Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:40

Генерал президенттикке жарайбы?


Суваналиевдин Бишкек шаардык кеңешине болгон шайлоодогу жарнагы. 6-ноябрь, 2012-жыл

Суваналиевдин Бишкек шаардык кеңешине болгон шайлоодогу жарнагы. 6-ноябрь, 2012-жыл

Бүгүн бир катар гезиттер “Кумтөр” маселесин жазып чыкты.

“Азия ньюс” гезити депутат Ташболот Балтабаевдин “Оппозициянын арты таза болуш керек” деген интервьюсун, Ички иштер министри Мелис Турганбаевдин эки беттен турган көлөмдүү маегин, Кыргыз эл артисти Саламат Садыкованын “Үй алууга чогулткан акчамды уурдап кетишти” деген интервьюсун басты.

Саламат Садыкова, маегинде бул ишти министр Мелис Турганбаев өз көзөмөлүнө алганын, акчасын үйүнө сактабай банкка салып койбогонуна эми өкүнүп жатканын, азырынча деги эле эч кимден шек санабасын, болгону үйүнө дасыккан уурулар киргени көрүнүп турганын, бардык үмүтү эми милицияда калганын айтты.

Ушул эле гезит “Мелис Эшимканов атындагы жылдын мыкты журналисттерине сыйлык тапшырылганын, быйылкы жылдын мыкты журналисттери болуп "5-каналдагы" "Жайлоо" деген теледолбоордун авторлору Евгений Печурин менен Лена Нечаева табылганын, аларга Мелис Эшимканов атындагы фонддун 100 миң сом акчалай сыйлыгы ыйгарылганын маалымдады.

“Азия ньюс” басылмасы бул санында “Генерал Суваналиев - биздин президент” деген баш тема менен жети генералдын ой-пикирин басты. Алар Болот Жанузаков, Бакирдин Субанбеков, Ашырбек Бакаев, Токон Мамытов, Артур Медетбеков, Марат Иманкулов жана Мукар Чолпонбаев.

“Асман плюс” гезити “Алтын-капас артындабы? Же улутташтыруунун күнгөй-тескейи” деген макаласын сунуш кылды. Эл аралык сотко чейин кеткен алтын кени жөнүндө сөз болгон макалада ызы-чуу салып олтуруп алгандан көрө эбак биргелешкен ишкана ачсак болмоктугун, бир канча күн мурун президент Алмазбек Атамбаев билдиргендей, парламент керемет мүмкүнчүлүктү колдон учурганын, божомолдорго караганда муну өлкөдөгү абалдын тынч болушун каалабагандар же биргелешкен ишкананын активинин көбүрөөк бөлүгүнө ээ болгулары келген ач көздөр жасаганын белгилеп, маселенин чыныгы жагдайы өтө кейиштүү болорун жазып чыкты.

Гезит бул санына опера ырчысы, Кыргыз эл артисти Эсен Нурмамбетованын “Апам Сейилкан орус айылдаштарынын сүйүктүү ырчы кызы болгон” деген маегине окурман көңүлүн бурду. Айтылуу ырчы бүгүн жылдыз болом деп аткан жаштарга кайрылып, кандай талантың болбосун чыныгы эмгек жана билими жок алыска узай албасын жана ийгиликке толук жете албасын айтып, кеңешин берди.

“Асман плюстун” бул санында сандан-санга жарыяланып келаткан "Манас" изилдөөчү Темирбек Токтогазиевдин “Айкөл Манас-тарыхый инсан” аттуу макаласынын корутунду бөлүгү басылып чыкты. Редакция кийинки санда автордун “Тибеттик кыргыздар” деген макаласы жарыялана баштарын жар салды.

“Айат” гезити саясий серепчи Марат Казакбаевдин “Кумтөр голд” ишканасын өз алдынча иштете албайбыз” деген маегине көңүл бурду. Ал Кумтөр маселесин өкмөт чече аларын, меморандум боюнча декабрь, январь айында келишимге келсек, бизге чоң пайда алып келерин, ал эми “Ата Мекен” партиясы эч аргументи жок эле улутташтырабыз деп жатканын, Ишенбай Кадырбеков адистерибиз бар дегенин, бирок Ишенбай деген тоо-кен адиси эместигин, бул деген жөн эле саясий пиар, популизм, керек болсо реклама экенин, азыркы учурда "Кумтөр голд" ишканасын өз алдынча иштете албастыгыбызды белгиледи.

“Мындан ары кандай болушу мүмкүн?” деген суроого Марат Казакбаев, Канада тарап эл аралык сотко берерин, жоготуу чоң болорун, 3 млрд. долларга жыгылышыбыз мүмкүндүгүн, Кыргызстан мындай сумманы төлөй албастыгын, аны менен мамлекеттин авторитети түшүп, инвестор деген келбей каларын, шайлоо болсо жакындап келатканын, дүйнөлүк практикада улутташтырабыз деп соттон жеңилип, азыркыга чейин кутула албай келаткан өлкөлөр бар экенин эске салды.

“Тил жана маданият” гезитинин жаңы саны да бүгүн жарыкка чыкты. Жазуучулар союзунун мүчөсү Жээнбай Түрктүн “Кыргызстан жазуучулар союзуна 80 жыл. Кыргызстан жазуучулар уюму керекпи, же?” деген макаласы окурмандардын ой элегине коюлду. Аталган гезит буга чейин “Беш өрдөк”, “Кызыл топ”, “Күтүүсүз сапар”, “Чоң атамдын жомогу” деген китептерин басмадан чыгарган балдар акыны Ахмедулин Нургазы Миңкара уулунун балдарга арналган жаңы ырларын белек кылды.

Ушул эле санга гезит жазуучу Султан Раевдин Чыңгыз Айтматов менен көзү тирүүсүндө алып калган маегин жарыялай баштады. Кыргыз эл сүрөтчүсү Батыр Жалиловдун чыгармачылыгы тууралуу акын Тазагүл Закированын “Сүйлөгөн сүрөттөр” деген баяны жарык көрдү. Кыргыз эл артисти Жамал Сейдакматованын “Сахна адамы эмес башкалар жылдыз болуп кетишти” деген маеги да ушул санда.

Гезит “Ак санат” ЛИНГВО маданий-агартуу коомунун төрайымы Ленара Ниязбекованын “Келгиле, кыргызча сүйлөшөбүз” деген сабагын улантууда.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG