Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:06

“Алиби” гезити Энергетика министрлигин сынга алып, “Акылдуу эсептегичти” адегенде “акылдууларга” койгула!" деген макаланы басты.

Бүгүн жарык көргөн “Кыргыз туусу” гезитине Санжар Айтматов “Атамдын адабий эле эмес, башка мурастары да бар” деп маек курду. Ал Москванын Переделкиносундагы талашка түшкөн үй жөнүндө сөз кылып, ал жерге КМШ өлкөлөрүнүн жазуучулары үчүн китепкана ачууну сунуштаганын, анысын Орусиянын Маданият министрлиги, Москванын облустук бийлиги, чыгармачыл уюмдар, Казакстандын, Азербайжандын жана Кыргызстандын жазуучулар союзу колдогонун, бирок рынок шартын биринчи планга койгондор чыгармачылык дүйнөнү тааныгысы келбегенин, алар Переделкинодогу эски имараттарды тарыхый эстелик катары тааныгысы келбей, баарын базардын баасы менен ченеп-бычканын, мындайларды колдогондор үстөмдүк кылып кеткендигине байланыштуу Айтматовдун архивдик материалдарын соттун чечими менен алып чыгып кеткенин кеп кылды.

Санжар Айтматов өзү Чыңгыз Айтматов атындагы балдар үчүн кайрымдуулук фондун жетектеп келатканын, быйыл “Спорт баңгиликке каршы” деген акция өткөргөнүн, анткени өткөөл курактагы жаштардын ички дүйнөсү жарды болсо, акча менен материалдык байлыкка ооп кетерин, бул жакшылыкка алып барбастыгын белгиледи. Санжар Айтматов муну менен бирге эле улуу жазуучунун 85 жылдыгына карата Орусиянын “Маданият” телеканалынан архивдик материалдар аркылуу тартылган “Жеке пикир” деген кино тасма көрсөтүлөрүн кошумчалады.

“Алиби” гезити жаңы санын Энергетика министрлигин сынга алган макала менен ачты. “Министр Осмонбек Артыкбаев алакчылаганын токтотуп, карапайым элди эмес, арам акчаларына көпкөн чиновниктерди, депутаттарды, бизнесмендерди ыйманга чакырып, адегенде “акылдуу эсептегичти” элге акыл үйрөткөн ошолордун хан сарайларына, сауналары менен ресторандарына, жеке менчик ишканаларына орнотуп туруп анан карапайым калк менен сүйлөшсүн, эл ошондо түшүнөт, энергияны уурдап жаккандар карапайым калк эмес, алыстан акыл үйрөткөндөрдүн өздөрү” деп жазган журналист Дайырбек Меймановдун макаласын окуйсуздар.

Ушул эле гезитке өкмөт башчысынын 1-орунбасары Жоомарт Оторбаевдин ишмердигине ичи чыкпагандардын ой-пикирлери жарыяланды.

“Кечээги деңгээлдеги интеллигенция кайда кеткен?” деген ат менен Кыргыз эл артисти, академик, Улуттук консерваториянын ректору Муратбек Бегалиевдин маеги жарык көрдү.

Жазуучу Бейшебай Усубалиевдин “Свет” аттуу аңгемеси да ушул гезитте.

“Фабула” гезитине төкмө акын Элмирбек Иманалиев “Кыргыз элин 20 жылдык чоң программадагы концертиме чакырам” деген ат менен маек курду.

Чыгармачылыгынын 20 жылдыгына арналган бул концерт 17синде филармонияда өтсө, 23-ноябрда Оштун борборунда өтөрүн билдирди. Кадимки чоң акын Эшмамбет чоң таятасы болорун, өзү убагында Тууганбай Абдиевдин колдоосу менен акындык жолго түшкөнүн, айтыш өнөрүн өчүрүп аларда төкмөлөрдүн башын бир жерге топтоп, отту кайрадан тутанткан Садык Шернияз болгонун баяндады.

“Фабулага” интервью берген дагы бир талант, мыкты обондору менен элдин урматтоосунда жүргөн Камчыбек Букалаев анын ырларын аткарган ырчылар эбак эле Эл артисти болсо да, ал унутулуп келатканын, 10 жолу наамга көрсөтүлүп, 10 жолу артка кайтып келгенин, жакында эле экс-президент Роза Отунбаева уюштурган бөбөктөргө арналган ыр сынагында сөзүн акын Кыялбек Урмамбетов жазган “Жазды күтүү” деген ыры баш байгени диплому, акчалай сыйлыгы менен утуп алганын айтты.

Журналист Айбек Шамшыкеевдин макаласы “Ак таңдай акын Коргоол Досуевге 130” деп аталып, кетментөбөлүктөр ушул айдын башында акындын 130 жылдыгын өкмөттөн бир тыйын албастан чоң салтанат менен өткөргөнүн, кыздары Майрамкан менен Турсункан кадимки Токтогулдун жанына Коргоолдун айкелин орнотушканын, муну менен эле чектелбей 38 басма табактан турган ыр жыйнагын 1000 нускада жарыкка чыгарганын кубанып сөз кылды.
XS
SM
MD
LG