Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:14

Бүгүн "Кыргыз Туусу", “Де-факто”, “Айбат” жана орус тилинде "Вечерний Бишкек" гезиттери жарык көрдү.

“Бир тууган элдин ортосунда чек ара болбошу керек!”, “Мындан ары кыргыз-казак чек арасында тоскоолдуктар жок”, “Ата-Бейит” улуттук тарыхый-мемориалдык комплекске айланат”, “Көчмөндөр оюнунун көмүскө сыры”, “Чыңгыз-Ата каналы” качан, кантип башталат?”

Бүгүн жарык көргөн “Кыргыз туусу” гезитинен ушул жана башка материалдарды окуйсуздар. Ушул эле гезитке маек курган Чубак ажы Жалилов Кудай улут кылып жараткан эл тили, маданияты, кийими менен айырмаланарын, мындан ажыраган эл улут болбой каларын, демек кыргыздар кыргыз тилин, дунгандар дунган тилин, өзбектер өзбек тилин билүүгө, ошону менен бирге эле ар бир эл өз улутунун кийимин кийүүгө, каада-салтын сактоого, аларды урук-тукумуна мурас кылып калтырууга милдеттүү экенин, эгер улут кылып сактап турган өзгөчөлүктөрүбүздү сактабасак анда Кудай алдында күнөөкөр болорубузду айтты.

“Де-факто” гезитине курган маегин Эл жазуучусу Бексултан Жакиев “Жоолук – эрге тийгендин белгиси” деп атап, исламда бул мусулмандын кийими, бул мусулмандыкы эмес деген түшүнүк таптакыр жоктугун, дин чектен чыкпай, таза, адептүү кийинип жүрүүнү гана талап кыларын, ата-энелер менен мугалимдин ортосундагы талаш диний сабатсыздыктан чыгып жатканын, жоолук салынган эле секелек кыз дароо мусулманга айланып, ыймандуу боло калбастыгын, кыргыздын салтында кыз бала жоолук салынбаганын, жоолукту күйөөгө тийип, келин болуп босогону аттагандан баштап салынганын, ал эми күйөөгө тие албай калган кыздар өмүр бою жоолук салынбай, тебетей кийип жүргөнүн, кыргыздын каада-салты эч убакта исламга карама-каршы болбогонун, акылман ата-бабаларыбыз исламдын эрежелери менен кыргыздын каада-салтын бири-бирине жуурулуштуруп, бири-бирине улап олтуруп, кыргызды далай алааматтардан аман-эсен алып өтүп, ушу күнгө дейре сактап келгенин айтты.

“Де-факто” гезитинен ошондой эле министр Кубатбек Бороновдун, депутат Марат Султановдун, энергетик Доскул Бекмурзаевдин, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Улан Пиримовдун, ишкер Бакыт Курбанбековдун, саясатчы Ишенбай Кадырбековдун интервьюларын, драматург Бурул Калчабаеванын “Клондоштурулган спектакль же азыркы кыргыз драматургиясындагы плагиаттык жөнүндө” деген маегин жана башкаларды окуйсуздар.

“Айбат” гезити президенттик аппараттын башчысынын орунбасары Сапар Исаков “Көчмөндөр оюнуна" чыгымдалган каражаттарды жакшылап иликтеп чыгууну Башкы прокуратурадан суранганын кабарлады. Экономика илимдеринин доктору Айылчы Сарыбаев коңшу өлкөлөрдүн чек араларынын жабык турушу жасалма жол экенин, кыргыз-казак чек арасы ачылды деген менен чек арадагылар таза иштебесе баары бир кыйын болорун, жалгыз эле чегара менен экономиканы көтөрүүгө болбостугун, экономиканы көтөрүү үчүн коррупция менен аёосуз күрөшүп, ишкерлерге жеңилдик түзүү керектигин айтты.

Мындан тышкары гезиттен “Күпүлдөгөн Ташиев жалгыздык ырын кандайча “ырдап” калды” деген, “Жаңы конуштардан добуш алам деп “Ата Мекен” партиясы соттолгондор менен толукталып, мыйзамсыз иш-аракеттерди “мыйзамдаштырабы?” деген макалалар менен таанышасыздар. Айлун Даур деген автордун орус тилиндеги макаласы “Коррупционные дела Джаныбека Бакчиева и его интересная связь с Максимом Бакиевым” деп аталды. Серепчи Бакыт Бакетаев орусча маегин “Ожидается скандальные порнофильмы от депутатов” деп атап, бул шайлоодо бирин-бири шыбаган компроматтар арбын болорун, эгер бир добуштун баасы 100 доллар турса, кыргызстандыктардын жарымынан көбү шайлоого катышса эле болжол менен 120 млн. доллар же сом менен 7,5 млрд. сом шайлоого жумшаларын айтты.

“Вечерний Бишкек” гезитиндеги Бермет Маликованын макаласы шайлоого аттанган партиялардын тизмеси тууралуу болду. Макалада өлкөнүн Башкы прокуратурасынан алынган маалыматтар боюнча буга чейин соттолгондор, соттолуп жатып бошоп чыккандар, соттолот деп кылмыш иши козголгондор, үйлөрүн түрмө кылып алган коррупционерлер, иштери сотто каралып жаткандардын аты-жөндөрү аталган.

Гезиттин дагы бир макаласы “Полтавадагы ташбараң” деп аталып, ашкере улутчулдук эч качан жакшылыкка алып барбастыгын, айрым улутчул жигиттер “эмне үчүн дунгандар бай жашап, кымбат машинелерди тээп жүрөт дагы, биз өз жерибизде жашап туруп машина тургай үйгө жетпей жүрөбүз?” деп обу жок кыжырданарын, кымындай чыр-чатактан кылымды өрткө айлантчу кыямат келип чыгарын жазып чыкты.

Угармандарыбыздын эсине патриот менен улутчул экөөнүн айырмасын сала кетели. Улутчул деген өз элин, жерин чын жүрөгү менен сүйөт, бардык жакшылыкты эл-жери үчүн жасагысы келет, бирок өз элинин өспөй жатканын өзүнөн көрбөй башка элдерден көрөт, патриот деген да өз эли-жерин чын жүрөгү менен сүйөт, бардык жакшылыкты эл-жери үчүн жасагысы келет, бирок өз элинин кемчилигин башка элден эмес өзүнөн көрөт. Патриот менен улутчулдуктун айырмасы мына ушунда.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG