Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:35

Тасмада "жаңы каармандар"


Бүгүнкү баяныбыз интернет булактарынан болмокчу. Кыргызстанга саясаттын күзү табияттын күзүнөн мурунураак келгени калды окшойт.

“24kg” маалымат агенттигине жазган макаласын журналист Асел Оторбаева: “Оппозиция. Kg: просто налей воды” деген ат менен жарыялады.“Ошентип коомчулук жетиөгүздүк “робингуддардын” жасаган кылыгын жакшылап “мүлжүп” бүтө электе Мамлекеттик коопсуздук комитети болочок электораттын алдына дагы бир “кинону” тартуулап салды. Видеонун бул жолку каарманы Эрланбек Өмүралиев деген жигит болду” деп жазган автор ал бул ирет бийликтин каршылаштары тарабынан даярдалып жаткан укмуштуу сценарий жөнүндө айтып бергенин эске салып, андагы жасала турган үч окуяны алдыга тартканын шардана кылды.

Биз мунун баарын кайталап олтурбайлык, аны угармандарыбыз өлкөнүн Коомдук 1-каналынан толук көрдү болуш керек.

Ушул эле маалымат агенттиги белгилүү теолог Кадыр Маликовдун ушул көрсөтүүгө байланыштуу пикирин сураганда эксперт даярдалып аткан сценарийде “Хизб-ут-Тахрирдин” да аты аталганын, бирок ишмердигине тыюу салынган бул диний уюм өзүнүн борборунан атайылап тапшырма алмайын светтик түзүлүштүн саясатчылары менен эч кандай байланышка барбай тургандыгын, анткен менен бул сценарийге курал болгондор партия диний партия эмес, башка бипр топтордун атынан чыккандар болушу мүмкүндүгүн, коомчулукта Борбордук Азияны башаламандыкка алып баргысы келген белгилүү саясый күчтөр бар экенин, алар негизинен энергетика тармагы жана “Манастагы” базаны бутага алуу менен максаттарын жүзөгө ашыруу үчүн айрым бир диний кыймылдарды курал катары пайдаланарын жокко чыгарган жок.

Коомдук каналдагы УКМКнын видеосун оппозициядагы саясатчы Аликбек Жекшенкулов “Азаттыкка” берген маегинде карандай калп, жалган жалаа деп атады. Жекшенкулов өткөнүн эске салып, анын оозун Бакиевдин тушунда да жапкысы келгендер болгонун, Соң-Көлдөгү курултайда оппозициянын планы талкууланбаганын, өзү закон менен гана жашаган адам экенин, бийликтин ушундай деңгээлге чейин түшкөнү уят иш болгонун, ошондой эле Эрланбек Өмүралиев анын тууганы эместигин айтты.

Дагы бир оппозиционер Садыр Жапаров атайын кызматтын бул көрсөтүүсүн “фантастика” жана “кара пиар” деп атап, эл оппозицияны жети желмогузундай көрүп калуу үчүн жасалган иш экенин билдирди.

Анткен менен айрым адамдардын пикири мындай эмес. Маселен Жогорку Кеңештин депутаты Кенжебек Бокоев “Акипресс” агенттигине берген маегинде: “Эгер видеодогулар аныкталчу болсо, аны уюштургандар жөн эле катардагы оппозиционер эмес террорчулар болот, анткени кылымдардан бери элди-жерди багып келаткан Нарын дарыясын ууландырып жок кылуу деген ой бул төбө чачты тик тургузган, террорчулардын гана колунан келе турган иш” деп айтты.

Эми баяныбызды “Акипресс” маалымат агенттигиндеги айрым бир башка маанидеги кабарларга буралы. Президенттин Аппарат башчысы Данияр Нарымбаев Бишкекте өткөн тегерек үстөлдөгү жыйында анын катышуучуларынын көңүлүн Кыргызстанда өтүүчү шайлоолордун негизги эки проблемасына бургандыгы тууралуу кабар тарады. Биринчиси - шайлоочулардын так тизмелерин түзүү, экинчиден добуштарды уурдатпоо. Нарымбаев ошону менен бирге эле ушул күздө Борбордук шайлоо комиссиясы 2015-жылга карата жаңы технологиялар ишке киргизилерин жана шайлоолорду өткөрүү боюнча коомдук диалог болорун жар салды деп маалымдады аталган агенттик.

Саясат иликтөөчү Тамерлан Ибраимовдун ушул эле агенттикке коррупция боюнча күрөштү талдоого алган макаласы жарык көрдү. Кыргызстандын жогорку бийлиги коррупция менен күрөшүп жатканын коомчулуктун кулагына күн сайын куюп келатканын, чынында эле кылмыш иши козголгондордун, камалгандардын аты дүңкүлдөп күнү куру эмес угулуп жатканын, бирок коррупция деген балакет биздин турмуштун бардык тармагынан чыгып кетейин деген түрү жоктугун, аны көргөн элдин бийликке болгон ишеними аябагандай эле аз болуп атканын жазып чыкты.

Тамерлан Ибраимов андан ары мамлекетке болгон элдин ишенимин ири алды менен так ошол такта олтурган бийлик өкүлдөрү өздөрү кетирип жатканын, мыйзамды бузуп аткандар да так ушулардын өздөрү экенин, бийлик коррупция менен күрөштү адегенде так ушундайларды “жок кылуудан” башташы зарылдыгын, бул үчүн чиновниктердин тапкан кирешеси тууралуу декларацияны кабыл алуу керектигин белгиледи.
XS
SM
MD
LG