Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:11

"Дело№": Украин бийлиги Бишкекке жакындоодо


 Украинаны колдоп чыккандардын акциясы. Бишкек. 5-март, 2014-жыл.

Украинаны колдоп чыккандардын акциясы. Бишкек. 5-март, 2014-жыл.

“Дело №...” гезити бүгүнкү санына Киевдин жаңы бийлиги Кыргызстан менен жакындашкысы келип жатканын жазып чыкты.

“Дело №...” гезити бүгүнкү санына Киевдин жаңы бийлиги Кыргызстан менен жакындашкысы келип жатканын жазып чыкты.

Кыргыз тилдүү гезиттер бүгүн жарыкка чыккан жок. “Дело №...” гезити жакынкы күндөрдө бир катар министрликтерде кадрдык алмаштыруулар болорун, атап айтканда Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги менен Саламаттык сактоо министрлигинин министрлери, Жалал-Абад менен Ысык-Көлдүн губернаторлору алмашарын, ал эми кечээ маданият министри Талиева менен ички иштер министри Суранчиев кызматтарын бошотконун, ошол эле күнү ички иштер министринин милдетин аткаруучу болуп президенттин буйругу менен милициянын генерал-майору Мелис Турганбаев дайындалганын кабарлады.

Аталган гезит “Кыргызстан Киевдин жаңы бийлиги менен жакындашууда” деген теманын алдында Кыргызстандын Украинадагы элчиси Улукбек Чыналиев Киев шаарынын мэри Виталий Кличкону октябрь айынын биринчи жумалыгында Бишкекке келип кетүүгө чакырганын, Кличконун “Удар” деп аталган партиясы АКШнын Эл аралык республикалык жана Улуттук демократиялык институттары тарабынан финансыланып турган партия болуп саналарын кабарлады. Басылма андан ары “АКШнын берген бертиги менен Майдандын идеологдору Кыргызстандагы партиялаштарынын мээсин чайкап-жууп жатат” деген макала басты. Макалада быйыл жайында Юлия Тимошенконун “Батькивщина” деп аталган партиясынын өкүлү Лев Бирюк башында турган эмиссарлар Бишкекте болуп, үч күн бою “Хаят” мейманканасында бир катар саясий партиянын мүчөлөрүнө тренинг өткөрүп кеткенин, америкалыктар эмнегедир ага КСДП, “Ата Мекен” жана “Бир бол” партияларынын өкүлдөрүн чакыртканын, украиналык өкүлдүн окуусу негизинен Орусияга каршы багытталганын окурмандардын эсине салды.

“Дело №...” гезити андан ары “Оппозиция Кыргызстанда бийликти басып алууга даярданууда” деген баш теманын алдында Артур Исаевдин эки жарым беттен турган макаласын окурмандарга тартуу кылды.

“Жалаң гана факты” деген рубриканын алдында “Кыргыз энергетикасы: Миллиондор-тиякка, миллиарддар биякка... Качан болсо акча жетпейт деп бышактаган кыргыз энергетикасынын башкаруучулары чет элдик кредиттерди каякка жумшап жатат” деген аталыштагы макаланы окуй аласыздар.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG