин бийиктиги 40 метр, постаменти 10 метр, анын үстүндөгү эстеликтин бийиктиги 30 метр экенин, ал жалаң күмүш менен капталганын, музейдин ичинен башталган лифт аркылуу Чыңгызхан минген аттын жамбашына чейин чыгып барса болорун, Чыңгызхан минип турган аттын жалы менен кулагынын ортосуна чейин тепкич менен жүрүп отурарыңды, Чыңгызхандын эстелигинин жанында биздин Манастын эстелиги жөн эле кыздын куурчагы болуп каларын салыштырып бир кейип алды. Асыкбек көргөн кызыктарынын баарын ушул очеркинде баяндаган.

Журналист жана жазуучу Жолдошбек Бузурманкуловдун “Менин университеттерим: Көпүрө-Базар жана көпүрөбазарлыктар” деген эскерме-баяны да “Улутман” гезитинин бүгүнкү санында.

“Көк асаба” гезити жаңы санында “Жаңы Кыргызстанда” жашагың келеби?” деген баштема менен ачып, Кыргыз мамлекетинин тунгуч жетекчиси Иманалы Айдарбеков жөнүндө “Иманалиев атындагы фонддон” алынган макаланы жана фонддун кеңешчиси Малик Иманалиевдин маегине орун берди.

Академик Жамин Акималиевдин “Турдакун Усубалиев” аттуу баяны сандан санга уланууда.

“Тарыхтын актай барактары” деген аталыш менен сандан санга жарыяланып келаткан Роза Айтматованын эскерүү баянынын бул ирет “Нагима Айтматова менен Төрөкул Айтматовдун акыркы коштошуусу” деген бөлүгү тартууланды. Төрөкул Айтматовдун эл душманы катары күнөөлөнүп, үй-бүлөсүн аргасыз таштап кетип жаткан эң оор учуру жүрөк канагыдай күч менен жазылган. Роза эжебиз эскерме-баянынын бир жеринде: “Поезд жөнөөргө аз калды. Төрөкул балдарын улам бирден колго алып, акыркы жолу өөп-жыттап коштошту:

-Кош болгула, Нагый, кымбатым, жолдо балдарды абайла.

Ал үй-бүлөсү түшүп кетип бараткан вагондон көзүн албай катып турду. Көмөкөйүн көз жашы муунтуп, аза боюн коркунуч сезими каптап, кара терге түштү. Аны-муну түшүнүп калган улуу баласы Чыңгыз жүрөгү бир нерсени сезгендей тескери бурулуп, боздоп ыйлады. Кийин ал минтип жазат. “Эмнеге экенимди билбейм, мен атам менен мындан ары көрүшпөсүмдү сездим. Мен аны акыркы ирет көзүм тойбой карап жаттым. Адамдарга урунуп-беринип, бизден көзүн албай, поезддин артынан күйүгүп чуркап келатты... Көмөкөйүмдөгү ый таштай катып, түбөлүк кетпечүдөй муунтту, мени жаналакетке түшүрдү” дейт.

Ушул эле санга СССР архитекторлор союзунун мүчөсү Орозбек Байгожоевдин эки беттен турган эмгектери жарык көрдү. Орозбек Кыргыз мамлекетинин бүгүнкү күндөгү символдору менен белгилери эскиргенин, ошондуктан аларды толугу менен алмаштыруу керектигин, бирок анын геральдикасына заказчик жок болуп жаткандыгын, бул долбоорлорду ишке ашыруу чоң инвесторлорду, демек чоң каражатты талап кыларын, мамлекеттин символдору, белгилери жаңырса аны менен адамдардын мамлекетке жасаган мамилеси да жаңырарын, анткени символдор менен белгилер биринчи иретте адамдардын аң-сезимин жаңыртарын, чындап эле келечегин ойлогон мамлекет болсо бул символдорго заказды өзү берсе болорун баяндоо менен окурманды ойго сала турган бир топ кызыктуу долбоорлорун сунуш кылган. Архитектор Орозбек Байгожоевдин ушул эмгектери менен “Көк асаба” гезтинин бүгүнкү санынан таанышсаңыздар болот.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG