Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:01

Мандемдүү дарыдан марыгандар


“Асман плюс” гезити текшерүүдөн өтпөгөн мандемдүү дарылар тууралуу жазып чыкты.

“Асман плюс” гезити фармаколог, Дары-дармек менен камсыздоо жана медициналык техникалар департаментинин ишин көзөмөлдөө комиссиясынын мүчөсү Бактыгүл Камбаралиеванын “Дарынын айынан 30дай адам каза болуп, 20 бала баса албай калды” деген маегине окурмандын көңүлүн бурду.

Маекте чуулгандуу “Репретин” деген дары тууралуу сөз жүрдү. Бөйрөк оорусу менен ооруканада жаткан 40 адам ошол дарыны колдонгондон кийин жүрөктөрү лакылдап, өздөрүн начар сезип, 20га жакыны каза тапканы, дарынын тарыхын иликтеп көргөндө Египетте башка ат менен сатылган дары болуп чыкканы, бул боюнча депутат Ширин Айтматова Египетке кат жөнөтсө, Египеттин “Седико” деген компаниясы “Биз Кыргызстандагы бир гана фармкомпания менен кызматташабыз” деп жооп бергени, бирок ал кайсы компания экенин айтпай койгону жөнүндө сөз болот.

Фармаколог Бактыгүл Камбаралиева баарынан кызыгы “Ротафарм” аттуу компанияга келген дарылардын баарына бир эле ооруканада изилдөө жүргөнүн, минтип дарыга бир эле ооруканада изилдөө жүргүзүү деген дүйнөлүк эрежеде жок нерсе экендигин, азыр “Репретин” деген дарынын өзү жасалмабы же жокпу белгисиздигин, бирок документтери жасалма болуп чыкканын, Европада биологиялык мындай препараттар 500дөн 1000 кишиге иликтөө жүргүзгөндөн кийин гана, пайда–зыяны катуу иликтенгенден соң ооруканаларда колдонууга уруксат берилерин, биздин Кыргызстанда бүгүн 800гө жакын фармакомпания барын, бул деген 5 млн. калкы бар өлкөгө өтө эле көптүк кыларын, маселен “Бактамед” деген Испанияда жасалган антибиотиктин Кыргызстанга киргенине 4 жыл болгонун, жөтөлүп, тамагы ооруган чоң жана кичине балдардын баарына эле ушул дарыны жамбашына укол кылып сая беришерин, азыр ошол уколду алган 20дай баланын буттары ооруп баса албай калганын, ата-энелер доо арыз менен кайрылса “процедура учурунда укол туура эмес сайылган, ошондон улам болду” деп жооп беришкенин, эгер андай болсо илгертен бери колдонулуп келаткан ампициллинге эмне үчүн ушул күнгө дейре андай арыздар айтыла электигин, эгер бул дарыны укол кылып сайгандардын логикасын ээрчисек, 20 балага тең ийне туура эмес сайылган болуп чыгып жатпайбы, айтор дарынын оорулууга берер пайдасын карабай эле дары-дармек бизнесинен түшө турган пайданы издөөнүн аркасы акыры ушундай кейиштүү абалга апкелип жатканын кенен айтып берди. “Асман плюс” гезити мандемдүү дары-дармек чуусуна кийинки сандарында да кайрылмакчы болууда.

“Айат” гезити айыл чарба министри Таалайбек Айдаралиевдин маегин басты.

Ушул эле санда Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын башчысы Советбек Арбаевдин “Убактылуу кармоочу жайлар шаар четинен алыс болуш керек” деген маегин басты. Жаза аткаруу мекемесинин башчысы жакында өмүр бою эркинен ажыратылгандар үчүн Сокулуктун Жаңы-Жер айылындагы 19-колониянын жанында курулуп жаткан түрмөнүн жарымы бүтүп, 200 орун даяр болгонун, мындай түрмөгө атайын даярдыгы бар профессионалдар гана иштерин, айлыгы да жогору болорун, курулуш эмдиги жылы толук бүтөрүн айтты.

Советбек мырза андан ары жаза аткаруу мекемелеринин бир тобу шаарыбыз кеңейген сайын түрмө жайлары шаар ичинде кала берген бойдон келатканын, негизи эле түрмө деген шаардан алыс, чет жакта болушу керектигин, эми жаңы долбоорго ылайык, убактылуу кармоочу жайларды куруп бере турган капчыктуулар чыкса, шаардын борборунда жайгашкан мекемелерди бошотуп бергенге даяр экендиктерин, азыр Ички иштер министрлиги үй куруп жатканын, ал бүткөндөн кийин тиешелүү квартираларды аларын, үйдүн кезегинде тургандардын саны 700дөн ашык экенин кеп кылды.

“Айат” гезитинин бул санына Маданият министри Алтынбек Максүтов маек куруп, жер-жерлерди кыдырып, маданият кызматкерлери жана маданий мекемелердин ал-абалы, шарты менен таанышып жатканын белгиледи.

“Азия ньюс” гезити “Казакстандын электр энергиясын сатып алууда коррупциялык схема барбы? деген макала менен бүгүнкү санын ачып, көмүрдүн баасы кымбат болуп, элдин басымдуу бөлүгү баягыдай эле үйлөрүн электр менен жылытууга күч жумшарын, светтин баасынын өсүшү менен эл керектөөчү товарлардын да баасы өсөрүн, Казакстандан электр энергиясын сатып алуунүн өзүндө кандайдыр бир түшүнүксүз, коррупциялык схемалардын да бар болушу мүмкүндүгү суроо бойдон калып жатканын, буга тажрыйбалуу депутат Жылдыз Жолдошева да шек санап турганын кыйытты.

XS
SM
MD
LG